# 102-берене. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 102-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-102

---

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 240, 244-беренелеринде каралган, Бажы аймагындагы товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ болуп бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде товарлар бажы аймагында кайра иштетүүнүн жол-жобосуна ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан киргизилсе, бажы аймагында кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ катары, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жана Кыргыз Республикасынын бажы органынын ортосунда түзүлгөн, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган макулдашуу бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камтылган шартта колдонулушу мүмкүн.

3. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-103)
