# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52 "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 1-берене (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-1

---

Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы бирлигинин органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатындагы чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;

2) товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;

3) бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү;

4) товарларды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу менен байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын, бажылык иш-аракет чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ташылып чыккан жана Кыргыз Республикасына ташылып келген товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

5) тышкы экономикалык иш-аракетти жана тышкы соода иш-аракетин, бажы иши жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-2)
