# 101-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 101-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-101

---

1. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттары, товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтү, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү боюнча операциялар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 239, 240, 241, 243-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизүү үчүн бажылык декларация товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат алган жак же товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды тикелей ишке ашыруучу жак тарабынан берилет.

3. Чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 242-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтүн аныктоонун жана узартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-102)
