# 103-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн продуктуларынын иштелип чыгуу ченеми

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 103-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-103

---

1. Продуктулардын иштелип чыгуу ченеми (чет өлкөлүк товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык мазмуну) бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан аныкталат жана кайра иштетүү жүзөгө ишке ашырылып жаткан иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын бажы органына макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпаттамасы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченеми белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөзгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү операциялары адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлгөн жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктуларынын чыгышына алып келген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы иштелип чыгуунун стандарттык ченемдерин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемин белгилөөдө Кыргыз Республикасынын бажы органы эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эсепке алат.

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-104)
