# Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5188/edition/947645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205436

---

КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 52 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 31-декабры № 184 Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## I бөлүм. Жалпы жоболор

## 1-глава. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө жалпы жоболор

### [1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-1)

Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы бирлигинин органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатындагы чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;

2) товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;

3) бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү;

4) товарларды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу менен байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын, бажылык иш-аракет чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ташылып чыккан жана Кыргыз Республикасына ташылып келген товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

5) тышкы экономикалык иш-аракетти жана тышкы соода иш-аракетин, бажы иши жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

### [2-берене. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жана бажы иши](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-2)

1. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу - бул, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасында товарларды которуштурууга, аларды бажылык контролдоо менен Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагы (мындан ары - Бажы бирлигинин бажы аймагы) боюнча ташууга, аларды бажылык жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого, чыгарууга жана пайдаланууга, бажы контролун жүргүзүүгө, бажы төлөмдөрүн төлөөгө байланышкан мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын (мындан ары - бажы органдары) жана жогоруда көрсөтүлгөн товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу жактардын ортосундагы бийликтик мамилелерди укуктук жөнгө салуу.

2. Бажы иши Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.

### [3-берене. Бажы иши жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-3)

Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу менен байланышкан укуктук мамилелер Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана төмөнкүлөрдөн турат:

1) ушул Мыйзамдан;

2) кабыл алынуусу ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылардан.

Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

### [4-берене. Бажы мыйзамдарынын мезгил аралыгында колдонулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-4)

1. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда артка карай колдонулбайт.

2. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актыларынын жактардын абалын жакшырткан жоболору, эгерде актыда түздөн-түз каралса, артка карай колдонулат.

3. Эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары расмий жарыяланган күндөн кеминде 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

### [5-берене. Бажы ишине жетекчилик кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-5)

1. Бажы ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.

2. Бажы ишине түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жана Кыргыз Республикасынын өзүнө баш ийген бажы органдары аркылуу ишке ашырат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюштуруу-укуктук статусу жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

### [6-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-6)

1. Мамлекеттик органдар жана жактар бажы органдарына ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык берген маалыматтар бажы максаттарында гана, анын ичинде укук бузууларга бөгөт коюу үчүн пайдаланылат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана алардын кызмат адамдары ушул берененин 4-пунктунда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматты, ошондой эле коммерциялык, банктык, салыктык маалыматты же мыйзам менен корголуучу башка сырларды жана башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга, же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.

3. Коммерциялык сырды түзгөн же купуя болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органы жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй мамлекеттик органдарына маалымат беришет:

1) укук коргоо органдарына - бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон кылмыш-жаза иштери боюнча гана;

2) сотторго, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талап кылуусу боюнча;

3) банкроттуктагы иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга) - алардын Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, банкроттук процесс козголгон субъекттер боюнча гана;

4) салык кызматынын органдарына - алардын ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган милдеттерин аткаруу максатында;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз Республикасынын алардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген учурларда;

6) башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык.

7) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында.

5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга жатпайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [7-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-7)

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

1) ички салыктар - Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө алына турган кошумча нарк салыгы жана акциздер;

2) товарды убактылуу (шарттуу) баалоо - товардын декларант көрсөткөн бажылык наркын тактоо мезгилинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары декларант тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органына чегерилген депозиттин өлчөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган товардын бажылык наркы;

3) контрафакттык товарлар - автордук укуктун жана чектеш укуктун, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарына укуктардын объекттерин камтуучу товарлар, эгерде мындай товарларды даярдоо, аларды бажы чек арасы аркылуу которуштуруу жана бажылык контролдо турган товарлар менен башкача аракеттерди жасоо укук ээсинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголгон укуктарын бузууга алып келсе;

4) жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары - товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча чараларды, лицензиялоону, квоталоону, экспорттук контролдоо чараларынын системасын, стандарттарга жана товарлардын коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келгендикти ырастоону кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана андан алып кетүүгө тыюу салуулар жана чектөөлөр жана сакталышына контролду бажылык чек ара аркылуу товарларды которуштурууда Кыргыз Республикасынын бажы органдары жүзөгө ашыруучу башка тыюу салуулар жана чектөөлөр;

5) Кыргыз Республикасынын бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүүчү жер - ушул Мыйзамда каралган бажылык жол-жоболорду жүргүзүүчү жер катары Кыргыз Республикасынын бажы органдары аныктаган аймак (аймактын бөлүгү), үстү ачык же жабык орун-жайлар;

6) товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз которуштуруу - товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келүү же ал аймактан алып кетүү боюнча аракеттерди жасоо;

7) өткөрмө пункттун бажылык инфраструктурасынын объекттери - контролдоочу органдардын иштөөсүнө, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарын социалдык жактан тейлөөгө, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактарды, товарларды жана транспорттук каражаттарды которуштуруу үчүн шарттарды түзүүгө арналган имараттар, курулмалар, курулуштар, өткөрмө пункттун аймагы;

8) өзгөчө экономикалык зоналар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүндө эркин экономикалык зоналарды, эркин бажылык зоналарды камтуучу зоналар;

9) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн да, түзбөгөн да, жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жактар-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталган жеке жактар-резиденттер;

10) товарларды жана (же) транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажылык чек арасы аркылуу которуштуруу - товарларды жана (же) транспорт каражаттарын кандай ыкма менен болбосун, анын ичинде эл аралык почта жөнөтмөлөрү менен жиберүү, куурдук транспортту жана электр берүү линияларын колдонуу менен Бажы бирлигинин бажылык аймагына алып келүү же аймактан алып кетүү боюнча аракеттерди жасоо.

Аталган аракеттерге төмөнкүлөр кирет:

- Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды алып келүү - бажы чек арадан товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды иш жүзүндө алып өтүү, Кыргыз Республикасынын бажы органдары чыгарганга чейин товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган андан кийинки аракеттер;

- товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды Бажы бирлигинин аймагынан алып кетүү - бажылык декларацияны берүү же болбосо товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды алып кетүүгө түздөн-түз багытталган башка аракеттер;

11) укукка ээ болуучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектисине карата укукка ээ болгон жак;

12) интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарууну токтото туруу - интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарлардын чыгарылышын же шарттуу чыгарылышын Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кийинкиге калтыруу;

13) өткөрмө пункт - Бажы бирлигинин бажылык чек арасынын Кыргыз Республикасынын аймагында турган, бажылык инфраструктурасы бар, Бажы бирлигинин бажылык чек арасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсүнө арналган, темир жол, автомобиль жана аба катнаштарынын чегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталган участогу;

14) Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аракеттерин тариздөө, бул аркылуу жекече номерлүү мөөрлөрдү жана штамптарды коюу же белгилүү бир чечимдерди жазуу жүзүндө чыгаруу жолу менен, ушул Мыйзамда каралган белгилүү бир операцияларды жасоого мүмкүндүк берүү;

15) бажылык текшерүү - Бажы бирлигинин бажылык чек арасы аркылуу товарларды которуштурууда жактар тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын бухгалтердик эсеп, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтери жана субъекттин экономикалык (ишкердик) иш-аракетине тийиштүү болгон башка документтер менен салыштырып текшерүү үчүн бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар;

16) бажылык нарк - адвалордук ставкалар (коюмдар) боюнча бажы алымдарын, салыктарды жана бажы жыйымдарын эсептөө үчүн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык аныкталуучу товар наркы;

17) Кыргыз Республикасынын бажы органдары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты, бажыканалар жана башка бөлүктөр;

18) бажы төлөмдөрү - Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, ушул Мыйзамга жана салык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар;

19) бажылык максаттар - бажы мыйзамдарынын сакталышын Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык камсыз кылуу;

20) бажы контролунда турган товарлар - ички керектөө үчүн чыгарылганга, алып кетүүдө же жок кылууда иш жүзүндө бажылык чек арадан өткөнгө чейин Бажы бирлигинин аймагына алынып келген чет өлкөлүк товарлар, ошондой эле Бажы бирлигинин аймагынан алып кетүүдө бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөнгө чейинки ата мекендик товарлар;

21) транспорттук каражаттар - адамдарды акы алып ташуу үчүн же болбосо товарларды акы алып же акысыз түрдө өнөр жайлык же коммерциялык ташуу үчүн пайдаланылуучу кайсы болбосун транспорттук каражаттар (чиркегичтерди, жарым чиркегичтерди жана комбинацияланган транспорт каражаттарын кошуп алганда), ошондой эле алардын демейдеги запастык бөлүктөрү, шаймандары жана жабдуулары, алардын кадимки бактарындагы күйүүчү-майлоочу материалдар жана, эгерде транспорт каражаттары менен бирге ташылып жатса, белгиленген көлөмдөгү күйүүчү зат;

22) шарттуу бошотуу - бажы төлөмдөрүн төлөөдөн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык бошотуу;

23) товарларды жоготуп коюу - товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө ушул Мыйзамга ылайык товарлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жактардын иш жүзүндөгү ээлик кылуусунан товарлардын чыгуусу, анын ичинде үчүнчү жактардын уурдашынын же башка укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында чыгуусу.

2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык болгон, ушул Мыйзамда аныкталбаган терминдер ушул Мыйзамда Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзүүчү эл аралык келишимдерде аныкталган мааниде колдонулат.

3. Башка бардык терминдер ушул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [8-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилелери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-8)

1. Кыргыз Республикасынын Бажы бажылык тариздөөнү жана бажылык контролду жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында органдары тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди карманат.

2. Бажы операцияларын жүзөгө ашыруунун кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү жагында, ошондой эле тышкы соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана өз ара аракеттешүү төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы экономикалык иш-аракеттин, анын ичинде экономиканын айрым тармактарынын өнүгүүсүнүн финансылык, экономикалык, социалдык жана башка көрсөткүчтөрүн талдоого катышуу;

3) бажылык администрациялоо чараларын колдонуунун натыйжалуулугун баалоого катышуу;

4) бажы ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн даярдоо.

## 2-глава. Бажы ишиндеги маалыматтык тутумдар жана маалыматтык технологиялар

### [9-берене. Маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-9)

1. Ушул Мыйзамда каралган бажы операцияларын жүргүзүү маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды, анын ичинде маалыматтарды берүүнүн электрондук ыкмаларына негизделген тутумдарды жана технологияларды, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттарын пайдалануу менен, ушул главага ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы ишинде маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу болууга тийиш.

3. Эсептөө техникасынын жана байланыштын каражаттарын пайдалануу менен маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды киргизүү тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет, алар аталган продукцияларга карата өз компетенциясынын чектеринде менчик укугун жүзөгө ашырат.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде жүргүзүлөт.

6. Бажы ишинде колдонулуучу, үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар жана алардын камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык келүүгө жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы операцияларын жүргүзүүдө пайдалануучу ушундай продукцияларга шайкеш келүүгө тийиш.

7. Маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттарын бажы максаттары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бул продукцияны колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [10-берене. Маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын сертификаттоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-10)

1. Маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте сертификатталууга тийиш.

2. Сертификатталган маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга, ошондой эле сертификатталбаган тутумдан алынган маалыматты пайдаланууга байланышкан тобокелчилик жүктөлүүчү жактардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

### [11-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-11)

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтерден жана маалыматтардан, ошондой эле аларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерден түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары деп документтештирилген маалыматтын уюштурулган жыйындысы түшүнүлөт, ал өзүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарында түзүлүүчү, кайра иштетилүүчү жана топтолуучу дайындар базасын жана башка маалымат массивдерин камтыйт.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына киргизилет жана бул органдардын компетенциясына ылайык алардын карамагында болот.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынын укуктук режими, анын ичинде маалыматты документтештирүүнүн тартиби, аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда, берилиши ушул Мыйзамда же ал аныктаган тартипте каралган документтер, анын ичинде бажылык декларация маалымат алмашуунун электрондук ыкмалары аркылуу, аларды документтештирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды сактоо менен берилиши мүмкүн.

5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын маалымат, маалыматташтыруу жана маалыматты коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда документтештирилген маалыматты милдеттүү түрдө берүүнүн негизинде мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү учурларына карата жайылтылбайт.

### [12-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-12)

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Маалыматка жеткиликтүүлүк чектелбеген учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынан алууга укуктуу жана алардан суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.

3. Жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстардан маалыматтарды алуунун тартиби, аны алуунун орду, убактысы, негиздери жана шарттары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү укугу терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилет.

### [13-берене. Маалыматты, маалыматтык процесстерге жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-13)

1. Маалыматты, маалыматтык процесстерге жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сертификатталууга тийиш болгон маалыматтык тутумдардын жана маалыматтык технологиялардын камсыздоо каражаттары менен шайкеш келген маалымат коргоонун атайын программалык-техникалык каражаттарын киргизүү жана пайдалануу менен камсыз кылынат.

2. Маалымат коргоо каражаты менен камсыздалган маалымат коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына шайкеш келүүгө тийиш. Маалымат коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин Кыргыз Республикасынын карамагында маалымат ресурстары болгон бажы органдары камсыз кылат.

3. Маалымат коргоого жана маалымат коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

### [14-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын эл аралык маалымат алмашууга катышуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-14)

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка бажы органдары чет мамлекеттердин бажы органдары, ошондой эле, өз компетенциясынын чегинде - башка органдары жана уюмдары менен, эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана эл аралык келишимдеринде аныкталуучу тартипте жана шарттарда эл аралык маалымат алмашууга катышат.

## 3-глава. Бажы иши жагында маалымат жана консультация берүү

### [15-берене. Кабыл алынган чечимдин, жасалган аракеттердин же аракетсиздиктин себептери жөнүндө маалымат алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-15)

Кыргыз Республикасынын бажы органы же болбосо анын кызмат адамы тарабынан өзүнө карата чечим кабыл алынган же аракет жасалган жак, ошондой эле өзүнө карата чечим кабыл алынбаган же болбосо жасалууга тийиш болгон аракет белгиленген мөөнөттө жасалбаган жак, эгерде аталган жагдайлар жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын түздөн-түз жана жекече козгосо, Кыргыз Республикасынын бул бажы органына чечим кабыл алынган, аракет жасалган же болбосо чечим кабыл алуунун же аракет жасоонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө, кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин же болбосо чечимди кабыл албоонун же аракетти жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу. Суроо-талап Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан токтоосуз каралууга жатат. Суроо-талап жазуу жүзүндө берилгенде жооп да жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

### [16-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-16)

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтардын бардык кызыкдар жактарга тоскоолдуксуз, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу аркылуу жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы иши тармагындагы укуктук актыларга киргизилген күчүнө кире элек өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтардын, ченемдик укуктук актылардагы өзгөртүүлөр тууралуу алдын ала кабарлоого жол берилбеген учурларды кошпогондо, бардык кызыкдар жактарга жеткиликтүү болушун, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу аркылуу жеткиликтүү болушун камсыз кылат.

### [17-берене. Бажы ишинин маселелери жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-17)

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы ишинин маселелери жана бул органдардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте консультация берет.

Бажы ишинин кызыкдар жак тарабынан коюлган маселелери боюнча маалыматтар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берилет.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары консультацияларды оозеки жана жазуу жүзүндө акысыз берет.

3. Консультация өткөрүүдө кызыкдар адамдарга берилген маалыматтар товарларга жана транспорттук каражаттарга карата бажылык операциялар жүргүзүлгөндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын чечим кабыл алуусу же аракеттерди жасоосу үчүн негиз болуп саналбайт.

## 4-глава. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракетти жөнгө салуу

### [18-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракеттин жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-18)

1. Ата мекендик юридикалык жактардын убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээси жана бажылык ташуучулар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажылык өкүлдөр катары иш-аракет жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине, бажылык ташуучулардын реестрине, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине, бажылык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген шартта жол берилет.

Эркин кампанын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жактарды эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, эркин кампанын ээсин мындай реестрден чыгаруунун негиздери жана мындай реестрден чыгаруунун тартиби, ошондой эле эркин кампанын ээси катары иш-аракетин токтото туруунун жана аны кайра жандандыруунун тартиби, эркин кампалардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин туруктуу түрдө, кеминде үч айда бир жолу өзүнүн расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга;

- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин Бажы бирлигинин органына берүүгө.

### [19-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн жана реестрден чыгаруунун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-19)

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жак тарабынан берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Арызга ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган документтердин түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу. Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө ал берген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими түрүндө, жазуу жүзүндө таризделет жана мындай реестрге киргизилгендиги жөнүндө акысыз негизде берилүүчү күбөлүк менен ырасталат.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жакты реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечим тиешелүү арызды берген жакка гана карата анык болот жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.

4. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн, реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүктү кайра артка алуу жөнүндө арыздын негизинде же ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

### [20-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-20)

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) арыз берүүчүнүн аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар;

- өзүнүн иш-аракет жүргүзүү чөлкөмүн Кыргыз Республикасынын бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) иш-аракет чөлкөмүнүн алкагы менен чектөөгө же болбосо өзүнүн иш-аракет чөлкөмүн чектебөөгө ниеттенгендиги жөнүндө маалыматтар.

2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жалпы маалыматтардан сырткары, арыз берүүчү төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

а) убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын тиби жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жабык типтеги кампа түзүлгөн учурда - негиздемени;

б) арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган орун-жайлар жана (же) ачык аянтчалар, алардын жайгашкан жери, жайгарылышы, жабдуулары жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтарды;

2) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө:

а) арыз берилген учурга карата алымсыз соода-сатык дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу орун-жайлардын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;

3) бажылык өкүл катары иш-аракетти жүзөгө ашырууда:

а) өз иш-аракет жүргүзүү чөйрөсүн Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын белгилүү бир түрлөрүнө карата же болбосо транспорттун белгилүү бир түрлөрүндө бажылык чек ара аркылуу которуштурулуучу товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен чектөөгө, ошондой эле айрым бир бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) иш-аракет чөлкөмүнүн алкагында, же болбосо мындай чектөөлөрсүз жүргүзүүгө ниеттенгендиги жөнүндө маалыматтарды;

4) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) жүктөрдү ташуу боюнча иш-аракет жүргүзүүнүн мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;

б) өз ээлигинде турган, бажылык жүк ташуучу катары иш-аракетти жүзөгө ашырууда колдонуу болжолдонгон транспорттук каражаттар, анын ичинде бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга жарактуу транспорттук каражаттар жөнүндө (жалпы саны, техникалык мүнөздөмөлөрү) жөнүндө маалыматтарды;

5) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды.

3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана бажы алымысыз соода-сатык дүкөнү катары колдонууга арналган, аймактык жактан өзүнчө ар бир орун-жайга жана (же) аймактык жактан өзүнчө ар бир ачык аянтчага карата бажы ишинин чөйрөсүндөгү иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө өзүнчө арыз берилет.

### [21-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-21)

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;

2) жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

3) ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастоочу документтер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы документтерден сырткары арыз берүүчү төмөнкүдөй кошумча документтерди берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

а) убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган орун-жайлардын жана (же) ачык аянтчалардын пландары жана чиймелери;

б) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишими же аймакка (аянтка) жана орун-жайларга ээлик кылуу укугун ырастоочу башка документтер;

в) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларга карата чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер;

г) ушул Мыйзамдын 40-главасына ылайык бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ;

2) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө:

а) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүү үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же орун-жайларга ээлик кылуу укугун ырастоочу башка документтер;

б) мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода-сатык дүкөнүн ачуунун мүмкүндүгү жөнүндө ырастамасы;

в) алымсыз соода-сатык дүкөнү катары колдонууга арналган орун-жайлардын пландары жана чиймелери;

г) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларга карата чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер;

д) ушул Мыйзамдын 40-главасына ылайык бажы алымдарынын, салыктардын төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ;

е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чекене соода-сатыкка карата каттоо жана уруксат берүү документтери;

3) бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) арыз берүүчүнүн кызматкерлери болуп саналган бажы операциялары боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрү;

б) бажы операциялары боюнча адис катары жумушка кабыл алуу жөнүндө эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ жана (же) бул адамдын бажы операциялары боюнча адис катары чыгууга ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;

в) арыз берүүчү өз иш-аракетин жүргүзүүнү болжолдогон ар бир регион боюнча бажы операциялары жагындагы адистердин бар экендиги жөнүндө документ. Эгерде жак өз иш-аракетин региондор боюнча кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүргүзүүнү пландаса, мындай учурда арыз берүүчү бажылык өкүл катары өз иш-аракетин алар аркылуу жүргүзүүнү пландап жаткан филиалдар жана алардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды арыз берилген күнгө карата берет;

г) бажы алымдарын, салыктарды Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 13-беренесинин 3-пунктчасында суммадан кем эмес суммада төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ;

4) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү Бажы союздун Бажы кодексинин 39-беренесинин 1-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан кем эмес суммада камсыз кылууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка кредиттик уюмдардын Реестрине киргизилген банк тарабынан берилген банк кепилдиги түрүндө ырастоочу документ;

б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык карызынын (бересесинин) жок экендиги жөнүндө документ;

в) бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары берген маалыматтарды жана чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берген, товарларды эсепке алуу системасынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;

г) кампа катары колдонууга арналган орун-жайлардын жана (же) ачык аянтчалардын пландары жана чиймелери;

д) аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишими же аймакка (аянтка) жана кампа орун-жайларына ээлик кылуу укугун ырастоочу башка документтер;

е) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларга чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө документ.

5) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) жүктөрдү ташуу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия, эгерде иш-аракеттин мындай түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланса;

б) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө пайдалануу болжолдонгон транспорттук каражаттарга ээлик кылуу укугун ырастоочу документтер;

в) бажы алымдарын, салыктарды Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 19-беренесинин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан кем эмес суммада төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [22-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-22)

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

а) убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болушу (ушул Мыйзамдын 65 жана 96-беренелери);

б) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүү үчүн аймакты (аянтты) жана орун-жайларды пайдалануу, ээлөө же тескөө укугу. Мында убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишимин колдонуунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып кеминде үч жылды түзүүгө тийиш;

в) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынышы;

г) бажылык контролдо турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу;

д) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

е) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

2) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө:

а) алымсыз соода-сатык дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу орун-жайлардын бар экендиги (ушул Мыйзамдын 149-беренеси);

б) алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн орун-жайларды пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укугу. Мында алымсыз соода-сатык дүкөнү катары пайдаланууга арналган аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишимин колдонуунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып кеминде үч жылды түзүүгө тийиш;

г) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынышы;

д) бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарын колдонуу;

е) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

ж) арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

3) бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) ушул Мыйзамдын 231 жана 232-беренелерине ылайык штатында бажы операциялары боюнча квалификациялык күбөлүк алган кеминде эки адистин болушу;

б) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу;

в) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынымы;

г) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

д) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

4) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка кредиттик уюмдардын Реестрине киргизилген банк тарабынан берилген банктык кепилдикти камсыз кылуу;

б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күндөн тартып кеминде бир жыл тышкы экономикалык ишти жүргүзүү;

в) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин жок экендиги;

г) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык карыздардын (береселердин) жок экендиги;

д) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганга чейин бир жылдын ичинде бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

е) товарларды эсепке алуу тутумунун бар экендиги;

ж) декларациялоонун, бажы декларацияларын контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органдары колдонуучу программалык продуктуларга шайкеш келген программалык продуктуну милдеттүү түрдө колдонуучу тутумдун бар экендиги;

з) документтерди сактоо жана компьютердик системаны ага болгон адамдардын уруксатсыз кирүүсүнөн коргоо максатында коопсуздук боюнча маалыматтык технологиялык чараларды камсыз кылуу;

и) кампа катары пайдаланууга жарактуу орун-жайлардын жана (же) ачык аянттардын бар экендиги;

к) кампанын аймагын (аянтын) жана орун-жайларын пайдалануу, ээлөө жана тескөө укугу;

л) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

м) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

н) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу өлчөмдө, көз карандысыз аудитордук отчёт (аудитордук отчёттор) менен ырасталган юридикалык жактын толук түзүлгөн уставдык капиталы жөнүндө маалыматтын болушу;

5) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө;

а) ушул Мыйзамдын 56-беренесинде аныкталган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды жайлаштырууга жана жабдууга карата конкреттүү талаптарга жооп берген, бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлуу менен товарларды ташууга жарактуу болгон транспорттук каражаттарга ээлик кылуу;

б) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынымы;

в) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

г) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги.

д) бул жактын бажы органына кайрылган күнгө карата эки жылдан кем эмес мезгилде жүктөрдү ташуу боюнча иш-аракетти жүзөгө ашыруусу.

2. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси жана бажылык өкүл катарында иш-аракет жүргүзүү ал өкүлдүк кылган жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же ушул жактар менен келишимдерди бузуунун натыйжасында келип чыгуусу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Мында камсыздандыруу суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [23-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-23)

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим чыгаруудан төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгерде ушул главага ылайык талап кылынуучу бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган шарттарды сактабаса.

Арыз берүүчү ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтерди жойгон учурда арыз жалпы негиздерде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө кабыл алынган чечим жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүдөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баш тартуусу ушул Мыйзамдын XI бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

### [24-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулуу мөөнөтүн токтотуу жана чакырып алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-24)

1. Чоң зыянга учуратпаган бир жолку укук бузгандыгы үчүн, бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактын ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды аткарбагандыгы үчүн ушул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө жатат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө эскертүүгө учураган жак ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактын иш-аракетин үч айга чейинки мөөнөткө токтото турат.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтото турууга негиз болгон себептер четтетилген шарттарда кайра калыбына келтирилет. Чечимдин колдонулушу токтото турулган мезгилде:

1) товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода-сатык дүкөнүнө которуштурууга жол берилбейт;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүчү зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода-сатык дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;

3) бажы кампасында жана алымсыз соода-сатык дүкөнүндө товарларды сатууга тыюу салынат.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда кайра артка алынат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

а) кампанын ээси бажы ишинин чөйрөсүндө эки же андан көп жолу администрациялык укук бузганда;

б) соттун чечими боюнча;

в) кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

г) жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан уюштурулганда;

д) кампанын ээсинин бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра артка алуу тууралуу арызы боюнча;

е) бир жылдын ичинде убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын ээси катары чарба жүргүзүү иш-аракетин жүзөгө ашырбаганда;

ж) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракетти жүзөгө ашырган жактардын реестрине киргизүү шарттары сакталбаганда;

з) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 26-беренесинин 1-5, 7 жана 8-пунктчаларында каралган милдеттер убактылуу сактоо кампасынын ээси тарабынан сакталбаганда;

и) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 31-беренесинин 1-6, 8 жана 9-пунктчаларында каралган милдеттер бажы кампасынын ээси тарабынан сакталбаганда;

к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;

2) бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзүүдө;

а) эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажылык өкүлдүн милдеттерин аткарбаганда;

б) эгерде мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажылык өкүл бажы жол-жоболорун жүргүзгөн товарларды эсепке алуунун тартиби бузулганда;

в) бажы өкүлү бажы ишинин чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;

г) соттун чечими боюнча;

д) жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан уюштурулганда;

е) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра артка алуу тууралуу бажылык өкүлдүн арызы боюнча;

ж) өзү өкүлү болгон жактарга мыйзамда белгиленген тартипте далилденген зыян келтиргенде, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтиргенде;

з) бажылык өкүл кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа;

и) квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганда, анын ичинде эгерде квалификациялык күбөлүк кайра артка алынганда же анын колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу аны колдонуу токтотулганда, мындай иш-аракет жүргүзүү укугунан соттун актысынын негизинде ажыраганда;

к) бажы операциялары боюнча адис тарабынан бажы иши чөйрөсүндө кылмыш-жазалык-жазалануучу жосун жасалганда;

л) эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса, бир жыл бою бажылык өкүл катары чарба жүргүзүү иш-аракетин жүзөгө ашырбаганда;

м) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттары сакталбаганда;

н) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;

3) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө, эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса;

а) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси бажы ишинин чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;

б) соттун чечими боюнча;

в) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

г) жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан уюштурулганда;

д) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээсинин бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра артка алуу тууралуу арызы боюнча.

е) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасында каралган бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү шарттары сакталбаганда;

ж) ушул Мыйзамдын 150-беренесинде каралган милдеттерди алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси сактабаганда, мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулган болсо;

з) бир жылдын ичинде алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси катары чарба жүргүзүү иш-аракетин жүзөгө ашырбаганда;

и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;

к) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси тарабынан Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 36-беренесинде каралган милдеттер сакталбаганда.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайра артка алуу жөнүндө чечим кабып алуусу бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринен жактарды чыгарып салууга алып келет.

Кайра артка алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу тууралуу чечимди кабыл алган күндөн тартып колдонулат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу жөнүндө чечимди өзүнө карата бул чечим кабыл алынган жакка мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө, чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жеткирет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат алуу же бул чечимди алган фактыны жана датаны ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан качышca, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кайра артка алуу жөнүндө чечимди жакка кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө кабарлаган күн эсептелет.

5. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү тууралуу кайтадан берилген арыз кайра артка алууга негиз болгон себептер четтетилген шартта каралышы мүмкүн.

6. Ушул берененин колдонулушу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактарга жайылтылбайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [25-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтото туруу жана аны кайра артка алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-25)

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтото турулат:

1) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык оператор арыз бергенде;

2) бажы төлөмдөрү, салыктар жана туумдар боюнча карыздары бар болгондо - карызды төлөгөн учурга чейин;

3) кылмыш-жазалык иштер козголгон фактылар бар болгондо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы чечим чыгарылганга чейин;

4) бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык өндүрүш козголгон фактылар болгондо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы чечим чыгарылганга чейин.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.

2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кайра артка алынат:

1) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен аны чыгаруу жөнүндө арыз бергенде;

2) юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлганда;

3) юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра түзүлгөндө;

4) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде кылмыш-жазалык жоопкерчилиги бар болгондо;

5) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот чечиминин негизинде администрациялык жоопкерчилиги бар болгондо;

6) юридикалык жак кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыяласа.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайра артка алуу жөнүндө чечимди кабыл алуусу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринен жактарды чыгарып салууга алып келет.

Кайра артка алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып колдонулат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу жөнүндө чечимди өзүнө карата бул чечим кабыл алынган жакка мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө, чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жеткирет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат алуу же бул чечимди алган фактыны жана датаны ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан качышса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кайра артка алуу жөнүндө чечимди жакка кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө кабарлаган күн эсептелет.

4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө кайтадан берилген арыз, администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылган жактарды кошпогондо, кайра артка алууга негиз болуп кызмат кылган себептер жоюлган шартта каралышы мүмкүн.

### [26-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра тариздөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-26)

1. Жактын аталышын анын уюштуруучулук-укуктук формасын же жайгашкан жерин өзгөртүүгө алып келбегендей өзгөрткөндө же болбосо ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарды өзгөрткөндө бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү чечимди кайра кароо жөнүндө арызды, аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен берүүгө тийиш.

Чечимди кайра тариздөө жөнүндө арызды арыз берүүчү кайра тариздөө үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар пайда болгон учурдан тартып беш күндүн ичинде берет.

2. Чечимди кайра тариздөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурун чыгарылган чечим жана берилген күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери берилет жана берилген датасы көрсөтүлөт.

Күбөлүктү алганга чейин, кайра тариздөө мезгилинде, бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак мурун кабыл алынган чечимдин жана күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде иш-аракетин жүргүзөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечимди кайра тариздөө бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактан чечимди ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча кайра тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.

### [27-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-27)

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрин түзөт жана алып барат.

2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалымат таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсунда жайгаштырылат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалыматты мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого жол берилет.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри өзүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

1) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн номери жана датасы;

2) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган күбөлүктөр жөнүндө;

3) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурун берилген күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото турулушу жөнүндө;

4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги;

5) убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун кампалары жайгашкан жерлер жөнүндө;

6) бажылык өкүлдүн өзүнчөлөнгөн структуралык бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан жерлери жөнүндө;

7) бажылык өкүлдүн штатындагы бажы операциялары боюнча адистер жөнүндө;

8) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн атайын жөнөкөйлөтүштөрдү берүү жөнүндө;

9) атайын жөнөкөйлөтүштөрдү колдонуу менен бажы операциялары жүргүзүлө турган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аталыштары;

10) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары жөнүндө;

11) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылууну ырастоочу документтин номери жана датасы;

12) транспорттун түрлөрү жөнүндө;

13) кошумча маалыматтар.

4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү чечимди кабыл алган күндөн тартып он беш жумуш күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

## II бөлүм. Товарлар чыгарылган өлкө. Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы

## 5-глава. Товарлар чыгарылган өлкө

### [28-берене. Товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө жалпы жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-28)

1. Бажы бирлигинин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттерде чыгарылган товарларды Кыргыз Республикасына аймагына киргизүүдө алар чыгарылган өлкөнү аныктоо товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Макулдашууга жана Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 7-главасына ылайык ишке ашырылат.

2. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгондо, эгерде Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.

3. Товарлар чыгарылган өлкө декларант тарабынан, ал эми ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан аныкталат. Товарлар чыгарылган өлкө товарларды бажылык декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына декларант тарабынан билдирилет. Товарлардын декларант тарабынан билдирилген келип чыгышы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык документалдуу ырасталууга тийиш.

### [29-берене. Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-29)

1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча товарларды бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлардын партиясы бир нечеге бөлүнгөн болсо, ажыратылган (кураштырылбаган) түрдө бир нече партиялар менен берилген товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоодо декларанттын каалоосу боюнча бул товарлар бирдиктүү товар катары каралууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболорун колдонуунун шарты болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ажыратылган (кураштырылбаган) түрүндө партиялар катары берилген товарлар жөнүндө, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен, товарлардын тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык коддорун, ар бир партияга кирген товарлардын наркын жана чыгарылган өлкөсүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын бажы органдарын алдын ала кабардар кылуу же болбосо товарларды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгын документалдуу ырастоо;

2) товардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир жөнөтүүчү тарабынан берүү;

3) товарлардын бардык партияларын Кыргыз Республикасынын бир бажы органына декларациялоо;

4) товарлардын бардык партияларын Кыргыз Республикасынын бажы органы бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө же товарлардын биринчи партиясына карата аны берүүнүн мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт декларанттын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын алып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

3. Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн колдонулган энергиянын, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын чыккан жери эсепке алынбайт.

4. Машиналарда, жабдууларда, аппараттарда же транспорттук каражаттарда пайдаланууга арналган шаймандар, запастык бөлүктөр жана аспаптар алар аталган машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары менен бирдикте, демейде бул түзүлүштөр менен бирге коюлуучу комплектацияда жана санда алып келинген жана сатылган шартта ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары чыгарылган өлкөдө чыгарылган деп эсептелет.

5. Кыргыз Республикасынын аймагына товар алынып келген таңгак, бул таңгакты товардан өзүнчө декларациялоого жаткан учурларды кошпогондо, товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелет. Жогоруда аталган учурларда таңгак чыгарылган өлкө товар чыгарылган өлкөдөн өзүнчө аныкталат.

Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүш эрежесин колдонууда, Кыргыз Республикасынын аймагына товар салынып келинген таңгак ошол товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелген учурларда, товар чекене соодада сатылган таңгак гана адатта эске алынат.

### [30-берене. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-30)

Товардын кайсы бир өлкөдөн чыгарылгандыгын тастыктоочу документ болуп товардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат же товардын чыгарылган жери тууралуу декларациялар саналат.

### [31-берене. Товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификат](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-31)

1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат - товар чыгарылган өлкө жөнүндө бир мааниде күбөлөндүргөн жана ошол өлкөнүн, эгерде товар алынып чыккан өлкөдө сертификат товар чыгарылган өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, товар алынып чыккан өлкөнүн компетенттүү органдары берген документ.

Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификатта товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө маалыматтар, аларды колдонуу товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин маселесин жөнгө салган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде каралгандан башкача критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө бул эл аралык келишимдер менен аныкталган критерийлерге ылайык аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды алып кетүүдө товар чыгарылган жер жөнүндө сертификат, эгерде аталган сертификат контракттын шарты боюнча, товар алынып келген өлкөнүн улуттук эрежелери боюнча же аталган сертификаттын болушу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган же уюм тарабынан берилет.

Товардын чыккан жерин тастыктаган документти берген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана товардын чыккан жерин тастыктоого негиз болгон башка документтерди товардын чыккан жерин тастыктаган документ берилген күндөн баштап кеминде үч жыл сактоого милдеттүү.

3. Товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген товарларды бажылык декларациялоодо бажылык декларация жана башка документтер менен бирге берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн нускасы кабыл алынат.

4. Товардын чыккан жери жөнүндө сертификат Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген аны тариздөө жана (же) толтуруу талаптарын бузуу менен таризделгенинин белгилери табылганда, бажы органы мындай сертификатты тарифтик преференцияларды берүү үчүн негиз катары кароодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.

Эгерде сертификатты көрсөтүү ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык милдеттүү болуп саналса, товардын чыккан жери жөнүндө сертификат талаптагыдай таризделип берилгенче же суралган кошумча документтер же болбосо тактоочу маалыматтар берилгенче ошол өлкөдөн чыккан деп эсептелбейт.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органы аралатып текшерүү жүргүзүү максатында, товардын чыккан жери жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү тууралуу кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажылык декларациялоодо билдирилген, ошол товар чыккан өлкө жөнүндөгү маалыматтардын негизинде товарды чыгарганга тоскоолдук кылбайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [32-берене. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-32)

1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация - товарды алып кетүүгө байланыштуу товарды даярдоочу, сатуучу же экспорттоочу тарабынан коммерциялык же товарга тиешеси бар кандайдыр бир башка документте жасалган, товар чыгарылган өлкө жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү.

2. Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндө декларацияда товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө маалыматтар, аларды колдонуу товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин маселесин жөнгө салган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде каралгандан башкача критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө бул эл аралык келишимдер менен аныкталган критерийлерге ылайык аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [33-берене. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтерди берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-33)

1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарды алып келүүдө, эгерде ошол товар чыгарылган өлкөгө Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик преференция берсе, товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат берилет. Аталган учурларда тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган белгилүү бир формадагы сертификатты бергенде берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатты көргөзүү төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт:

1) эгерде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына алып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгынын белгиси бажы органдары тарабынан табылган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген товарлар транзиттин же убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосуна карата билдирилсе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарлар мындай товарлардын чыккан өлкөсү болуп саналбаган өлкөнүн аймагында мурда ички керектөө үчүн чыгарылса жана ушул өлкөдөн алынып келсе;

3) эгерде бажылык чек ара аркылуу которуштурулган, бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир эле алуучунун дарегине жөнөтүлгөн товарлардын жалпы бажылык наркы 2500 эсептик көрсөткүчүнөн кем болсо;

4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка учурларда.

3. Эгерде товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификатты берүү талап кылынбаса, ал чыгарылган өлкө товардын чыккан жери жөнүндөгү декларация менен тастыкталат (32-берене).

4. Жеке жактар товарды бажылык чек ара аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте (34-глава) которуштурганда товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтерди көрсөтүү талап кылынбайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [34-берене. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо товарды чыгаруунун шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-34)

1. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтер болбогон учурда же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги жана (же) анык эмес маалыматтарды камтыгандыгы аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарды өткөрүүдөн баш тартат (47-глава).

2. Товардын чыгарылган жери ушул Мыйзамдын 30-32-беренелерине ылайык так аныкталбаган башка учурларда товар соодалык-саясий мамилелерде бир кыйла оңтойлуу режим каралбаган өлкөдөн чыккан товарларга карата колдонулуучу коюмдар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бажы органы бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла оңтойлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет). Бул учурда алып келүүнүн бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 13-главасына ылайык кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) жатат.

## 6-глава. Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы. Товарлардын классификациясы

### [35-берене. Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-35)

1. Тышкы экономикалык иш-аракеттин тышкы соода-сатыктык жана башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу үчүн, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасын жана Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү үчүн Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы (мындан ары - тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы) колдонулат.

Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана кичисубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (цифралык) коддорду камтыган товарлар классификатору. Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр, ошондой эле Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негиздерин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу жагында эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын билдирет;

2) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негизин өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго, бул негизди чечмелөө боюнча эл аралык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге мониторинг жүргүзөт;

3) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.

### [36-берене. Товарларды классификациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-36)

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тапшырылган бажылык декларацияда жана башка документтерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын коддорун көрсөтүү талап кылынган учурларда товарлар бажылык декларациялоодо классификацияланууга жатат.

2. Бажылык декларацияда Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын кодун декларант же декларанттын тапшырмасы боюнча бажылык өкүл көрсөтөт.

3. Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясынын туура эместиги айкындалганда, бажы органы товарлардын классификациясын өз алдынча жүргүзөт жана алардын классификациясы боюнча чечимди кабыл алат.

Товардын классификациясы боюнча чечим бажы органынын каты түрүндө болот же бажылык текшерүү актысы боюнча чечимдин же бажы төлөмдөрүн, пайыздарын, туумун өндүрүп алуу жөнүндө чечимдин курамдык бөлүгү болуп саналат. Товардын классификациясы боюнча чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

- товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы;

- декларанттын аты-жөнү (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы (бар болсо), жайгашкан жери;

- товарларга декларациянын каттоо номери же билдирилген бажылык жол-жобого ылайык товарларды чыгаруунун каттоо номери;

- товардын толук аталышы же товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон ал тууралуу башка маалыматтар;

- тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын түшүндүрүүнүн Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин негиздери жана далилдери;

- тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча алганда товардын он орундуу коду;

- кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалыматтар.

Товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же анын орун басары кол коет.

### [37-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-37)

1. Кыргыз Республикасына бир алуучунун дарегине бир же бир нече транспорттук каражат менен бир транспорттук (ташуучулук) документ же счет-фактура (инвойс, эсеп-проформа) менен алынып келген, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплектиленбеген же бүтүрүлгөн эмес түрдөгү товарлар (мындан ары - куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар) товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык даяр товардын коду менен классификацияланат.

2. Алып келүүдөгү бажы алымынын өзүнчөлөнгөн же комбинацияланган коюму белгиленген товарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай товардык партиялар менен он календардык күндөн ашпаган мезгилдин аралыгында алып келүү каралган, тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын 84, 85 же 90-топторундагы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар (товарлардын комбинациясын кошул алганда) товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен, төмөнкүдөй шарттар аткарылганда классификацияланышы мүмкүн:

1) ушул пункттун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органынын чогултулган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечими болгондо;

2) товарды бажылык декларациялоо Кыргыз Республикасынын бир бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашырылганда.

Эгерде товардын айрым компоненттери Бажы бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына бөлөк-бөлөк партиялар менен алынып келсе, бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоодо турса же сакталса, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу милдеттүү болуп саналбайт. Бул компоненттерге карата товарларга бир декларация берилиши мүмкүн жана алар Кыргыз Республикасынын бажы органына бир убакта берилсе болот.

3. Кыргыз Республикасына аймагына алып келгенде жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кеткенде товардын компоненттерин ар кандай партиялар менен, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн сырткары белгилүү бир мезгилдин ичинде жеткирүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар товарларды классификациялоонун эрежелерине ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен, төмөнкүдөй шарттар аткарылганда классификацияланышы мүмкүн:

1) товарды бажылык декларациялоону Кыргыз Республикасынын бир бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашыруу;

2) пландаштырылган жеткирүүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны - декларант тууралуу, товарды жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө, товар жайлаштырыла турган бажылык жол-жобо тууралуу маалыматтарды, ошондой эле тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча саны жана коддору көрсөтүлүүчү товардын жана анын компоненттеринин сыпаттамасын камтыган кабарламаны Кыргыз Республикасынын бажылык декларация берилүүгө тийиш бажы органына товардын компоненттеринин биринчи партиясына карата бажылык декларация берилгенге чейин көрсөтүү.

Компоненттерин ар кайсы товардык партияларда белгилүү бир мезгилдин ичинде жеткирүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарга карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 53-56-беренелеринде аныктаган тартипте ошол товарды классификациялоо боюнча алдын ала чечим алынышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай товардык партияларда тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бир кодду көрсөтүү менен алып келүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 227-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Эгерде ушул Мыйзамдын 227-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттерин чыгаруу жүзөгө ашырылбаса, мындай компоненттер тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасына ылайык, көрсөтүлгөн компоненттерге карата товарларды классификациялоо эрежелерине жараша колдонулуучу коддор боюнча классификацияланат.

### [38-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-38)

1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн ошол товардын декларанты катары аракет кылууга укуктуу жак, Кыргыз Республикасынын товарды чыгарууну ишке ашыруучу бажы органына жазуу түрүндө арыз берет.

Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз ошол товардын кайсы бир партиясы, бажы кампасынын бажылык жол-жобосу жана бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун кошпогондо, бажылык жол-жобого киргизиле электе берилет.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

1) ошол товардын декларанты катары аракет кылууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;

2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеги);

3) товарды жеткирүү мөөнөтү;

4) товар жайлаштырыла турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалымат;

5) Кыргыз Республикасынын товарды бажылык декларациялоо ишке ашырылуучу региондогу бажы органынын аталышы.

3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтер;

2) товардын компоненттеринин кагаз жана электрондук түрдөгү тизмеги (таблица түрүндө), анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын айрым бир компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн аталышы;

б) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин коду;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасында колдонулуучу чен-өлчөм бирдигиндеги салмагы жана саны;

3) багыты, аткаруучу функциялары, аракеттенүү принциби, жасалган материалы көрсөтүлүү менен товардын айрым компоненттеринин сыпатталышы;

4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).

4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып он беш календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органы кошумча маалымат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө жактарга жазуу жүзүндө кабардама берет.

Кошумча маалымат кабардама арыз берүүчүгө берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилиши керек.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

1) эгерде арыз ошол товардын декларанты болууга укугу жок жак тарабынан берилсе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органы сураган кошумча маалымат ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же ошол товардын декларанты болууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;

3) эгерде арызда жана ага тиркелген документтерде карама каршы маалыматтар камтылса;

4) эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жатуучу компоненттер тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен классификациялануучу товарды түзбөсө;

5) эгерде, бажы кампасынын бажылык жол-жобосун жана бажылык транзиттин бажылык жол-жобону кошпогондо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын өз алдынча компоненттеринин бир бөлүгү бажылык жол-жобого берилсе.

### [39-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуунун мөөнөтү жана мындай чечимге карата талаптар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-39)

1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык кошумча маалымат көрсөтүү зарылдыгы болсо, мөөнөт жакты жазуу жүзүндөгү кабардама катталган күндөн тартып токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти Кыргыз Республикасынын бажы органы алган күндөн кайра улантылат.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышын;

2) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;

3) мындай товардын декларанты болууга укуктуу жак жөнүндө маалыматты;

4) товардын толук аталышын;

5) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын түшүндүрүүнүн Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин негиздерин жана далилдерин;

6) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын он орундуу кодун;

7) товардын компоненттеринин тизмегин, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын айрым компоненттерин түзгөн бөлүктөрүнүн аталышын;

б) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин кодун;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасында колдонулуучу чен-өлчөм бирдигиндеги салмагын жана санын;

г) товардык компоненттерди алып келүү жүргүзүлгөн жана тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтердин же бажы максаттарына зарыл болгон башка документтердин реквизиттерин;

8) товар бериле турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалыматты;

9) кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалыматтарды.

3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын жетекчиси же анын орун басары кол коет жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [40-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу, чечимди өзгөртүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-40)

1. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу же чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу же чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим ошол товардын декларанты болууга укуктуу жакка товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу же чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:

1) эгерде товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алышы үчүн ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак жасалма документтерди көрсөткөндүгүн же жалган маалымат бергендигин Кыргыз Республикасынын бажы органы тастыктаса;

2) эгерде куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин акыркы партиясына бажылык декларация ушул Мыйзамдын 227-беренесинде каралган мөөнөттө берилбесе;

3) эгерде ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак товарды жеткирүүдөн жазуу жүзүндө, анын ичинде товардын айрым компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келгенден кийин баш тартса.

3. Эгерде товардын чыгарылган компоненттери товарды классификациялоо эрежелерине ылайык, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде көрсөтүлгөн бүтүрүлгөн же комплекттелген товардын классификациялык кодуна тиешелүү болсо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.

4. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкүдөй учурларда өзгөртүлөт:

1) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы өзгөрүлгөндө;

2) Евразиялык экономикалык комиссия же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим же түшүндүрмө кабыл алынганда;

3) товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алууда же арыз берүүчү документтерди даярдаганда кетирилген каталар, жаңылыштыктар аныкталганда;

4) эгерде товарга же анын айрым компоненттерине тиешелүү болсо, тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө.

6. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди өзгөртүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.

7. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгарганда жана чечимди өзгөрткөндө ушул Мыйзамдын 40-беренесинде көрсөтүлгөн товардын айрым компоненттери товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык ошол компоненттерге колдонулуучу коддор боюнча Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасына ылайык классификацияланат.

### [41-берене. Товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечимдер, түшүндүрмөлөр жана башка чечимдер](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-41)

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган бажы органдары кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясы жагындагы алдын ала чечимди Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 53-56-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын өзүнчө түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алат жана түшүндүрмө берет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактарга ушул беренеге ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары кабыл алган алдын ала чечимдер жана түшүндүрмөлөр жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн акысыз негизде камсыз кылат.

## 7-глава. Бажылык статистика

### [42-берене. Тышкы сооданын бажылык статистикасы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-42)

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн контролдоо, валюталык контроль жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүткүл экономикасын талдоо максатында бажы органдары товарларды бажылык чек ара аркылуу которуштуруу тууралуу маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, ошондой эле бажылык статистиканын маалыматтарын берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажылык статистиканын маалыматтарын эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы сооданын бажылык статистикасынын маалыматтарын жарыялап турат.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу усулдарга ылайык жүргүзүлөт. Импорт жана экспорт боюнча ар айлык жана ар жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык маалыматтык технологиялар максималдуу түрдө колдонулушу керек.

### [43-берене. Бажылык атайын статистика](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-43)

Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жүктөлгөн маселелерди чечүүнү камсыз кылуу максатында бул органдар тарабынан бажылык атайын статистика ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

### [44-берене. Статистикалык максаттар үчүн пайдаланылуучу документтер жана маалыматтар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-44)

Статистикалык максаттар үчүн документтер жана маалыматтар ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык берилет.

## III бөлүм. Бажылык декларация берүүдөн мурдагы бажылык операциялар

## 8-глава. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу которуштуруунун негизги принциптери

### [45-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруунун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-45)

1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу которуштуруу Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү жана ал аймактан алып кетүү, товарларды которуштурган жактардын ушул Мыйзамда каралган бажылык жол-жоболордун бирине товарларды киргизүү жана ушул бажылык жол-жобонун шарттарын сактоо милдеттүүлүгүнө алып келет.

3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарлар жана транспорттук каражаттар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык контролдоого жатат.

4. Бажы контролун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары коюучу талаптар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана ушул Мыйзамды сактоону камсыз кылуу үчүн минималдуу түрдө зарыл болгондон чоң даражада товарларды жана транспорттук каражаттарды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурууга жана бажы иши жагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө тоскоол боло албайт.

### [46-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруучу жерлери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-46)

1. Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруучу жерлери болуп өткөрмө пункттар же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлер саналат.

2. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды, жүргүнчүлөрдү которуштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттардагы бажылык инфраструктура объекттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башкарууга өткөрүп берүүгө укуктуу.

### [47-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштурууда чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-47)

1. Эгерде чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген Бажы бирлигинин Бажы кодексинде, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде, Бажы бирлигинин комиссиясынын чечимдеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача аныкталбаса, бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу менен жүргүзүлөт.

2. Товарларды которуштурган жактарда, декларанттарда, ташуучуларда же башка жактарда товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.

3. Товарларды которуштурууну ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо алып кетүүгө мүмкүн болбогондо же дароо алып кетүү ишке ашырылбаганда, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды которуштурган жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоонун эң узак мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында товарлардын айрым категорияларына карата башкача мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

### [48-берене. Товарларды пайдалануу жана тескөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-48)

1. Эч ким товарларды алар чыгарылганга чейин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартиптен жана шарттардан башкача түрдө пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.

2. Товарды Кыргыз Республикасынын бажы органы чыгаргандан кийин пайдалануу жана (же) тескөө билдирилген бажылык жол-жобонун шарттарына ылайык же Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга жараша бажылык жол-жобого киргизилүүгө жатпаган товарлардын айрым категориялары үчүн аныкталган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.

## 9-глава. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келиши

### [49-берене. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишинин орду жана убактысы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-49)

1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан сырткары убакытта товарлардын жана транспорттук каражаттардын өткөрмө пункттарга келишине ал органдарга алдын ала кабарлоо менен жол берилет.

2. Бажы чек арасынан өтүү ташуучунун товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрмө пунктка же товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы органына көрсөтүүчү жерге мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, талап кылынган жерлерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары белгилеген маршруттарды кармануу аркылуу жеткирүү милдеттүүлүгүнө алып келет. Товарларды темир жол транспорту аркылуу ташууда маршруттар белгиленбейт. Бул учурда товардын абалын өзгөртүүгө же алардын таңгактарын бузууга, ошондой эле коюлган пломбаларын, мөөрлөрүн жана башка идентификациялык каражаттарын өзгөртүүгө, жок кылууга же бузууга жол берилбейт.

Электр берүү линиялары жана өткөргүч куур транспорту аркылуу ташылуучу товарлар үчүн товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүүчү орунду аныктоо талап кылынбайт.

3. Контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым категориядагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү үчүн конкреттүү өткөрмө пункттарды аныктоого укуктуу.

4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы портто же аэропортто токтобостон Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү аба кемелери менен ташылуучу товарларга таркалбайт.

### [50-берене. Аварияда же ал жеткис күч учурунда көрүлүүчү чаралар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-50)

1. Эгерде товарларды ташуу үзгүлтүккө учураса, ошондой эле эгерде аба кемеси конууга мажбур болсо же авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо товарларды жеткирүүгө же белгиленген жерлерге конууга тоскоолдук жараткан башка жагдайлардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагына консо, ташуучу товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жакынкы бажы органына мындай жагдайлар тууралуу жана товарлар жайгаштырылган жер жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

2. Ушул берененин талаптарын сактоого байланыштуу ташуучуларда же башка жактарда келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.

### [51-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын жана транспорттук каражаттардын келишин бажы органдарына кабарлоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-51)

1. Товарларды которуштуруучу жак, ошондой эле товарды которуштуруу боюнча белгилүү бир аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу жак же ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын жана транспорттук каражаттардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кабарлоого милдеттүү.

2. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын бажы органдарына товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге чейин же келген учурда берилет.

3. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келиши жөнүндө кабарлоо маалыматты жазуу жүзүндө, электрондук же башка формада Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жиберүү түрүндө юридикалык жактан тастыкталат.

4. Ташуучу бере турган жазуу жүзүндөгү кабарлама деп анын которуштурулуучу товарларга жана транспорттук каражаттарга тиешеси бар транспорттук (ташуучулук) документ эсептелет.

5. Темир жол станцияларында товардын келиши жөнүндө кабарлоо темир жол станцияларына товарлардын жана транспорттук каражаттардын келгендиги жөнүндө темир жол уюмунун жазуу жүзүндө же электрондук формада Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат берүүсү аркылуу жүргүзүлөт.

6. Темир жол аркылуу эл аралык туруктуу жана туруктуу эмес жүк-жүргүнчү жөнөтүүлөрдүн ырааттамасын берүү транспорттук каражаттардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат берүү деп эсептелет.

7. Товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына аба транспорту аркылуу келиши жөнүндө кабарлоо эл аралык аэропорттун (аэродромдун) администрациясы тарабынан жарандык авиациянын эл аралык аба линияларында учактардын учууларынын ырааттамасын, аба кемесинин экипажы жөнүндө, кийинки аэропортко чейинки баруучу жана транзиттик жүргүнчүлөрдүн саны, ошондой эле аба кемесиндеги товарлар жана почта жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү аркылуу жүргүзүлөт.

8. Ырааттамадан сырткары учуп келген аба кемелери келгендиги жөнүндө, ошондой эле каттамдык бардык аба кемелеринин келишинин кармалуулары жөнүндө эл аралык аэропорттун (аэродромдун) администрациясы Кыргыз Республикасынын бажы органдарына мындай аба кемелери учуп келерден кеминде бир саат мурда билдирет.

9. Товарларды өткөргүч куур транспорту жана электр берүү линиялары аркылуу которуштурууда товарлардын келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлоо контракттарды, протоколдорду, лицензияларды жана товар которуштурууга тиешеси бар башка документтерди берүү түрүндө болушу мүмкүн.

### [52-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-52)

1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу маалыматтар жана документтер Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 159-беренесинде каралган маалыматтар жана документтердин ичинен бажылык максаттарда товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен гана чектелет.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо берилүүчү маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмегин транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Ташуу жүзөгө ашырылган транспорттун түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлоодо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152-беренесинин 1-пунктуна ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын кошпогондо, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастоочу документтер берилет.

### [53-берене. Товарлар келген жерлерде аткарылуучу бажы операциялары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-53)

1. Кыргыз Республикасынын аймагына келген транспорттук каражаттан товарларды түшүрүү жана кайра жүктөө (которуп жүктөө) төмөнкүдөй жерлерде жүргүзүлөт:

1) товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүү үчүн ушундай максаттарга атайын арналган жерлерде;

2) товарлар келүүчү башка белгилүү бир жерлерде - кызыкдар тараптын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдары берүүчү уруксаты менен.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарды алып келген транспортту башка транспортко алмаштырууга жол берилет.

2. Товарларды түшүрүүчү жана кайра жүктөөчү (которуп жүктөөчү) жерлер бажылык контролдун аймагы болуп саналат. Аталган жерлер товарларды сакталышы камсыз кылынгандай жана жүк ташуу операцияларына катышпаган адамдар аларга жете албагандай таризде ыңгайлаштырылышы жана жабдылышы керек. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарлар жүктөлүүчү жана кайра жүктөлүүчү (которуп жүктөлүүчү) жерлерди ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарды белгилейт.

3. Товар келген жерлерде, билдирилген бажылык жол-жобого ылайык, товарларды убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын ишке ашырууга жол берилет.

4. Товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берген учурда, ушул Мыйзамга ылайык, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жоопкерчиликти, товарларды ташуу операцияларын жүргүзгөн ташуучу тартат.

Жук ташуу операцияларын аткарган ташуучу, товарлар жок кылынган же болбосо авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында кайтарылгыс жоголгон же табигый жешилүүнүн же эскирүүнүн натыйжасында жок болгондо гана алып келүүдөгү бажы төлөмдөрүн төлөбөйт. Ташуучу ошондой эле, эгерде ал жүргүзгөн операциялар жук операциялары ишке ашырылган жерлерде адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына реалдуу коркунуч туулгандыгы, товардын жана (же) транспорттук каражаттын жок кылынуу, жоголуу, кайтарылгыс жоготулуу же олуттуу бузулуу коркунучу келип чыккандыгы менен шартталгандыгын далилдей алса, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз жүк түшүрүүдө, кайра жүктөөдө, товардын таңгагы ачылганда же товар кайра таңгакталганда, товарды идентификациялоочу каражаттар өзгөргөндө, өчүрүлгөндө, жок кылынганда же зыянга учураганда бажы төлөмдөрүн төлөбөйт.

5. Жүктөөчү жана кайра жүктөөчү (кайра жөнөтүлүүчү) жерлерде турган товарлар убактылуу сактоодо турат деген статуска ээ болот. Убактылуу сактоо мөөнөтүнүн чеги өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын бажы органдары бул товарларды ушул Мыйзамдын X бөлүгүнө ылайык тескейт.

### [54-берене. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен товарларды ташуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-54)

1. Товарларды алар Кыргыз Республикасынын аймагына келген жерден бажылык декларациялоо жүргүзүлүүчү жерге чейин, бажылык декларациялоо жүргүзүлүүчү жерден Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүчү жерге чейин, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, эркин бажы аймактарынын, өзгөчө бажы аймактарынын, өзгөчө экономикалык аймактардын ортосунда ташууну кошуп алганда, Бажы контролунда турган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ортосунда, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана чектеш мамлекеттер менен кыска убакыттуу транзит менен ташуу товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен ишке ашырылат.

2. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуунун жоболору электр берүү линиялары жана өткөргүч куур транспорту менен ташылуучу, ошондой эле, эгерде аба кемеси эл аралык дайымкы каттамды аткаруу убагында товар келүүчү жерге аралыктагы же аргасыз (техникалык) конууну, товардын бир бөлүгүн түшүрбөстөн ишке ашырса, аба транспортунда ташылуучу товарларга карата колдонулбайт.

3. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен которуштурулган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөбөстөн жана ушул беренеде белгиленген шарттар сакталганда товарларга тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулбастан ташылат.

4. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу төмөнкүдөй шарттарды сактоонун негизинде ишке ашырылат:

1) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана ушул аймактан алып кетүүгө тыюу салынбаганда;

2) эгерде товарлар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алар Кыргыз Республикасынын аймагына келген жерде контролго алынууга жатса, алып келинүүчү товарларга карата мамлекеттик контролдун чек аралык жана башка түрлөрү жүргүзүлгөндө;

3) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында которуштурууга уруксаттар же лицензиялар болгондо гана жол берилсе, бул товарларга карата уруксаттар жана (же) лицензиялар берилгенде;

4) товарларга карата ушул Мыйзамдын 52-беренесине ылайык документтер жана маалыматтар берилгенде;

5) эгерде товарлар бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлуу менен ташылса, транспорттук каражат тиешелүү таризде жабдылганда (56-берене);

6) товарларды идентификациялоо камсыз кылынганда (55-берене).

5. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен ташылуучу товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка жүк операцияларын жүргүзүү, авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо товарды жеткирүүгө тоскоолдук жараткан башка жагдайлардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат. Эгерде товарлардын пломбалары жана мөөрлөрү бузулбастан, бир транспорттук каражаттан экинчи транспорттук каражатка кайра жүктөлө турган болсо, мындай кайра жүктөө Кыргыз Республикасынын бажы органына алдын ала билдирилгенден кийин жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде жүк операцияларын жүргүзүү товарларга карата бажы контролун андан ары жүргүзүүгө мүмкүндүк бербесе, товарлар менен жүк операцияларын жүргүзүүдөн баш тартышы мүмкүн.

6. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды жеткирүүнүн мөөнөтүн жөнөтүүчү бажы органы, товарды жеткирүүнүн демейки мөөнөтүнө, транспорттун түрүнө жана транспорттук каражаттын мүмкүнчүлүгүнө, маршрутуна жана башка ташуу шарттарына жараша аныктайт.

7. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык, бажылык ташуучуну жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кошпогондо, товарларды ташууда ушул Мыйзамдын 199-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынымы берилет.

Товар ташуучунун, анын ичинде экспедитордун (Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык транспорттук экспедиция келишими боюнча иштеген жактын), транспорттук каражатты башкарган жеке жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынышын чегерүү мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын бажы органы, ушул берененин 4-бөлүгүндөгү 5-пунктка ылайык, жөнөтүүчү бажы органы аныктаган жерге чейин товарды бажылык коштоо формасында жеткирип берүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Аталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте товарды бажылык коштоо формасында жеткирип берүү жөнүндө чечим чыгарат. Бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары алынат (189-берене).

8. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташуу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө тийиштүү жерге жеткирип берүү менен аяктайт, эгерде товарлардын документтерин жана идентификациясын текшерүүдө Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулбаса, бул мөөнөт транспорттук каражаттын келгендиги катталган учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирилбөөгө тийиш.

9. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташууну аяктоо үчүн ташуучу товар жеткириле турган жерге транспорттук каражат келген учурдан тартып бир сааттын ичинде товарды жеткирип берүүнү контролдоонун документин, ошондой эле өзүндөгү товарга тиешелүү документтерди берүүгө тийиш, ал эми Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген иш убактысынан сырткары келсе - Кыргыз Республикасынын ошол бажы органы иштей баштаган учурдан тартып бир сааттын ичинде берүүгө тийиш.

10. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарды ташуу аяктаганга чейин, жеткирип бериле турган жерде транспорттук каражаттар бажылык контролдоо аймагында жайгаштырылат. Транспорттук каражаттарды бажылык контролдоо аймагына жайгаштырууга күнү-түнү кайсы убакта болбосун жол берилет.

11. Кыргыз Республикасынын бажы органы турган жер болуп саналбаган жерге товарларды жеткирүүдө товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташууну аяктоо товарларды алар жеткирилүүчү жердеги бажы органына көрсөтпөстөн жүзөгө ашырылуусу мүмкүн.

Аталган учурда жак Кыргыз Республикасынын бажы органы убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына же товар жеткириле турган жер катары аныкталган башка жерге товарлардын жеткирилишин ырастаганга чейин, товарды сактоо үчүн кабыл алууга, товардын абалын өзгөртүүчү, алардын таңгактарынын бузулушуна, товарларды пайдаланууга жана тескөөгө алып келүүчү операцияларды жүргүзүүгө жол бербөөнү камсыз кылууга милдеттүү.

### [55-берене. Товарларды жана алардын документтерин идентификациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-55)

1. Арналуучу бажы органынын (товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташуу аякталуучу бажы органы) товарларды идентификациялай алуусун жана товарды алып коюунун, товарларды транспорттук каражатка киргизүүнүн же болбосо товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жасоонун издерин таба алуусун камсыз кылуу жагын жөнөтүүчү бажы органы ишке ашырат.

2. Эгерде транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовдун ыңгайлаштырылышы жана жабдылышы жана товарлардын мүнөзү аларга пломба жана мөөрлөрдү коюуга мүмкүндүк берсе, транспорттук каражатка, контейнерге же алынма кузовго коюлган бажы пломбасы жана мөөрлөрү идентификациялык каражат катары колдонулат.

3. Башка учурларда товарларды идентификациялоо санариптик, тамгалык же башкача маркировканы, идентификациялык белгилерди коюу, өзүнчө жүк орундарына пломбаларды жана мөөрлөрдү басуу, үлгүлөрдү жана сынамыктарды алуу, товарларды жана транспорттук каражаттарды сыпаттоо, айрым жук ташылуучу жерлерге коюу, штамптарды коюу, текшерүүгө үлгүлөрдү алуу, сыпаттап жазуу, чиймелерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери түзгөн чиймелерди, даярдалган масштабдуу сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, иллюстрацияларды жана товарларды идентификациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү башка каражаттарды колдонуу жолу менен ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары чет мамлекеттердин бажы пломбаларын жана идентификациялоочу башка каражаттарын колдонот, мында төмөнкүдөй учурлар кошулбайт:

1) жөнөтүүчү бажы органдары аларды жетишсиз же ишенимсиз, ушул Мыйзамдын 56-беренесинде белгиленген талаптарга жооп бербейт деп тааныганда;

2) жөнөтүүчү бажы органы товарларды бажылык кароодон өткөргөндө.

Эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары чет мамлекеттердин бажы пломбаларын жана идентификациялоочу башка каражаттарын колдонсо, тыюу салуулар бул идентификациялоочу каражаттарга карата аларды өзгөртүүгө, өчүрүүгө, жок кылууга же бузууга тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын идентификациялоочу каражаттарына карата ушул Мыйзамда каралгандай таризде жайылтылат.

4. Бажылык максаттарда Кыргыз Республикасынын бажы органы идентификациялоочу каражат катары сейф-пакетти колдонот, бул пакет андан товарга же транспорттук каражатка карата коммерциялык жана товарды коштомо документтерди из калтырбай ачып алууга мүмкүндүк бербеген коргогуч менен жабдылат.

### [56-берене. Бажылык пломбалар жана мөөрлөр коюлган товарларды ташууда транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана алынма кузовдорду жабдуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-56)

1. Идентификациялоочу каражат катары коюлган бажылык пломбалар жана мөөрлөр түздөн-түз транспорттук каражаттарга, контейнерлерге же алынма кузовдорго коюлат, бул үчүн транспорттук каражаттар, контейнерлер же алынма кузовдор төмөнкүлөргө шарт түзгөн таризде түзүлүшү жана жабдылышы керек:

1) бажылык пломбалардын жана мөөрлөрдүн жөнөкөй жана ылайыктуу ыкма менен коюлушуна;

2) транспорттук каражаттын пломба коюлган жүк салуучу бөлүгүнөн аны ачуунун же бажылык пломбаны (мөөрдү) бузуунун көрүнөө издерин калтырбагандай таризде товарлардын алынбашына же салынбашына;

3) транспорт каражатында же анын жүк салуучу орун-жайларында товарларды катып коюу үчүн жашыруун орундар болбошуна;

4) товар турган бардык жерлердин бажылык текшерүүгө жеңил, жеткиликтүү болушуна.

2. Бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовдун жарактуулугу жөнүндө чечимди, эгерде транспорттук каражатта пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга алдын ала уруксат берилбеген болсо, жөнөтүүчү бажы органы кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде алдын ала уруксат берүү каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовго алдын ала уруксат берүүнү талап кылбайт.

### [57-берене. Ташуучунун милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-57)

1. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонууда ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жөнөтүүчү бажы органы белгилеген жерге товарларды жана аларга карата документтерди, ташуучулук документтерде көрсөтүлгөн арналыш пунктту (жөнөтүүчү бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо аймагы) эсепке алуу менен, эгерде белгиленген болсо, белгилүү бир маршруттарды кармануу менен, белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө;

2) товарлардын, бажылык пломбалардын жана мөөрлөрдүн, эгерде пайдаланылса, башка идентификациялык каражаттардын сакталышын камсыз кылууга;

3) ушул Мыйзамдын 50-беренесинде каралган, товарды бир транспорттук каражаттан башка транспорттук каражатка кайра жүктөгөн учурларды кошпогондо, товарларды түшүрүүгө жана кошумча жүктөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабастан кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө жол бербөөгө.

### [58-берене. Ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилиги](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-58)

1. Жөнөтүүчү бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо чөлкөмүнө чет өлкөлүк товар жеткирилбей калган учурда ташуучу (экспедитор), мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын суммасына туура келген өлчөмдө алып келүүдөгү бажы алымдарын төлөөгө милдеттүү.

Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасында каралган белгилерге ээ болгон декларант товар жеткирилбегенде бажы алымдарын, салыктарды төлөөдө ташуучу же экспедитор менен биргеликтүү жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде ушул главада аныкталган шарттар жана талаптар бузулбай туруп, товарлар авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо ташуунун (транспорттоонун) нормалдуу шарттарында табигый жешилүүнүн же эскирүүнүн натыйжасында жок кылынса, бузулса же болбосо кайтарылгыс жоголсо, ташуучу ушул Мыйзамдын 57-беренесинде каралган милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле, эгерде мындай операциялар жүргүнчүлөрдүн жана транспорттук каражаттын экипажынын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурса, товарлардын жана транспорттук каражаттын жок кылынуу, жоголуу, кайтарылгыс жоголуу же бузулуу коркунучун жаратса, ташуучу товарларды түшүрүү, кайра жүктөө, товарлардын таңгагын ачуу же аларды кайра таңгактоо, Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз товарлардын идентификациялык каражаты өзгөртүү, өчүрүү, жок кылуу же бузуу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3. Ташуучу жана экспедитор авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо ташуунун (транспорттоонун) нормалдуу шарттарында табигый жешилүүнүн же эскирүүнүн натыйжасында товарлар жок кылынган, бузулган же болбосо кайтарылгыс жоголгон учурларда гана бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары, эгерде ушул главада аныкталган башка шарттар жана талаптар аткарылса, ташуучуга жана экспедиторго, ташуу аныкталбаган маршруттар боюнча жүргүзүлгөн же ички транзиттик мөөнөт бузулган же болбосо ушул главада белгиленген шарттар жана талаптар аткарылбаган деген негиздер менен бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча талаптарды коюуга укуксуз.

4. Ички бажылык транзитте башка транспорттук каражатка товарлар кайра жүктөлгөн учурда ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо боюнча жоопкерчилик ошол транспорт каражатында жүк ташыган ташуучуга жүктөлөт. Мында бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жоопкерчиликти ички бажылык транзитти жүзөгө ашырган ташуучу же экспедитор тартат.

## 10-глава. Бажылык ташуучу

### [59-берене. Бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-59)

1. Бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзгөн жана иш-аракеттин ушул түрүн жүзөгө ашыруу үчүн бажылык жүк ташуучулардын реестрине ушул Мыйзамга ылайык киргизилген ата мекендик юридикалык жак бажылык ташуучу боло алат.

2. Бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүү бажылык контролдо турган товарларды бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген камсыз кылуунун башка чараларын колдонуусуз ташууну билдирет.

### [60-берене. Бажылык ташуучунун милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-60)

Бажылык ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды жана талаптарды сактоого;

2) бажылык контролдо турган, ташылуучу товарлардын эсебин алууга жана мындай товарларды ташуу жөнүндө бажы органдарына отчет берип турууга;

3) ушул Мыйзамдын 58-беренесинде каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

### [61-берене. Бажылык ташуучунун товарларды жөнөтүүчүлөрдөн же алуучулардан алынган маалыматка карата мамилеси](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-61)

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды жөнөтүүчүлөрдөн же алуучулардан алынган коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашырын сырды түзгөн маалыматтар, ошондой эле башка купуя маалыматтар бажылык ташуучу тарабынан өздүк максаттарда жарыяланууга, пайдаланылууга, башка жактарга берилүүгө тийиш эмес.

## 11-глава. Товарларды убактылуу сактоо

### [62-берене. Товарларды убактылуу сактоонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-62)

1. Товарларды убактылуу сактоонун, убактылуу сактоодогу товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн мазмуну, товарларды убактылуу сактоонун мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 167, 170, 171-беренелеринде белгиленген.

2. Тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоонун эң узак мөөнөтү он күндү түзөт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндөгү кылмыш-жазалык иштер жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча заттык далилдер болуп эсептелген товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.

### [63-берене. Убактылуу сактоо жерлери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-63)

1. Убактылуу сактоо жерлери болуп убактылуу сактоо кампалары жана убактылуу сактоонун төмөнкүдөй башка жерлери саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда товарларды алуучунун кампалары;

2) ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайы, ачык аянты жана башка аймагы;

3) ушул Мыйзамдын 162-беренесине ылайык эл аралык почталык алмашуу жерлериндеги айрым орун-жайлар;

4) жүргүнчүнү авиациялык же темир жол аркылуу ташуу келишиминин алкагында которуштурулуучу, алынбай калган же талап кылынбаган жүктү сактоо жерлери;

5) чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жери жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү жери дал келген шартта, аэропорттун режимдик аймагынын чектеринде мындай товарларды түшүрүү жана жүктөө (которуп жүктөө) үчүн атайын жабдылган жер;

6) темир жол станцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашылган жерлерде жайгашкан жана товарларды транспорттук каражаттан түшүрбөстөн убактылуу сактоого арналган темир жолдор менен контейнердик аянтчалар.

2. Товарларды убактылуу сактоо жерлери ушул Мыйзамдын 246-беренесине ылайык түзүлүүчү бажылык контролдоонун туруктуу же убактылуу чөлкөмү болуп эсептелет.

3. Убактылуу сактоо кампаларына кайсы болбосун товарлар жайгаштырылышы мүмкүн. Башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлар мындай товарларга атайын ылайыкташтырылган убактылуу сактоо кампаларында же кампалардын орун-жайларында сакталышы керек.

4. Башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого уруксат берүүнүн шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылыныш талабы, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампаларына жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, товарларды убактылуу сактоо кампаларына (кампаларынан) жана товарларды убактылуу сактоонун башка жерлерине (жерлеринен) жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [64-берене. Жараксыз абалга келген же бузулган товарлар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-64)

Товарларды убактылуу сактоо мезгилинде авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жараксыз абалга келген же бузулган товарлар ушул Мыйзамга ылайык башка бажылык жол-жобого жайгаштырылууга тийиш.

### [65-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын типтери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-65)

1. Убактылуу сактоо кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Кайсы болбосун товарларды сактоо жана бардык жактардын пайдалануусуна жеткиликтүү болгон убактылуу сактоо кампалары ачык типтеги кампалар болуп эсептелет. Белгилүү бир товарларды же белгилүү бир жактардын, анын ичинде жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган убактылуу сактоо кампалары жабык типтеги кампалар болуп эсептелет.

2. Убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

### [66-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-66)

1. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампаны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ыңгайлаштырууга;

2) сактоодо турган товарларды кампадан бажылык контролду кыйгап өтүп алып коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга;

3) кампага же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймакка Кыргыз Республикасынын бажы органынын иштөө убактысынан сырткары келген товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыздоого;

4) убактылуу сактоо кампаларындагы же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймактагы товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыздоого;

5) бажылык контролдоону ишке ашырууга көмөктөшүүгө;

6) сакталуудагы товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана алар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына отчет берүүгө;

7) сакталуудагы товарларга жана транспорт каражаттарына үчүнчү жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз жетишинин мүмкүн эместигин камсыз кылууга;

8) ушул Мыйзамдын 68-беренесинде каралган учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер убактылуу сактоонун башка жерлеринде товарларды жана транспорт каражаттарын сактоо учурларына жайылтылат.

### [67-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин убактылуу сактоо кампаларына товарларды жайгаштырган жактар менен өз ара аракеттенүүсү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-67)

Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин товарларды кампаларга жайгаштырган жактар менен өз ара аракеттенүүсү келишимдик негизде түзүлөт.

### [68-берене. Товарларды убактылуу сактоодо алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болуусу жана токтотулуусу, аларды төлөөнүн мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-68)

Товарларды убактылуу сактоодо алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттер жана аларды төлөө мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 172-беренесине ылайык келип чыгат жана токтотулат.

### [69-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан товарларды убактылуу сактоо кампаларына жайгаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-69)

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан товарлар төмөнкүдөй учурларда убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылышы мүмкүн:

1) бажылык контролдун алкагында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келинген товарлар, же бажылык жол-жоболорду колдонуунун же алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жеңилдиктер берилген товарларды пайдаланууга жана (же) башкарууга коюлган чектөөлөрдүн шарттары бузулган товарлар табылганда, бул болсо ишкердик иш-аракетти жүргүзүүгө байланыштуу Бажы бирлигинин бажы аймагынан товарларды сатып алган жактардын бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөөсүнө, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоосуна алып келгенде;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 134-беренесинин 1-пунктунун 11-пунктчасында каралган максаттарда товарларга камак салынганда жана товарлар алынып коюлганда;

3) администрациялык укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарлар жана бул товарларга документтер Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 145-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздер боюнча кармалганда.

Көрсөтүлгөн учурларда убактылуу сактоо кампасынын ээсине сактагандыгы үчүн акы төлөө жана анын чыгашаларынын ордун толтуруу администрациялык же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылуучу жактардын эсебинен ишке ашырылат.

### [70-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампасынын ээси катары иш-аракеттин реестринен чыгарылган учурда товарларга карата аракеттер](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-70)

Убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампасынын ээси катары иш-аракеттин реестринен чыгарылган учурда, кампада сакталып турган товарлар мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып отуз күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылууга тийиш.

## 12-глава. Товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусу

### [71-берене. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан жерлерде жүргүзүлүүчү бажы операциялары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-71)

1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык, чыгарылып жаткан товарларга колдонулуучу белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан уруксат берилгенден кийин жол коюлат. Көрсөтүлгөн уруксат ушул Мыйзамда товарларды чыгаруу үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда берилет (239-берене).

2. Өткөргүч куур транспорту жана электр берүү линиялары аркылуу которуштурулуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн негизинде жана көрсөтүлгөн ыкмалар менен чыгарылуучу товарлардын өзүнчөлүктүүлүгүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [72-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-72)

1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатын алуу үчүн ташуучу чыгарылып жаткан товарлар тууралуу маалыматтар, ошондой эле транспорттук каражат тууралуу маалыматтар камтылган бажылык декларацияны Кыргыз Республикасынын бажы органына берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу документтер жана маалыматтар товарларды жана транспорттук каражатты бажылык максаттарда идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен чектелет.

2. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккандагы маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, транспорт каражаттарынын түрүнө жараша аныкталат.

3. Ташуучу өзү ташыган бардык товарлар тууралуу маалыматтарды бажылык декларацияда Бажы бирлигинин мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленген тартипте көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.

### [73-берене. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда аларга карата талаптар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-73)

Ташуунун, транспорттоонун жана сактоонун кадыресе шарттарында табигый жешилүүнүн же азаюунун натыйжасында товарлардын абалынын жана санынын өзгөрүшүн эсепке албаганда, товарлар аларды белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизген учурдагы абалда жана санда Кыргыз Республикасынын аймагынан иш жүзүндө чыгарылуусу керек. Эгерде товарлардын абалынын начарлашы же өзгөрүшү авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдерде жана стандарттарда каралган учурларда - өлчөөнүн кемчиликтеринен улам товарлардын саны өзгөргөндө жактар ушул берененин жоболорун сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

## IV бөлүм. Бажылык жол-жоболор

## 13-глава. Бажылык жол-жоболорго таандык жалпы жоболор

### [74-берене. Бажылык жол-жоболордун түрлөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-74)

1. Бажылык жөнгө салуу максаттарында товарларга карата бажылык жол-жобосунун төмөнкү түрлөрү белгиленет:

1) ички керектөө үчүн чыгаруу;

2) экспорт;

3) бажы транзити;

4) бажы кампасы;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү;

7) ички керектөө үчүн кайра иштетүү;

8) убактылуу алып келүү; (уруксат кылуу);

9) убактылуу алып кетүү;

10) реимпорт;

11) реэкспорт;

12) алымсыз соода-сатык;

13) жок кылуу;

14) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

15) эркин бажы зонасы;

16) эркин кампа;

17) атайын бажылык жол-жобо (бажылык максаттар үчүн Бажы бирлигинин бажы аймагында же анын чегинен сырткары товарлардын айрым категорияларын пайдалануунун жана (же) башкаруунун талаптарын жана шарттарын аныктаган бажылык жол-жобо).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн бажылык жол-жобону белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер, эркин кампаны жана эркин бажы зонасын ыңгайлаштырууга, жабдууга жана алардын иштөөсүнө карата коюлган талаптар, эркин кампанын ээсинин милдеттери, эркин кампанын ээси катары ишкердикти жүзөгө ашыруунун шарттары, эркин кампанын жана эркин экономикалык зонанын бажылык жол-жобого киргизилген товарлар жана (же) эркин кампада же эркин экономикалык зонада турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.

### [75-берене. Бажылык жол-жобону тандоо жана өзгөртүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-75)

1. Жак, товарлардын мүнөзүнө, санына, чыгарган өлкөсүнө, жөнөтүлүүсүнө же багытына карабастан, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда каалаган убакта каалаган бажылык жол-жобону тандай алат.

2. Жак Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык тандалган бажылык жол-жобону башкасына алмаштыра алат.

### [76-берене. Товарларды бажылык жол-жобого киргизүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-76)

1. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарлар, төмөнкүдөй товарларды кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүгө тийиш:

1) Бажы бирлигинин бажы аймагында (Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагында) чыгарылган;

2) Бажы бирлигинин аймагында чыгарылган товарлардан даярдалган же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында ички керектөө үчүн чыгарылган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү товарлар, эгерде алар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда Бажы бирлигинин бажылык аймагынын чегинен сырткары чыгарууга арналса, бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүсү керек.

3. Товарлар бажылык жол-жобого киргизилген күн болуп, Кыргыз Республикасынын бажы органы товарды ушул Мыйзамга ылайык чыгарган күн эсептелет.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [77-берене. Бажылык жол-жобонун шарттары сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-77)

1. Бажылык жол-жобосунун шарттарын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Бажылык жол-жобосунун шарттары жана талаптары төмөнкүдөй себептерден улам сакталбаган учурларда гана жактар жоопкерчилик тартпайт: бажы контролу астында турган товарлар ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды жана талаптарды бузбастан, ички керектөөгө чыгарылганга чейин, эгерде белгилүү бир бажы жол-жоболорун колдонуу менен операцияларды жасоого ушул бөлүмгө ылайык жол берилсе, авариянын же болбосо ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товар биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадыресе шарттарында табигый түрдө эскиргендигинин же азайгандыгынын натыйжасында товардын саны же абалы өзгөргөндө.

Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары алып кетилген товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын биротоло жоголгондугунан же жок болгондугунан улам, транспорттоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шарттарында табигый түрдө эскиргендигинин же азайгандыгынын натыйжасында товардын саны жана абалы өзгөргөндүгүнөн улам, ошондой эле чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында товардын ээлик кылуудан чыгып калышынан улам бул товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кайра кайтарылбай калса, жоопкерчилик тартпайт. Табигый түрдөгү эскирүүнү же азаюуну аныктоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдер жана стандарттар колдонулат. Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайларды ырастоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында аккредитацияланган консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.

2. (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [78-берене. Товарларды бажылык жол-жоболорго киргизүүгө байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-78)

Товарларды бажылык жол-жоболорго киргизүүгө жана бажылык жол-жоболорду колдонуунун аякташына байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу Бажы бирлигинин Бажы кодексинде аныкталат.

### [79-берене. Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды алып коюунун (камак салуунун) натыйжалары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-79)

1. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды алып коюу же мындай товарларга камак салуу учурунда, бул товарларга карата бажылык жол-жобонун аракети токтотулат.

Эгерде товарларды алып коюудан же камак салуудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алынса, бажылык жол-жобонун аракети кайра улантылат. Бажылык жол-жобонун аракети кайра улантылган учурда, төлөнүшү жана эсептелиши ушул бөлүмгө ылайык аныкталган пайыздар, бажылык жол-жобонун аракети токтотулган мезгил үчүн эсептелбейт жана төлөнбөйт.

2. Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды соттун чечими боюнча конфискациялоодо же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алууда, бул товарларга карата бажылык жол-жобонун аракети токтотулат, ал эми конфискацияланган же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алынган чет элдик товарлар Бажы бирлигинин товарларынын статусуна ээ болот.

3. Эгерде жактын администрациялык же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылышы анын бажылык жол-жобону сактабай койгондугу менен байланышкан болсо жана сактабоого жол берүү бул бажылык жол-жобону мындан ары колдонууга мүмкүнчүлүк бербесе, бажылык жол-жобонун аракети жакты жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн кийинки он беш календардык күндүн ичинде токтотулушу зарыл.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык, бажылык жол-жобосунун иш-аракети токтотулбаган товарлар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 21-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кармалып турат.

## 14-глава. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу

### [80-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-80)

1. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосунун мазмуну жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 209 жана 210-беренелеринде аныкталган.

2. Эгерде товарларды Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизген болсо, мындай товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажылык жол-жобого кайтадан киргизилбейт.

### [81-берене. Товарларды шарттуу түрдө чыгарууда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосун колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-81)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 7-пунктуна ылайык Бажы бирлигинин товарлары статусун товарларга алуу үчүн, алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө аралаш берүү менен, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна учурунда, товарларды бажылык жол-жобого кайтадан киргизүү талап кылынбайт.

2. Товарларга Бажы бирлигинин товарларынын статусун алуу үчүн бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 182-беренеси менен аныкталган.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [82-берене. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-82)

Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 211-беренесинде аныкталган.

## 15-глава. Экспорттун бажылык жол-жобосу

### [83-берене. Бажылык жол-жобонун мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-83)

Экспорттун бажылык жол-жобосунун мазмуну жана экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 212 жана 213-беренелеринде аныкталган.

### [84-берене. Алып келүүдөгү бажы алымдары алынбаган товарларды экспорттоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-84)

1. Алып келүүдөгү бажы алымдары алынбаган товарларды экспорттоодо аларды декларациялоо жеңилдетилген тартипте ишке ашырылат жана көрсөтүлгөн товарларга карата бажы наркы аныкталбайт, билдирилбейт жана ырасталбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына төмөнкүлөр берилет:

1) коммерциялык документтер;

2) транспорттук (ташуучулук) документтер, эгерде алар болсо;

3) уруксаттамалар, лицензиялар, сертификаттар жана (же) белгиленген чектөөлөрдү ырастаган башка документтер, эгерде алар зарыл болсо;

4) Бажы жыйымдарын төлөөнү ырастоочу төлөм документтери.

### [85-берене. Экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-85)

Экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана алардын төлөө мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 214-беренесинде белгиленген.

## 16-глава. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосу

### [86-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-86)

1. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосунун мазмуну жана бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 215 жана 216-беренелеринде аныкталган.

2. Бажы транзитин сактоону камсыздоонун чаралары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 217-беренесинин 1-пунктуна ылайык ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 217-беренесинин 2-пунктунда аныкталган учурларда гана бажы транзитинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоону талап кылбайт.

3. Товарларды жеткирүүнүн орду жана мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 219 жана 220-беренелерине ылайык белгиленет.

4. Бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн эл аралык жүк ташуунун транспорттук каражаттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 221-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен конструкцияланышы жана жабдылышы керек.

### [87-берене. Товарлардын транзити жөнүндө кабарлоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-87)

Товарлардын транзитине ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык келген шарттарда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кабарлоо менен жол берилет.

### [88-берене. Жүктү түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана товарлар менен болгон башка жүк операциялары, ошондой эле бажы транзити учурунда эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алмаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-88)

Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык ташылуучу товарлар боюнча жүктү түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана башка жүк операцияларын жүргүзүүгө, ошондой эле мындай товарларды ташуучу, эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алмаштырууга Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 222-беренесинде белгиленген учурларда, жөнөтүүчү бажы органынын же иш регионунда тиешелүү жүк операциялары жүзөгө ашырылуучу бажы органынын уруксаты менен жол берилет.

### [89-берене. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-89)

1. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 223-беренесинде белгиленген.

2. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ташуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Арналыштык бажы органына товарларды жана алардын документтерин жеткирбегенде ташуучу, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралса, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин товарларды бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизген бажы органы тарабынан, ушул мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

### [90-берене. Бажылык жол-жобону аяктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-90)

Бажы транзитинин бажылык жол-жобосун аяктоо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 225-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.

## 17-глава. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосу

### [91-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-91)

Бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажы кампасынын жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары, бажы кампасында товарларды сактоонун мөөнөттөрү, ошондой эле башка жоболор Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 229, 230, 234 жана 235-беренелеринде тийиштүү түрдө аныкталган.

### [92-берене. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-92)

1. Сырт өлчөмүнүн чоң болгондугуна байланыштуу, бажы кампасына коюуга мүмкүн болбогон товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүгө, бажы органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгон жана бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнүшү ушул Мыйзамдын 40-главасында белгиленген тартипте камсыздалган учурда жол берилет.

2. Декларант уруксат алуу үчүн, бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүдөн кийин, бажылык декларацияны алганга чейин товарлардын сакталышын ишке ашыруу болжолдонгон региондо иш-аракет жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын бажы органына арыз менен кайрылат. Кайрылууда декларант товарлардын аталышын жана алардын мүнөздөмөсүн, товарды бажы кампасына койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн себептерин, товарларды сактоонун так ордун анын почталык дареги менен кошо, ошондой эле товарлардын сакталышы үчүн декларант көрүүчү чаралар көрсөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарларды бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүгө уруксат берет же декларант Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде мындай уруксат берүүдөн баш тартат. Уруксат берүүдө товарларды сактоонун орду, бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун зарылдыгы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органы төмөнкүдөй учурларда гана уруксат берүүдөн баш тартат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздар болгондо;

2) жак Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде эки же андан көп жолу бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар үчүн администрациялык жоопко тартылганда.

5. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизген жак Кыргыз Республикасынын бажы органдарына бул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык товарлар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

### [93-берене. Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө арналган товарларды бажы кампасына жайгаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-93)

1. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө арналган чет өлкөлүк товарларды киргизүүгө уруксат берилет.

2. Ушул Мыйзамга ылайык бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында, чет элдик товарларды экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизүүдө аларды бажы кампасында сактоодон кийин, товарлардын бажылык наркын жана (же) алардын накталай түрүндөгү физикалык мүнөздөмөсүн (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү) аныктоо товарларды экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизүү үчүн берилген бажылык декларация бажы органында катталган каттаган күнгө карата, товарлар ушул күнү Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келингендей таризде жүргүзүлөт.

### [94-берене. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-94)

1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялардын тизмеги Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинде аныкталган.

2. Эгерде Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксаты талап кылынса, мындай уруксат кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, кайрылган күнү берилет. Уруксат өзүнчө документ катары жазуу жүзүндө же болбосо кызыкдар жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тийиштүү түрүндө берилет. Эгерде товарлар менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында товарлардын мүнөздөмөлөрү тышкы ишкердиктин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясына туура келбегендей таризде өзгөрүп кетсе, уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилет.

3. Товардын үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарылып берилген учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк товарлардын тандап алынган сынамыктарына жана үлгүлөрүнө карата алганда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык, алар боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.

### [95-берене. Бажы кампаларынын типтери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-95)

1. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Эгерде бажы кампалары ар кандай товарларды сактоо үчүн жана товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон ар кандай жактардын колдонуусу үчүн арналса, ачык типтеги кампалар болуп эсептелинет. Эгерде бажы кампалары кампа ээсинин же бул кампаны түзүүдө кампа ээси аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналса, жабык типтеги кампалар болуп саналат.

2. Жабык типтеги бажы кампалары арыз берүүчүнүн жабык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн (адистешкен бажы кампалары).

### [96-берене. Бажы кампасын ыңгайлаштыруу жана жабдуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-96)

Бажы кампасы катары пайдаланууга арналган орун-жайлар жана (же) аянттар товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай, аларга бөтөн адамдардын (кампа кызматчылары болуп саналбаган, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болбогон же болбосо мындай ыйгарым укуктарга ээ болгон жактардын өкүлдөрү болуп саналбаган адамдардын) кирүүсүнө жол берилбегендей, ошондой эле товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай таризде ыңгайлаштырылууга жана жабдылууга тийиш. Бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

### [97-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-97)

1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампада турган товарларды бажы контролун кыйгап өтүп кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

3) бажы кампасында сакталып турган товарларга бажы органдарынын кызматкерлеринин жете алуусун камсыз кылуу жана бажы контролун камсыз кылуу максатында аталган кызматкерлерге орун-жайларды, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарууга;

4) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) кампада сакталып турган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына отчет берүүгө.

2. Бажы кампасынын ээси төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

1) товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн;

2) бажылык жол-жобонун талаптарын аткарбагандыгы, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн.

### [98-берене. Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын жайгаштырган жактар менен өз ара мамилеси](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-98)

Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын койгон жактар менен өз ара мамилеси келишимдик негизде курулат.

### [99-берене. Бажылык жол-жобонун аракеттеринин аякташы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-99)

1. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аякташынын мөөнөтү жана тартиби Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 236-беренесинде аныкталган.

2. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесине ылайык декларант катары чыга ала турган кайсы жак болбосун бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аракеттерин аяктоо (токтотуу) зарыл болгон бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык токтотууга укуктуу.

3. Бажы кампасында сакталып турган товарларга карата жок кылуунун бажылык жол-жобосу бажы кампасынын ээси тарабынан билдирилиши мүмкүн.

4. Мурда убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ушул жол-жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары пайдалануу максатында аларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу алып келүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Аталган товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу менен чыгарууда, төлөнүүгө жатуучу бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Бажы кампасында сактап тургандан кийин ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү товарларга карата бажылык алымдарын, салыктарын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 238-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

### [100-берене. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө жана аларды төлөөнүн мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болушу, токтотулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-100)

Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 237-беренесинде аныкталган.

## 18-глава. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу

### [101-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-101)

1. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттары, товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтү, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү боюнча операциялар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 239, 240, 241, 243-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизүү үчүн бажылык декларация товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат алган жак же товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды тикелей ишке ашыруучу жак тарабынан берилет.

3. Чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 242-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтүн аныктоонун жана узартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [102-берене. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-102)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 240, 244-беренелеринде каралган, Бажы аймагындагы товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ болуп бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде товарлар бажы аймагында кайра иштетүүнүн жол-жобосуна ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан киргизилсе, бажы аймагында кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ катары, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жана Кыргыз Республикасынын бажы органынын ортосунда түзүлгөн, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган макулдашуу бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камтылган шартта колдонулушу мүмкүн.

3. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [103-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн продуктуларынын иштелип чыгуу ченеми](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-103)

1. Продуктулардын иштелип чыгуу ченеми (чет өлкөлүк товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык мазмуну) бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан аныкталат жана кайра иштетүү жүзөгө ишке ашырылып жаткан иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын бажы органына макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпаттамасы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченеми белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөзгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү операциялары адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлгөн жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктуларынын чыгышына алып келген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы иштелип чыгуунун стандарттык ченемдерин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемин белгилөөдө Кыргыз Республикасынын бажы органы эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эсепке алат.

### [104-берене. Таштандылар жана калдыктар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-104)

Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон таштандыларга, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлардын калдыктарына карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 246, 247-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.

### [105-берене. Эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-105)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 248-беренесине ылайык, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жол берилет. Эквиваленттүү компенсацияны колдонууга уруксат кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы аймагында товарларды иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтөт.

2. Эгерде чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга уруксат берилсе, Бажы бирлигинин бажы аймагына чет өлкөлүк товарларды алып келгенге чейин, эквиваленттүү товарлардан алынган кайра иштетүү продуктуларын алып кетүүгө жол берилет, бул тууралуу бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлөт. Мында чет өлкөлүк товарларды алып келүү үчүн мөөнөт бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган (алуучу) жак тарабынан, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Товарлардын айрым категорияларына карата эквиваленттик компенсацияны колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [106-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууда товарларды эсепке алуу. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу жөнүндө отчеттуулук](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-106)

1. Декларант, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды кайра иштетүүнү ишке ашырган жактар товарларды эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Товарларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бухгалтердик жана салык эсептерин жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде товарларды кайра иштетүү мөөнөтүнүн ичинде бир эле чет өлкөлүк товарлар бир нече товардык партия менен алып келинсе, мындай товарларды бажы максаттары үчүн эсепке алуу кыйла мурдараак мөөнөттө алып келинген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи кезекте колдонулат деген божомолго таянуу менен жүргүзүлөт.

4. Эгерде кайра иштетүүгө берилген уруксатта чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында мындай товарларды идентификациялоонун ыкмасында чет өлкөлүк конкреттүү товарды бул товар пайдаланылып даярдалган кайра иштетүү продуктусу менен салыштыруунун зарылдыгы бар болсо, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган эреже колдонулбайт. Эгерде бул эреже бухгалтердик эсептин декларант колдонгон усулдарына туура келбесе, декларант бул эрежени пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

5. Товарлардын декларанты кеминде үч айда бир жолу Кыргыз Республикасынын бажы органына бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун шарттарын жана талаптарын аткаруу жөнүндө маалыматтарды камтыган отчетту берет.

6. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары бир нече партия менен алынып кетсе, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетүү прдуктуларынын санын биротоло салыштырып кароо кайра иштетүү продуктулары алып кетилгенден кийин, кеминде үч айда бир жолу жана товарлардын акыркы партиясы алып кетилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

### [107-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосунун аракетин аяктоо жана токтото туруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-107)

1. Кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракетинин аяктоосу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 249-беренесинде белгиленген тартипте ишке ашырылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларын жана (же) кайра иштетүү операцияларына тартылбаган чет элдик товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизүүдө бажы алымдары жана салыктары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 251-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен төлөнөт.

3. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү бүткөнгө чейин, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракети (кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү) токтото турулушу мүмкүн. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракетин токтото туруунун жана кайра жаңыртуунун тартиби Бажы бирлигинин комиссиясынын чечими менен аныкталат.

4. Эгерде бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган адам кайра иштетүү продуктуларынын санын салыштырып кароонун натыйжасында бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө тийиш болсо, бул бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар, эгерде бул сумма Кыргыз Республикасынын бажы органы аталган сумманы төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн баштап он жумуш күндөн кечиктирилбестен төлөнсө, чегерилип эсептелбейт.

### [108-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-108)

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жактар тартат.

### [109-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-109)

Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 250-беренесинде белгиленген.

## 19-глава. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу

### [110-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-110)

1. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажылык жол-жобого товарларды жайгаштыруунун шарттары, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүү операциялары, ошондой эле бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 252, 253, 254, 256-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн бажылык декларацияны бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак берет.

3. Товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында товарларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 255-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды алып кетүүдө төлөмдөн бошотуу, кайтаруу же ички салыктардын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.

### [111-берене. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-111)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 253 жана 257-беренелеринде каралган, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксат эсептелет. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүүдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 257-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 257-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды берүүнүн, товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө берилген уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

### [112-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүдө продуктулардын иштелип чыгуу ченемдери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-112)

1. Иштелип чыгуу ченемдери (белгилүү сандагы товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында алынган кайра иштетүү продуктуларынын саны жана пайыздык мазмуну) бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан белгиленет жана ал ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алып, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченемдери белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөздөмөгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү боюнча операциялар адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык ишке ашырылган жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктулары чыгарылган учурларда бажы органы стандарттуу иштелип чыгуу ченемдерин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемдери Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленгенде эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген корутундулары эсепке алынат.

### [113-берене. Кайра иштетүү продуктуларын чет элдик товарларга алмаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-113)

Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 259-беренесине жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кайра иштетүү продуктуларын чет өлкөлүк товарларга алмаштырууга жол берилет.

### [114-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун пайдалануу тууралуу отчет](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-114)

1. Ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык, декларант бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун шарттарын жана талаптарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчетту кеминде үч айда бир жолу Кыргыз Республикасынын бажы органдарына берүүгө тийиш.

2. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагына бир нече партия менен алып келинсе, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санын биротоло салыштырып кароо бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн мөөнөтү бүткөн күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

### [115-берене. Бажылык жол-жобону аяктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-115)

1. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык аяктайт.

2. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды экспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 263-беренесине ылайык ишке ашырылат.

3. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун башка бажы жол-жобосуна өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органына товарларды иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.

### [116-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-116)

Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 261-беренесинде белгиленген.

### [117-берене. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-117)

1. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 262-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен ишке ашырылат.

2. Эгерде кайра иштетүүнүн максаты алып кетилген товарларды кепилдиктүү (акысыз) оңдоо болсо, кайра иштетүү продуктулары бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулат. Эгерде эркин керектөөгө чыгарууда оңдоп-түзөөнүн себеби болгон кемчиликтер эске алынса, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында мурда жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулбайт.

3. Калган учурларда кайра иштетүү продуктуларына карата, акциздерди кошпогондо, ушул беренеге ылайык бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу берилет:

1) бажы алымдарынын жана салыктарынын комбинацияланган же адвалордук коюмун колдонууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген кайра иштетүү товарларынын бажылык наркынын жана кайра иштетүүгө алып кетилген товарлардын бажылык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталуучу, товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын наркы эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктарынын өзгөчөлүү коюмун колдонууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, кайра иштетүү боюнча операциянын наркына пропорциялуу түрдө туура келген кайра иштетүү продуктуларынын саны эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктардын суммасын эсептөө максатында товарлардын санын аныктоонун усулдамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү нускама менен аныкталат;

2) кайра иштетүү продуктуларына карата акциздер, алып кетилген товарларды оңдоо кайра иштетүү операциясы болуп саналган учурларды кошпогондо, толук көлөмдө төлөнүүгө жатат. Көрсөтүлгөн учурда акциздер ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте эсептелет.

### [118-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-118)

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жактар тартат.

## 20-глава. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу

### [119-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-119)

1. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруу шарттары, ички керектөө үчүн кайра иштетүү операциялары, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 264-266, 268-беренелерине ылайык аныкталган.

2. Товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу үчүн бажылык декларация товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан берилет.

3. Кайра иштетүү продуктуларындагы товарларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө жол берилүүчү товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

### [120-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-120)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 265 жана 269-беренелеринде каралган, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ички керектөө үчүн кайра иштетүү жол-жобосу астында жайгаштырса, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу документ катары, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана Кыргыз Республикасынын бажы органы ортосундагы макулдашуу колдонулушу мүмкүн, мында бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтардын камтылышы шарт болуп саналат.

3. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде каралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартиби, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

### [121-берене. Таштандылар жана калдыктар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-121)

Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктарга, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлардын калдыктарына карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 271, 272-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.

### [122-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн продуктуларынын иштелип чыгуу ченемдери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-122)

1. Иштелип чыгуу ченемин (товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык мазмуну) ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксатты алган адам белгилейт жана ал жүзөгө ашырылуучу иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алып, бажы органы менен макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, сапаты жана саны иштелип чыгуу ченеми белгиленгенден же макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Кайра иштетүү боюнча операция иш жүзүндө туруктуу мүнөзгө ээ болгон товарларга карата адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлгөн жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктуларынын иштелип чыгышына алып келген учурларда бажы органы иштелип чыгуунун стандарттык ченемин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эсепке алат.

### [123-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууда товарларды эсепке алуу. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу тууралуу отчеттуулук](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-123)

1. Декларант, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган жактар товарлардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Товарлардын эсеби бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде товарларды кайра иштетүүнүн мөөнөтүндө бир эле чет өлкөлүк товарлар бир нече товардык партиялар менен киргизиле турган болсо, бажылык максаттар үчүн мындай товарларды эсепке алуу бир кыйла эрте мөөнөттө алынып келинген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи болуп пайдаланылат деген божомолго таянуу менен жүргүзүлөт.

4. Эгерде чет элдик товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоонун кайра иштетүүгө берилген уруксатта белгиленген ыкмасын колдонуу конкреттүү чет өлкөлүк товарды пайдалануу менен даярдалган кайра иштетүү продуктусуна ушул чет өлкөлүк товарды салыштырып кароонун зарылдыгына алып келсе, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган эрежелер колдонулбайт. Эгерде бухгалтердик эсептин декларант колдонгон усулдарына туура келбесе, ал бул эрежени колдонуудан баш тартууга укуктуу.

5. Товарлардын декларанты ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык, ички керектөө үчүн бажылык жол-жобону колдонуунун талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчетту кеминде үч айда бир жолу бажы органына берет.

6. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары бир нече партия менен чыгарыла турган болсо, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санына биротоло салыштырып кароо кайра иштетүү продукттарын алып кетилгенден кийин мезгил-мезгили менен, бирок кеминде үч айда бир жолу жана товарлардын акыркы партиясы алып кетилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде жүргүзүлөт.

### [124-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууну аяктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-124)

Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 273, 275 жана 276-беренелеринде каралган тартипте, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу менен аяктайт.

### [125-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-125)

Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 274-беренесинде белгиленген.

### [126-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-126)

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жак тартат.

## 21-глава. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосу

### [127-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-127)

Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруунун шарттары, ошондой эле убактылуу алып келинген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 277, 278 жана 279-беренелеринде аныкталган.

### [128-берене. Убактылуу алынып келинген товарларды пайдалануу жана тескөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-128)

1. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды пайдалануу жана тескөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 279-беренесинде белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырылат.

2. Декларанттын убактылуу алынып келген товарларды бажы органынын уруксатысыз башка адамга ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүсүнүн учурлары жана шарттары, ошондой эле декларанттын убактылуу алынып келген товарларды бажы органынын уруксаты менен башка адамга ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүсүнүн учурлары жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [129-берене. Товарларды убактылуу алып келүү мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-129)

1. Товарларды убактылуу алып келүү (уруксат кылуу ) мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 280-беренесинде белгиленген мөөнөттүн чегинде, мындай алып келүүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша бажы органы тарабынан декларанттын арызынын негизинде белгиленет.

2. Декларанттын жүйөлөнгөн арызы боюнча убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн.

3. Бажы органы он жумуш күндүн ичинде убактылуу алып келүүнүн мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды карап чыгат жана декларантка мөөнөттү узартуу же узартуудан баш тартуу тууралуу билдирет. Декларант убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарын жана шарттарын сактабаган учурда гана бажы органы убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.

4. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш. Бажы органы декларантка жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн баш тартуу тууралуу кабарлайт.

### [130-берене. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-130)

1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук жана жарым-жартылай шарттуу бошотууну колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 282-беренесинде белгиленген эрежелер жана шарттар боюнча жүргүзүлөт.

2. Убактылуу алынып келген товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 284-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

### [131-берене. Убактылуу алынып келинген (уруксат кылынган) бажылык жол-жобо астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөө мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-131)

Убактылуу алынып келинген (уруксат кылынган) бажылык жол-жобо астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 283-беренесинде аныкталган.

### [132-берене. Бажылык жол-жобонун аракетин аяктоо жана токтото туруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-132)

Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 281-беренесинде белгиленген тартипте аяктайт жана токтотула турат.

### [133-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-133)

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосу астында товарларды жайгаштырган жак тартат. Убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосу астында турган товарларды пайдалануу жана ээлөө укугу башка жакка өткөрүлүп берген учурда бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн ортоктош жоопкерчиликти убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосу астында товарларды жайгаштырган жак жана башка жак тартат.

## 22-глава. Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосу

### [134-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-134)

Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажылык жол-жобого товарларды жайгаштыруунун шарттары, ошондой эле убактылуу алынып кетилген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 285, 286 жана 287-беренелери менен аныкталган.

### [135-берене. Убактылуу алып кетүүнүн мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-135)

1. Товарларды убактылуу алып кетүүнүн мөөнөттөрү, ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мындай алып кетүүнүн максаттарына жана шарттарына жараша, декларанттын арызынын негизинде бажы органы тарабынан белгиленет. Декларанттын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, товарларды убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтү ушул берененин 4 жана 5-бөлүгүндөгү жоболорду эсепке алуу менен, бажы органы тарабынан узартатылышы мүмкүн.

2. Убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды бажы органы он жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана декларантка мөөнөттү узартуу же узартуудан баш тартуу тууралуу билдирет. Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 38-главада жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген, убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун талаптарын жана шарттарын декларант сактабаган учурда гана бажы органы убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.

3. Убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болушу керек. Бажы органы баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө декларантка кабарлайт.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 288-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Бажы бирлигинин бажылык аймагынан сырткары алып кетүүнүн максаттарына жараша товарлардын айрым категориялары үчүн, ошондой эле убактылуу алып кетүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра алып келүү милдеттүү болуп эсептелген товарлар үчүн убактылуу алып кетүүнүн мөөнөттөрүнүн чектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Убактылуу алынып кетилген, Кыргыз Республикасынын аймагына кайра кайтаруунун милдеттүү экендиги белгиленбеген товарларга карата менчик укугу чет өлкөлүк жаранга өткөрүлүп берилген учурда бул товарларды убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтү узартылууга жатпайт, ал эми товарлар экспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылууга жатат.

### [136-берене. Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобо астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып келген бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-136)

Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 290-беренесинде аныкталган.

### [137-берене. Бажылык жол-жобону аяктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-137)

Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 289-беренесинде каралган тартипте аяктайт.

### [138-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-138)

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосуна товарларды жайгаштырган жак тартат.

## 23-глава. Реимпорттун бажылык жол-жобосу

### [139-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-139)

Реимпорттун бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруу шарттары, кайра импорттоонун бажылык жол-жобосу астында товарларды жайгаштыруу үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 292, 293 жана 294-беренелери менен аныкталган.

### [140-берене. Алып кетүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (эсептешүүгө алуу)](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-140)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 293-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн, реимпорттун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларга карата, эгерде аталган товарлар реимпорттун бажылык жол-жобосуна мындай товарларды экспорттун бажылык жобосу астында жайгаштырган күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен жайгаштырылса, алып кетүүдөгү бажы алымдарынын төлөнгөн суммаларын кайтаруу (эсептешүүгө алуу) жүргүзүлөт.

2. Алып кетүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (эсептешүүгө алуу) ушул Мыйзамдын 42-главасында белгиленген тартипте бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

### [141-берене. Товарларды реимпорттун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырууда алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды, субсидияларды жана башка суммаларды төлөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-141)

1. Товарларды реимпорттун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган эсепке, ал эми Бажы бирлигине мүчө өлкөлөрдүн эл аралык келишиминде белгилеген учурларда, - ушул эл аралык келишимде аныкталган эсепке төмөнкүлөр төлөнүүгө жатат:

1) алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктарынын жана (же) алардын пайызынын суммалары, эгерде мындай алымдардын, салыктардын жана (же) алардын пайызынын суммалары алынбаса, же товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө байланыштуу кайтарылып берилсе;

2) ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана тикелей же кыйыр төлөмдөр, жеңилдиктер же товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө байланыштуу ордун толтуруулар катары төлөнбөгөн же алынган башка суммалар.

2. Реимпорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды төлөө боюнча милдет декларантта бажылык декларацияны бажы органы каттаган учурдан тартып келип чыгат.

3. Алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды төлөө боюнча милдет декларантта төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) алып кирүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана башка суммалар ушул Мыйзамга ылайык белгиленген өлчөмдө төлөнсө;

2) реимпорттун бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруудан баш тартса.

4. Алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын суммалары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 251-беренесинде кайра иштетүүнүн продуктуларын ички пайдалануу үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө жаткан бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын аныктоо үчүн белгиленген эрежелер боюнча эсептелет.

5. Ички салыктардын суммалары товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө бажылык декларацияны толтурган күнгө карата колдонулган коюмдарга, жана товарлардын аларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө аныкталуучу бажылык наркына жана (же) санына жараша эсептелет. Эгерде алып келүүчү товарларга карата экспорттун бажылык жол-жобосун билдиргенде товарлардын бажылык наркы аныкталбаса жана билдирилбесе, ички салыктардын суммасын эсептөө максаттары үчүн бул товарлар үчүн иш жүзүндө төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан баа пайдаланылат, бул баа товарды алып кетүүдө сатуу-сатып алуу бүтүмүнө байланыштуу таризделген коммерциялык документте көрсөтүлөт жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө бажылык декларацияны толтурган күнгө карата Кыргыз Республикасынын валютасында эсептелет. Аталган товарларга карата башка бүтүмдөргө байланыштуу экспорттун бажылык жол-жобосу билдирилгенде, бул товарлардын аларды алып кетүүдөгү коммерциялык же башка документтерде келтирилген, ушул Мыйзам белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын валютасында эсептелген, товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө бажылык декларация толтурулган күнгө карата аныкталган баасы колдонулат.

6. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды эсептөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Көрсөтүлгөн суммалар менен бир катарда алардан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коюмдары боюнча пайыздар алынуучу учурларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоого укуктуу.

7. Алып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар, ички салыктар, субсидиялар жана башка суммалар жана алардын пайыздары товарлар реимпорттун бажылык жол-жобосуна ылайык чыгарылганга чейин төлөнүүгө жатат.

8. Ушул беренеде каралган алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана башка суммалар жана алардын пайыздары Бажы бирлигинин Бажы кодексинде жана ушул Мыйзамда бажы төлөмдөрүн өндүрүү үчүн белгиленген тартипте төлөнөт.

### [142-берене. Бажылык жол-жобону сактабагандык үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-142)

Бажылык жол-жобону сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти товарларды реимпорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырган декларант тартат.

## 24-глава. Реэкспорттун бажылык жол-жобосу

### [143-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-143)

1. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 296 жана 297-беренелеринде аныкталган.

2. Мурда ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосунда турган товарларды реэкспорттун жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн декларант бажы органына Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 299-беренесинде каралган документтер менен маалыматтарды берет.

3. Эгерде реэкспортто алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотуу же төлөнгөн суммаларды кайра кайтаруу товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында турганда колдонулган белгилүү бир бажылык жол-жоболордо шарттарында каралган болсо, мындай бошотуу берилет же кайра кайтаруу жүргүзүлөт.

4. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды алты айлык мөөнөттүн ичинде иш жүзүндө алып кетүү жүргүзүлбөгөндө, же болбосо товарлар пайдаланылганда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланылганда бажы алымдары, салыктары төлөнөт, аларды төлөтүп алуу товарларды алып келгенде алар ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна билдирилгенде төлөнгөндөй жүргүзүлөт. Ошондой эле алардан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмдары боюнча пайыздар алынат, аларды алуу товарларды реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырганда көрсөтүлгөн суммаларга карата кийинки калтырылганда алынгандан жүргүзүлөт.

### [144-берене. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды ташуунун өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-144)

Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташуу бажы транзитинин жол-жобосуна тиешелүү болгон бажы контролу алдында, Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 32-главада белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

### [145-берене. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-145)

Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 300-беренесинде белгиленген.

### [146-берене. Алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (зачет)](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-146)

1. Мурда ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 297-беренесинин 2-пунктчасында белгиленген шарттарда реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган жана иш жүзүндө Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алынып кеткен товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын кайтаруу (зачет) ушул Мыйзамдын 42-главасында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

### [147-берене. Бажылык жол-жобону сактабагандык үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-147)

Бажылык жол-жобону сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти товарларды реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырган декларант тартат.

## 25-глава. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосу

### [148-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-148)

1. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды алымсыз сооданын бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 302 жана 303-беренелеринде аныкталган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлердеги алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүндө товарларды сатуу бажы контролу алдында жүргүзүлөт.

3. Товарлар алымсыз соода жүргүзүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылганда ички салыктарды, ошондой эле алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын мурда төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.

4. Алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн иштөө тартиби жана аталган дүкөндөрдө товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [149-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-149)

1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү орун-жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.

Аталган орун-жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүүнү, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай таризде жабдылууга тийиш.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдары алымсыз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандай таризде жайгаштырылууга тийиш.

3. Алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн өткөрмө пункттарда жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын карамагында турган мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш. Башка жерлердеги алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

4. Алымсыз соода дүкөнүнүн орун-жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат.

5. Алымсыз соода-сатык дүкөнүн ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [150-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-150)

1. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сатуу үчүн алымсыз соода дүкөнүнө келген товарларды бажы контролун кыйгап алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын эсебин жүргүзүүгө;

3) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын отчетун бажы органдарына берүүгө;

4) ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) Кыргыз Республикасынын соода чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоого.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чет өлкөлүк товарлар жоголгон учурда же болбосо аларды ушул главада белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык, алымсыз соода дүкөнүндө жеке жактарга чекене сатуудан башка максаттарда пайдаланган учурда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

### [151-берене. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосун аяктоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-151)

Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 305-беренесинде каралган тартипте аяктайт.

### [152-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-152)

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тартат.

## 26-глава. Жок кылуунун бажылык жол-жобосу

### [153-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-153)

1. Жок кылуунун бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун шарттары жана жок кылуунун бажылык жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 307-309-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууга бажы органынын уруксаты менен жол берилет.

3. Товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууга бажы органынын уруксат берүүсүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

### [154-берене. Товарларды жок кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-154)

1. Товарларды жок кылуунун мөөнөтү бажы органы тарабынан, декларанттын арызынын негизинде, товардын ушул түрүн билдирилген ыкма менен жок кылууга зарыл болгон убакытка, ошондой эле товарларды алар турган жерден алар жок кылынуучу жерге чейин алып барууга зарыл болгон убакытка жараша белгиленет.

2. Товарларды жок кылуунун орду Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан аныкталат.

3. Товарлар жок кылынгандан кийин декларант ырастоочу документтерди (жок кылуу же утилдештирүү жөнүндө актылар же отчеттор, жок кылууда же утилдештирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же калыптанган тажрыйбага ылайык түзүлүүчү башка документтер) бажы органына берүүгө милдеттүү.

### [155-берене. Бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-155)

1. Бажы органдары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык, жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу же жайгаштырылган товарларга бажы контролун тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен жүргүзөт.

2. Эгерде бажы органдарынын кызмат адамдары товарларды жок кылуу процессине визуалдык байкоо жүргүзсө, товарларды жок кылууну ырастоочу акт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган формада жана тартипте түзүлөт.

### [156-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-156)

Бажылык жол-жобонун шарттарын, Кыргыз Республикасынын табигый айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын сактабагандык үчүн, ошондой эле таштандылар менен калдыктарга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти жок кылуунун бажылык жол-жобосун билдирген декларант тартат.

## 27-глава. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу

### [157-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-157)

1. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосунун мазмуну жана товарларды аталган жол-жобого киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 310 жана 311-беренелеринде аныкталган.

2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун жол-жобосуна товарларды киргизүү бажы органынын уруксаты менен берилет.

3. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун жол-жобосуна товарларды киргизүү үчүн бажы органдары тарабынан уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

### [158-берене. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу жол-жобосуна киргизилген товарларды тескөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-158)

1. Мамлекеттин пайдасына товарлардан баш тартуу товарларды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен ордун толтурууга мүмкүн болбогон кандайдыр бир чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына алып келбеши керек.

2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте өткөрүлүп берилет.

### [159-берене. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажылык жол-жобону колдонгондук үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-159)

Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык үчүн, ошондой эле товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна киргизүү жолу менен аларды тескөөнүн мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчиликти декларант тартат. Бажы органдары мамлекеттин пайдасына декларант баш тарткан товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдардын кандайдыр бир мүлктүк дооматтарынын ордун толтурбайт.

## 28-глава. Атайын бажылык жол-жобо

### [160-берене. Атайын бажылык жол-жобонун мазмуну жана товарларды бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-160)

1. Атайын бажылык жол-жобо - Бажы бирлигинин Комиссиясы тарабынан белгиленген тизме боюнча жана бул Комиссия белгилеген шарттарга ылайык товарлардын айрым категориялары бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн, товарлардын бул категорияларына карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жол-жобо.

2. Товарлардын атайын бажылык жол-жобосунда туруу мөөнөтү, бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгыш жана токтотулуш учурлары, ошондой эле атайын бажылык жол-жобону колдонууда аларды төлөөнүн мөөнөтүнүн башталуусу келген учурлар, атайын бажылык жол-жобонун аракеттерин аяктоо, убактылуу токтотуу жана жандандыруу тартиби, атайын бажылык жол-жобого киргизилген товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөр, эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары менен башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында аныкталган учурларда, товарлардын айрым категорияларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттарын белгилейт.

3. Товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүдө бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү, ошондой эле ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, кайтарып берүү же ордун толтуруп берүү жүргүзүлбөйт.

### [161-берене. Товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүдө бажылык декларациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-161)

Товарларды бажылык декларациялоонун тартиби, товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүдө бажылык декларацияда көрсөтүлүүгө жаткан маалыматтардын тизмеги, ошондой эле декларант тарабынан товарларга декларация менен бир мезгилде көрсөтүлүүчү документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

## V бөлүм. Товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

## 29-глава. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

### [162-берене. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-162)

1. Товарларды эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 44-главага жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операциялары эл аралык почта алмашуу жерлеринде же бажы органы тарабынан аныкталган башка жерлерде жүргүзүлөт. Почта байланышынын объекттери болуп саналган эл аралык почта алмашуу жерлери почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

### [163-берене. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операцияларынын өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-163)

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө чек коюлган товарларга карата товар алуучулар же жиберүүчүлөр же болбосо алардын атынан аракеттенген жактар бажылык тариздөөдө зарыл уруксаттарды, лицензияларды, сертификаттарды көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Эл аралык почталык жөнөтүмдөрү менен жиберүүгө тыюу салынган жана чек коюлган товарларды алып коюу, ошондой эле аларды тескөө бажы органдары тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

3. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберүүдө товарларды бажылык тариздөө артыкчылыктуу тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажылык тариздөөнүн конкреттүү мөөнөттөрү почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Өзүнчө бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте, товар алуучу же жиберүүчү турган аймактагы бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары алынып кетүүчү, өзүнчө бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө товарларды жиберүү үчүн почта байланышынын уюмдарына бергенге чейин, жиберүүчүлөр же алардын атынан аракеттенген жактар тарабынан жүргүзүлөт.

6. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарларга карата бажы жыйымдарын, салыктарын колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 316-беренесинде аныкталган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен которуштурулуучу эл аралык почталык жөнөтүмдөрдү бажылык декларациялоо жүргүзүлбөйт.

### [164-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттениши](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-164)

1. Эл аралык почталык жөнөтүмдөрдө камтылган товарларды бажылык тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугунун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара аракеттешүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзөт.

Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланышынын уюму бажы органдарынын контролунун астында бул органдардын айрым функцияларын аткарган учурлар каралышы мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүү жана аларды бул аймактан алып кетүү эрежелеринин эл аралык почта жөнөтүмдөрүн которуштурууга тийиштүү бөлүгү тууралуу почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өз убагында билдирет.

## 30-глава. Чет өлкөлүк жактардын айрым категорияларынын товарларды алып өтүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

### [165-берене. Чет өлкөлүк жактардын айрым категорияларынын товарларды алып өтүшү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-165)

1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын персоналы тарабынан товарларды, ошондой эле артыкчылыкка, өзгөчө укукка жана (же) иммунитетке ээ болгон чет өлкөлүк адамдардын айрым категорияларынын жеке жана үй-бүлөлүк колдонуусуна арналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 45-главага ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жактар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүнүн жеңилдетилген эрежелери Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 45-главада белгиленген эрежелерден сырткары каралса Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.

3. Эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар, чет мамлекеттердин алардагы өкүлчүлүктөрү үчүн, ошондой эле бул уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн персоналы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бажы жеңилдиктери Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдери менен аныкталат.

4. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, чет мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын (мындан ары - өкүлчүлүктөр) персоналы расмий пайдалануу үчүн алып өтүшкөн товарларды бажылык декларациялоо эркин формада эки нускада түзүлгөн, өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана өкүлчүлүктүн башчысы же ал ыйгарым укук берген адам кол койгон жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) бажы органына көрсөтүү менен жүргүзүлөт, арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

1) бажы органынын аталышы;

2) товарды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып кетүүгө карата транспорттук документтин номери жана датасы;

3) товар жөнүндө кыскача маалымат.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арыз менен чогуу транспорттук (ташуучулук) документтер берилет.

6. Өкүлчүлүктүн расмий колдонуусуна арналган товарларды жиберүүчү (алуучу) жак бажы органына инсандыгын күбөлөндүргөн документти, ошондой эле жактын статусун тастыктаган документти же өкүлчүлүктүн мөөрүнүн түшүрүлмөсү жана өкүлчүлүктүн башчысынын колу же өкүлчүлүктүн кол коюуга ыйгарым укуктуу башка кызмат адамынын колу коюлган ишеним катты (бир жылдык же бир жолу пайдалануучу) көрсөтөт.

### [166-берене. Өз ара бирдейлик принциптеринде берилүүчү бажы жеңилдиктеринин таркалышы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-166)

Ушул Мыйзам менен берилүүчү бажы жеңилдиктери чет мамлекет менен атайын макулдашуунун негизинде, ар бир өзүнчө мамлекетке карата өз ара бирдейлик принцибине жараша башка жактарга да таркалышы мүмкүн.

## 31-глава. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

### [167-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-167)

Бажы органдары автордук укуктун жана аралаш укуктардын объекттеринин укук ээсинин Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 46-главасында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте, укук ээсинин арызы боюнча интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдаланууга карата укук ээсинин белгисине болгон укуктарын коргоону жүзөгө ашырат.

### [168-берене. Укук ээсинин арызын кароонун тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-168)

1. Укук ээси же анын таламдарын билдирүүчү жак (мындан ары - арыз ээси) интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын пикири боюнча, контрафакттык болуп саналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүдө же бажы контролунда турган товарлар менен дагы башка аракеттер жасалганда анын укуктары бузулушу мүмкүн же бузулду дел эсептеген учурларда, аталган укуктарын коргоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

2. Арызда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) укук ээси тууралуу маалыматтар, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү тууралуу да;

2) бажы реестрине киргизилүүгө тийиш болгон интеллектуалдык менчиктин объектин көрсөтүү жана интеллектуалдык менчикти түзгөн товарлардын сыпатталышы;

3) жогоруда аталган интеллектуалдык менчиктин объектисин түзгөн товарды өндүргөн уюм тууралуу маалыматтар жана бул уюмдардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;

4) товарлардын өндүрүлгөн жери;

5) интеллектуалдык менчик укугунун бар экендиги жана таандуулугу жөнүндөгү маалыматтар.

Арызга интеллектуалдык менчик укугунун бар экендигин жана таандуулугун тастыктаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, интеллектуалдык менчик жөнүндөгү дагы башка документтер), зарылчылык болгон учурда - анын таламдарын билдирүүчү жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет. Эгерде бир эле интеллектуалдык менчик объектисине болгон укук эки башка укук ээсине тийиштүү болсо, арызга ар бир укук ээсинин ишеним каты же бир эле интеллектуалдык менчик объектисине укуктун жоктугу тууралуу милдеттенме тиркелиши керек. Арыз бергенде аны менен кошо интеллектуалдык менчиктин объектисин жана (же) контрафакттык товарды түзгөн товардын үлгүсү да берилиши мүмкүн. Арыз ээси контрафакттык товарларды, аны менен кошо анын укуктары бузулган болжолдуу күндү аныктоого бажы органдарына мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтарды бере алат.

3. Арыз берүү учурунда арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгерде шектүү деп эсептелген товар контрафакттык эмес экени далилденсе, товарларды чыгарууну токтото турууга байланыштуу чыгымдардын жана келтирилген зыяндардын ордун декларантка толтуруп берүү тууралуу милдеттенме берет. Чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенменин формасы жана мазмуну, ошондой эле милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды келген күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карап чыгат жана интеллектуалдык менчик объектилеринин бажы реестрине арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүүчүгө билдирилет.

5. Арыз берүүчүнүн берген маалыматынын тактыгын текшерүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактан, ошондой эле мамлекеттик органдан берилген маалыматты тастыктоочу документтерди сураганга укуктуу. Аталган органдар жана үчүнчү жактар суроо-талапты алган күндөн тартып он күндүн ичинде суралган документтерди берүүгө милдеттүү.

6. Арыз берүүчүдөн талап кылынган, бул чечимди кабыл алуу үчүн маанилүү болгон документтер берилбеген учурда арызды кароо токтото турулушу мүмкүн. Ушуну менен бирге, арызды кароонун жалпы мөөнөтү үч айдан ашпашы керек. Арыз берүүчүдөн талап кылынуучу документтер берилбеген учурда арыз кайра алынган болуп эсептелет жана андан ары кароого жатпайт, бул туурасында жазуу же электрондук формада арыз берүүчүгө кабарланат.

7. Эгерде берилген документтер интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун арыз берүүчүгө таандык экенин тастыктабаса же арыз берүүчү анык эмес маалыматтарды берсе, товарды чыгарууну токтото турууга байланышкан чараларды көрүүдөн баш тартуу жана интеллектуалдык менчик объектисин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

8. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, арыз берүүчү бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.

### [169-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-169)

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы бажы контролунун максаттары үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт (мындан ары - Бажы реестри).

Бажы реестрин киргизүүнүн жана андагы камтылган маалыматтарды бажы органдарына жана арыз берүүчүлөргө жеткирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектисин кошуу үчүн укук ээси же анын өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган интеллектуалдык менчик объекттери бажы реестрине киргизилет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттеринин тизмегин өзүнүн расмий басылмасында жарыялоону камсыз кылат.

5. Интеллектуалдык менчик объекттери Бажы реестринен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:

- арыз берүүчү кайрылган учурда;

- Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектин киргизүү жана объектти коргоонун мөөнөтүн узартуу үчүн жыйымды төлөбөгөн учурда;

- интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо белгиленген тартипте токтотулган учурда;

- эгерде укук ээси товар чыгарууну токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укуктарын коргоо үчүн кайрылбаса же товар чыгарууну токтото туруу тууралуу чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызы менен бажы органына кайрылбаса;

- интеллектуалдык менчик объектин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө арыз бергенде так эмес маалыматтар табылган учурда.

6. Бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө жол берилет:

1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) - интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же аларга тиркелген документтердеги маалыматты өзгөртүү тууралуу;

2) укук коргоо органдарынан же башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан - Бажы реестринде көрсөтүлгөн жак укук ээси катары укугунан ажырагандыгы же интеллектуалдык менчик объекттерине укугу чектелгендиги тууралуу.

Бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

7. Бажы реестрине өзгөртүү киргизүүдөн мурда, түшкөн маалыматтарды текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул тууралуу укук ээси жана бажы органы жазуу жүзүндө кабарланат. Текшерүү жүргүзүү мезгилинде, ушундай интеллектуалдык менчик объектини камтыган товарларды чыгарууну токтото турууга байланышкан чараларды көрүү бажы органы тарабынан жүргүзүлбөйт.

8. Интеллектуалдык менчик объектиси Бажы реестрине киргизилген мөөнөттүн өтүүсү текшерүү үчүн зарыл болгон, бирок эки айдан ашпаган убакытка токтото турулушу мүмкүн.

9. Товарларды чыгарууну токтото туруу тууралуу чечимди кабыл алуунун, кабыл алынган чечим тууралуу арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө кабарлоонун, чыгарууну токтото туруу мөөнөтүн узартуунун, декларация берүүчүнүн чыгымдарын жана бажы органынын чыгымдарын өндүрүп берүүнүн тартиби, ошондой эле чыгарууну токтотуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

10. Бажы органдары Бажы реестрине киргизилбеген интеллектуалдык менчик объектин камтыган товарда анын контрафакттык товар болуп санала тургандыгынын белгилери табылган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарды чыгарууну токтотууга укуктуу.

### [170-берене. Маалымат берүү. Сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-170)

1. Бажы органы арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө, чыгарууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алынган товарлар контрафакттык же андай эмес товар экенин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

2. Арыз берүүчү жана декларация берүүчү алган маалымат ушул беренеге ылайык купуя болот жана алар тарабынан жарыяланбашы, үчүнчү жакка, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органга, берилбеши керек.

3. Бажы органынын уруксаты менен арыз берүүчү жана декларация берүүчү же алардын өкүлдөрү бажы контролу астында чыгарууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана үлгүлөрдү ала алат жана буларга изилдөө жүргүзө алат.

### [171-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укугун коргоого тийиштүү кошумча жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-171)

1. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарынын корголушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын коргоонун кандай гана болбосун башка каражаттарына таянууга укук ээсине тоскоол болбойт.

2. Товарларды чыгарууну токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде декларант укук ээсинин товарларды жок кылууга жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо чыгаруу токтотулуп турган товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосун билдире алат. Мындай учурда бажы органынын товарларды чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечими жокко чыгарылууга жатат.

## 32-глава. Товарларды өткөргүч куур транспорту менен жана электр берүү линиялары боюнча алып өтүүнүн өзгөчөлүктөрү

### [172-берене. Товарларды өткөргүч куур транспорту менен алып өтүүдө декларациялоо жана бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-172)

1. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө, ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Мыйзамдын 225-беренесине ылайык аларды убактылуу мезгилдик бажылык декларациялоого жол берилет. Убактылуу мезгилдик декларациялоо убактылуу бажылык декларацияны берүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Убактылуу бажылык декларацияда декларант айткан, тышкы соода келишиминин (контрактынын) колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган мезгилдин ичинде, товарлардын болжолдуу санын алып кирүү ниетине, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү пландалган товарлардын санына, алардын керектөөлүк касиеттерине жана (же) убактылуу бажылык декларацияны берүү күнүнө карата аталган товарлардын баасын аныктоонун тышкы соода келишиминин (контрактынын) шарттарында каралган тартибине ылайык аныкталган шарттуу бажы наркына жараша маалыматтарды билдиргенге жол берилет.

3. Бир нече тышкы соода келишимдери (контракттары) (анын ичинде жеткирип берүүнүн, бааны түзүүнүн жана төлөөнүн ар кандай шарттары) боюнча милдеттерди аткаруунун алкагында бир бажылык жол-жобонун шарттарына ылайык товарларды алып өткөн бир эле адам тарабынан алып кирилүүчү товарларга бир убактылуу декларацияны берүүгө жол берилет.

4. Убактылуу бажылык декларация жыл чейрегинен ашпаган мезгилде, ал эми жаратылыш газына - бир календардык жылдан ашпаган мезгилде, ушул мезгилден мурдагы айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен декларант тарабынан берилет.

5. Эгерде убактылуу бажылык декларацияда көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде бажы органы кабыл алган убактылуу бажылык декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын саны өзгөрсө, кошумча убактылуу бажылык декларацияда декларацияланган товарларды алып өтүү башталганга чейин кошумча убактылуу декларация берүүгө жол берилет.

6. Декларант товарларды жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн ташылып чыккан товарларга тийиштүү түрдө толтурулган бир же бир нече толук бажы декларацияларын берүүгө милдеттүү. Толук бажылык декларация товарлар жеткирилүүчү календардык айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен берилиши керек. Декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартат, бирок токсон күндөн көп эмес убакытка гана. Толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартуу бажы алымдарынын, салыктардын эсептелген суммаларын төлөө мөөнөтүн узартпайт.

7. Эгерде календардык айдын ичинде убактылуу бажылык декларацияда алып кирүүгө билдирилген товарлар алып кирилбесе, декларант бул жөнүндө толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтү аяктаганга чейин жазуу жүзүндө бажы органына кабарлоого милдеттүү.

8. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү товарларга карата декларанттын алып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдети убактылуу бажылык декларацияны же толук бажылык декларацияны бажы органы каттаган учурдан тартып пайда болот.

9. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү товарларга карата декларанттын алып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 80-беренесинин 2-пунктунда белгиленген учурларда токтотулат.

10. Товарларды өткөргүч куур транспорту менен алып кирүүдө алып кирүү алымдары, салыктары жеткирүүнүн ар бир календардык айынан мурунку айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен, убактылуу бажылык декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарга жараша төлөнөт. Бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн максаттары үчүн жеткирилүүчү айдан мурунку айдын он бешине карата колдонулган бажы алымдарынын жана салыктардын коюму колдонулат.

11. Жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн ташылып кирилген товарлар жөнүндө такталган маалыматтар бажы органына жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен берилет. Эгерде бажы алымдарынын жана салыктардын төлөнүүгө тийиш суммалары маалыматтарды тактоонун жыйынтыгында жогоруласа, суммаларды кошуп төлөө, бир эле убакта такталган маалыматтарды берүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Аталган учурда туум эсептелбейт.

12. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу ушул Мыйзамдын 42-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

13. Өткөргүч куур транспорту менен товарларды алып өтүүдө чектөөлөр убактылуу бажылык декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.

14. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү жаратылыш газын бажылык декларациялоодо анын санын жана сапатын ырастоо үчүн, мындай алып өтүүнү жүзөгө ашырууга негиз болгон тышкы соода келишимдеринин (контракттарынын) шарттарында аныкталган жерлерде жайгашкан эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн, товарларды иш жүзүндө жеткирүү жөнүндө актылар пайдаланылат.

### [173-берене. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды алып кирүүдө жана алып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-173)

1. Электр энергиясынын ташылып кирген, ташылып чыккан иш жүзүндөгү саны жана (же) анын ар бир календардык ай үчүн мамлекеттер аралык электр берүү линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы катарындагы сальдо-агымы декларацияланууга жатат. Бажылык декларацияда (бажылык декларацияларда) ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны ар бир календардык ай үчүн электр энергиясынын сальдо-агымы катары (электр тарамдарында электр энергиясынын жиберилүүсүндө болгон жоготуулардын чоңдугуна түзөтүлгөн чыңалуунун бардык класстарындагы электр берүүлөрдүн иштеп турган мамлекеттер аралык бардык линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы) же электр тарамдарындагы жоготууларга электр энергиясын жиберүүдө болгон чоңдукка түзөтүлгөн, өзүнчө иш жүзүндө ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 339-беренесинин 2-пунктуна ылайык энергетика тутумдарынын параллель иштөөсүнүн шарттарында, Бажы бирлигинин бажы аймагы аркылуу электр берүү линиялары боюнча электр энергиясын алып өтүүдө бажы органына берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмегин белгилейт.

3. Электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгарылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

## 33-глава. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алып кирүү жана алып чыгуу

### [174-берене. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн жана жабдууларды, камдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-174)

1. Эл аралык ташуулардын транспорттук каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасына ылайык жүзөгө ашырылат. Аба жана темир жол транспортуна карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан кетүүчү жерлерде эл аралык ташуунун транспорт каражаттарынын токтоп туруу узактыгы, эгерде ташуучу тарабынан Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса, ушул түрдөгү аба кемесин тейлөөнүн технологиялык графигинде же тиешелүү түрдө темир жол бекетинин ишинин технологиялык процессинде белгиленген убакыттан ашпашы керек.

2. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын оңдоо, техникалык тейлөө же пайдалануу үчүн арналган запастык бөлүктөр жана жабдуулар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетет. Алмаштыруунун натыйжасында эл аралык ташуунун транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүк жана жабдуу алар чыгарылып алынган эл аралык ташуунун транспорт каражаттары менен бир убакта Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетет. Мындай запастык бөлүктөр жана жабдуулар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн оңдоо жөнүндө маалыматтар эл аралык ташуунун транспорт каражатынын бажылык декларациясында көрсөтүлөт. Башка учурларда алмаштыруунун натыйжасында аралык ташуунун транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүктөрү жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 349-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацына ылайык ташылып кирет, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан реэкспорттун бажылык жол-жобосуна карата алып чыгуудагы бажы алымын төлөбөстөн алып чыгарылат.

3. Транспорт каражатын оңдоо, техникалык тейлөө жана жабдуу үчүн арналган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) жана алып чыгуунун бажылык жол-жобосу Кыргыз Республикасынын аймагына жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алмаштыруунун жыйынтыгында транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды же мурда убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) жана алып чыгуунун бажылык жол-жобосунда турган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды же болбосо аталган товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарууну же Бажы бирлигинин бажы аймагына алып кирүүнү карабаган башка бажылык жол-жобого жайгаштыруу менен аяктайт.

4. Транспорт каражаттарынын нормалдуу иштөөсүн жана техникалык тейлөөнү камсыздоо үчүн зарыл болгон камдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 50-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

### [175-берене. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттары катары шарттуу чыгарылган транспорт каражаттарын колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-175)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 279-беренесинин 5-пунктуна, 345-беренесинин 4-пунктуна ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) бажылык жол-жобосуна ылайык алып келинген транспорт каражаттарын, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелген башка транспорт каражаттарын, анын ичинде Бажы бирлигинин бажы аймагына эркин бажы зонасынын бажылык жол-жобосуна ылайык эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары катары киргизилген транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагынан убактылуу ташып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кайра алып киргизүү аркылуу колдонууга жол берилет.

2. Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, тазалоо жана коргоо же жүргүнчүлөрдү жана (же) кол жүктү тейлөө үчүн арналган атайын жабдууларга карата жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын оңдоодо, техникалык тейлөөдө жана колдонууда пайдаланууга арналган запастык бөлүктөргө карата, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарына жүргүзүлгөн оңдоонун алкагында алмаштыруунун натыйжасында алардан чыгарылып алынган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасынын жана ушул Мыйзамдын ушул главасынын жоболору колдонулат.

## 34-глава. Жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүнүн өзгөчөлүктөрү

### [176-берене. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүсү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-176)

1. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактардын товарларды алып өтүүсү жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге ылайык жеке жактардын товарларды алып чыгуусу жана алып кирүүсү үчүн кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

3. Бажы органдары жеке жактардын товарларды алып өтүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорт жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде түзүлгөн маалыматтык маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык стенддерди жабдуу жолу менен камсыздайт.

4. Коштолбогон багажда алынып өтүлүүчү же болбосо ташуучу жеткире турган жеке пайдалануу үчүн товарлардын бажылык декларациясын берүү мындай товарлар турган бажы органына жүргүзүлөт же болбосо мындай товарлар кайда жеткирилгендигине карабастан жеке жак дайыма же убактылуу жашаган региондогу бажы органына декларанттын тандоосу боюнча берилет.

5. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө негиз болуучу бажылык түшүрмө ордеринин бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.

## VI бөлүм. Бажы төлөмдөрү

## 35-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор

### [177-берене. Бажы төлөмдөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-177)

1. Бажы төлөмдөрүнө жана салыктарына төмөнкүлөр кирет:

1) алып келүүдөгү бажы алымы;

2) алып кетүүдөгү бажы алымы;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу кошумча нарк салыгы;

4) Бажы бирлигинин аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу (алына турган) акциз (акциздер);

5) бажы жыйымдары (товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн, бажы коштоосу үчүн бажы жыйымы, алдын ала чечим үчүн акы төлөө).

2. Бажы органдары алуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана, эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, алып келүүдөгү бажы алымдарын алуу үчүн ушул мыйзамда каралган тартипте, бажы ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.

3. Жеке пайдалануу үчүн жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата ушул бөлүм Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

### [178-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-178)

Декларант же Бажы бирлигинин Бажы кодексине, Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет жүктөлгөн башка адамдар бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп саналат.

### [179-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-179)

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 11-главага ылайык белгиленет.

2. Бажылык декларацияны берүү өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 194-беренесинин 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн бажылык декларацияны бергенге чейин же бажылык декларацияны берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.

### [180-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби жана анын формалары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-180)

1. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын кошпогондо, алып келүүдөгү бажы алымдары Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде аныкталган эсепке төлөнөт. Алып келүүдөгү бажы алымдары башка төлөмдөрдү төлөө эсептерине киргизилиши мүмкүн эмес.

2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнгөн алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын тейлөө Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эсепке алуу менен ушул Мыйзамдын 185-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды жана салыктарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.

5. Эгерде Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт. Өзгөчө учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кассасына төгүү жолу менен ишке ашырылат.

6. Бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү, туумдарды, пайыздарды, айыппулдарды төлөө ушул Мыйзамга ылайык накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүн бербестен, электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары - электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган түзүлүштөрдү колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган төлөм терминалдары аркылуу же банкоматтар тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

### [181-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-181)

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдети, эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын өлчөмү бажы төлөмдөрүнүн төлөөгө жаткан суммаларынан кем эмес сумманы түзсө, аткарылды деп төмөнкүдөй учурларда эсептелет:

1) төлөөчүнүн банктагы эсебинин акчалай каражаттары эсептеп чыгарылган, анын ичинде бажы төлөмдөрү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу төлөнгөн учурдан тартып;

2) бажы органынын кассасына накталай акча каражаттары төгүлгөн учурдан тартып же болбосо терминалдар, банкоматтар аркылуу бажы төлөмдөрү төлөнгөн учурдан тартып;

3) ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн сумманы бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө бажы органынын билдирүүсү алынган учурдан тартып;

4) бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү же акчалай күрөөнү бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө бажы органынын тескемеси алынган учурдан тартып;

5) банк, башка насыялык уюмдар же болбосо банк кепилдигине ылайык камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык кепилдөөчү төлөгөн бажы төлөмдөрүн, акчалай каражаттарды бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып;

6) ушул Мыйзамдын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке акча каражаттары киргизилген учурдан тартып, бажы төлөмдөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен өндүрүлгөн учурда:

а) бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын;

б) бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн күрөөдөгү мүлкүнүн.

2. Накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөдө товарларды чыгаруу максаттары үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдеттеринин аткарылышын ырастоо болуп ушул Мыйзамдын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке бажы төлөмдөрүнүн суммасынын келип түшүүсү саналат, ал эми ушул Мыйзамдын 180-беренесине ылайык электрондук терминалдарды, төлөм терминалдарын же банкоматтарды пайдалануу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөндө ушул Мыйзамын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттарды которууну ишке ашырууну ырастоочу документ болуп электрондук терминалдар, төлөм терминалдары же банкоматтар тарабынан түзүлгөн, анын ичинде электрондук түрдө түзүлгөн документ саналат. Көрсөтүлгөн документ түзүлгөн учурдан тартып бажы төлөмдөрүн төлөө максатында жүргүзүлгөн акча каражаттарын которуу кайра алынгыс болуп калат.

3. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата жеке жактар тарабынан бажы төлөмдөрү төлөнгөн деп Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте эсептелет.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 182-беренесинде, 251-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгүнүн ырастоосун жазуу түрүндө берүүгө милдеттүү, бирок бул ырастоо мындай талапка чейинки үч календардык жылдан ашпайт. Бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүнүн ырастоосунун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

### [182-берене. Ички керектөө үчүн шарттуу түрдө чыгарылган, Кыргыз Республикасында чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-182)

1. Ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында шарттуу түрдө чыгарылган товарларды сатып алуу үчүн Бажы бирлигинин товарларынын статусу талап кылынган учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө (Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчалары, 5-пункту), мындай төлөө декларант (анын укук мураскери) же мындай товарлар мыйзамдуу ээлигинде турган жак тарабынан төлөнөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөө ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды шарттуу чыгарууну жүргүзгөн бажы органына берген арыздарынын негизинде, товарларды шарттуу түрдө чыгаруу жүзөгө ашырылган бажылык декларациянын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө жүргүзүлгөн төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

3. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрү товарларды шарттуу чыгаруу жүргүзүлгөн бажылык декларацияда эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнгөн сумманын өлчөмүндө төлөнөт.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы алымдары Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алып кирүүдөгү бажы алымдарынын баалары боюнча эсептелген алып кирүүдөгү алымдардын суммасынын жана товарларды чыгарууда төлөнгөн алып кирүүдөгү алымдардын суммасынын айырмасы өлчөмүндө төлөнөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 180-беренесинде аныкталган эсепке төлөнүүгө тийиш.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар чегерилбейт жана төлөнбөйт.

### [183-берене. Пайыздарды төлөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-183)

1. Пайыздар төмөнкү учурларда төлөнөт:

1) бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 250-беренесинин 5-пунктунда, 251-беренесинин 3-пунктунда, 263-беренесинин 2-пунктунда, 276-беренесинин 2-пунктунда, 284-беренесинин 3-пунктунда жана 291-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда;

3) ушул Мыйзамдын 141-беренесинде каралган учурда.

2. Пайыздар төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:

1) бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар товарлар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер токтотулган күнгө чейин колдонууда болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмуна жараша өзгөртүлгөн төлөө мөөнөтүнүн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасына карата пайыздар чегерилет;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 250-беренесинин 5-пунктунда, 251-беренесинин 3-пунктунда, 263-беренесинин 2-пунктунда, 276-беренесинин 2-пунктунда, 284-беренесинин 3-пунктунда жана 291-беренесинин 2-пунктунда жана ушул Мыйзамдын 141-беренесинде каралган учурларда, пайыздар белгиленген мезгилде колдонууда болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмуна жараша бажы алымдарынан, салыктарынан алынууга тийиш болгон суммага карата чегерилет.

3. Пайыздар бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер токтотулган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.

4. Пайыздарды төлөө, өндүрүп алуу жана кайтарып берүү Бажы бирлигинин Бажы кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган тартипте, тиешелүү түрдө бажы алымдарын жана салыктарын төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарып алууга жараша ишке ашырылат.

## 36-глава. Товарлардын бажылык наркы

### [184-берене. Товарлардын бажылык наркын аныктоо, декларациялоо, контролдоо жана оңдоп-түзөтүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-184)

1. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарлардын наркын аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө аныктоо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлардын бажылык наркын аныктоо маселесин жөнгө салган, Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык, Бажы бирлигинин Бажы кодексинде белгиленген учурларда аны колдонуунун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу товарлардын бажылык наркын аныктоонун тартибин белгилейт.

3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлардын бажылык наркын аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө алардын бажылык наркын декларациялоо, контролдоо жана оңдоп түзөтүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 8-главага ылайык жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү товарлардын бажылык наркын декларациялоонун тартибин жана формаларын;

2) Бажы бирлигинин Бажы мыйзамдарында белгиленген учурларда товарлардын бажылык наркын аныктоодо Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө товарлардын бажылык наркын декларациялоонун формаларын жана аны толтуруунун эрежелерин;

3) алынып келинүүчү товарлардын партиясынын жалпы бажылык наркынын чоңдугун, мында товарлардын бажылык наркы товарлардын декларациясында бажы нарктын декларациясы толтурулбастан билдирилет;

4) товарларды сатып алуучуга берилүүчү максималдуу арзандатуунун пайызы;

5) товарлардын бажылык наркын оңдоп-түзөө жөнүндө бажы органдарынын чечимдерин жокко чыгаруунун тартиби.

5. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 68-беренесине ылайык товарлардын билдирилген бажылык наркын оңдоп-түзөтүү жөнүндө чечим, эгерде бажы органы же декларант тарабынан товарлар чыгарылганга чейин жана андан кийин товарлардын бажылык наркы жөнүндө анык эмес маалыматтар, анын ичинде товарлардын бажылык наркын аныктоонун туура эмес методу тандалганы жана (же) товарлардын бажылык наркы туура эмес аныкталганы табылган учурда бажы органы тарабынан кабыл алынат. Товарлардын билдирилген бажылык наркын оңдоп-түзөтүү жөнүндө чечим бажы органы тарабынан товарлар чыгарылганга чейин бажылык наркты контролдоону жүргүзүүдө жана кошумча текшерүү жүргүзбөстөн төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:

1) товарларды декларациялоодо билдирилген товарлардын бажылык наркынын чоңдугуна таасир берген маалыматтардын (сапаттык жана коммерциялык мүнөздөмөлөр, саны, касиеттери, чыккан жерлери, наркы жана башка маалыматтар) бажы контролун жүргүзүү процессинде бажы органы белгилеген иш жүзүндөгү маалыматтарга ылайык эместиги табылганда;

2) бажылык нарктын билдирилген чоңдугунун жана анын компоненттеринин аларды ырастоо үчүн берилген документтерге ылайык эместиги табылганда;

3) бажылык нарктын чоңдугуна таасир берген техникалык каталар табылганда (тамгалык каталар, арифметикалык каталар, валютанын туура эмес курсун колдонуу жана башка каталар).

6. Товардын бажылык наркынын декларант билдирген аныктоосунун тууралыгын ырастоочу маалыматтар жок болгондо, бажы органы товарды убактылуу (шарттуу) баалоонун негизинде эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу аркылуу ушул Мыйзамдын 199-беренесине ылайык товарды чыгарууну жүргүзүүгө укуктуу.

7. Товардын бажылык наркын аныктоого карата бажы органынын чечими менен декларант макул болбогон учурда бул чечим ушул Мыйзамда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

## 37-глава. Аванстык төлөмдөр

### [185-берене. Аванстык төлөмдөрдү төлөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-185)

1. Аванстык төлөмдөр деп алдыдагы алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын, бажы жыйымдарын төлөөнүн эсебинен төгүлгөн жана төлөөчү конкреттүү товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктарынын, бажы жыйымдарынын конкреттүү түрлөрү жана суммалары боюнча идентификацияланбаган акчалай каражаттар таанылат.

2. Аванстык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт.

3. Аванстык төлөмдөр катары төлөнгөн акчалай каражаттар аванстык төлөмдөрдү төккөн жактын мүлкү болуп эсептелет, аталган жак бул жөнүндө бажы органына тескеме бербесе же болбосо бажы органы өндүрүүнү аванстык төлөмдөргө чегергенге чейин алар бажы төлөмдөрү же болбосо акчалай күрөө катары каралышы мүмкүн эмес. Аванстык төлөмдөрдү төккөн жактын тескемеси катары ушул жактын же анын атынан башка жактын бажылык декларацияны, аванстык төлөмдөрдү кайтаруу жөнүндө арызды бериши же болбосо өзүнүн акча каражаттарын бажы төлөмдөрү же болбосо бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылуу катары пайдалануу ниети жөнүндө күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасагандыгы эсептелет.

4. Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу арызын кошпогондо, аванстык төлөмдөрдү төккөн жактын аларды пайдалануу жөнүндө тескемесинин негизинде, көрсөтүлгөн акча каражаттарын башкарууну жүзөгө ашырган бажы органы алардын түрлөрү жана суммалары боюнча бажы төлөмдөрүн же акчалай күрөө катары аванстык төлөмдөрдү идентификациялоону жүргүзөт.

5. Авансты төккөн жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажы органы көрсөтүлгөн жакка, мындай арызды алган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен аванстык төлөмдөр катары төгүлгөн акчалай каражаттарды чыгымдоо жөнүндө, бирок арыздан мурдагы үч жылдан ашпаган мезгил үчүн жазуу түрүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, аванстык төлөмдөр катары төгүлгөн акчалай каражатты чыгымдоо жөнүндө отчетто бажы төлөмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча көрсөтүлгөн жактын арызындагы мезгилдеги төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) арызда көрсөтүлгөн мезгил ичинде келип түшкөн аванстык төлөмдөрдүн, анын ичинде, эгерде төлөөчүнүн арызы боюнча, аванстык төлөмдөрдүн статусу ал мурда акчалай күрөө катары төккөн же болбосо ашыкча төлөнгөн же өндүрүлгөн бажы төлөмдөрү түрүн алган аванстык төлөмдөрдүн суммасы жөнүндө;

2) аванстык төлөмдөрдүн чыгымдалбаган калдыгынын эсебинен бажы алымдарын, салыктарын талашсыз өндүрүү ишке ашырылган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөгө, акчалай күрөөнү төгүүгө чыгымдалган аванстык төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө;

3) кайтарып берүү жөнүндө арыздардын жана кайтарып берүү жөнүндө чечимдердин реквизиттерин көрсөтүү менен, жакка кайтарылып берилген аванстык төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө.

6. Аванстык төлөмдөрдү төккөн жак бажы органынын отчетунун натыйжалары менен макул болбогон учурда, бул жактын акчалай каражатын чыгымдоону биргелешип салыштырып көрүү жүргүзүлөт. Мындай салыштырып көрүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган форма акт түрүндө таризделет. Акты эки нускада түзүлүп, бажы органы жана аванстык төлөмдөрдү төккөн адам тарабынан кол коюлат. Актынын бир нускасы ага кол коюлгандан кийин көрсөтүлгөн жакка тапшырылат.

### [186-берене. Аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-186)

Кайтарып берүүнүн (эсептешүүгө алуунун) тартиби, аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү жөнүндө арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

## 38-глава. Бажы жыйымдары

### [187-берене. Бажы жыйымдары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-187)

1. Бажы жыйымдары болуп бажы органдары тарабынан алар жүргүзгөн, товарды чыгарууга, товарларды бажылык коштоого, ошондой эле алдын ала кабыл алынган чечимдерге байланышкан аракеттерге алынуучу төлөмдөр эсептелет.

2. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби, формасы жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Бажы жыйымдарынын өлчөмү бажы органдарынын бажы жыйымы белгиленген иш-аракетинин чыгымдарынын болжолдуу наркынан ашпоого тийиш.

4. Бажы жыйымын төлөөчүлөр, бажы жыйымын төлөөнүн мөөнөттөрү, аларды эсептөөнүн, төлөөнүн, кайтарып берүүнүн (эсептешүүгө алуунун) жана өндүрүүнүн тартиби, ошондой эле бажы жыйымдары төлөөгө жатпаган учурлар ушул Мыйзам менен аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [188-берене. Товарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар жана алдын ала чечимди кабыл алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-188)

1. Товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар (мындан ары - бажы операциялары үчүн жыйымдар) төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:

а) товарга жана транспорт каражатына тандап алынган бажылык жол-жобого ылайык товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоодо;

б) бажы операцияларын жүргүзүүдө;

в) бажы органдары ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык алдын ала чечим кабыл алганда.

2. Товарлар катарында декларацияланган товарды жана транспорттук каражаттарды чыгарууга байланышкан аракеттерди жасоо үчүн бажы жыйымдары бажы операциялары үчүн бажылык нарктын 0,25 пайызы өлчөмүндө жана/же эсептик көрсөткүчтөр менен өндүрүп алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдарын төлөөнүн максималдуу жана/же минималдуу өлчөмү аныкталышы мүмкүн.

3. Товарларды жана транспорт каражаттарды декларациялоодо бажы операциялары үчүн төмөнкү учурларда жыйымдар төлөнбөйт:

1) бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарды чыгарууга байланышкан аракеттерди бекер жардам көрсөтүү (көмөк көрсөтүү) максатында жасоодо;

2) нумизматикалык максатта колдонууну кошпогондо, акциздик маркаларды жана валюталарды бажылык декларациялоодо;

3) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу билдирилгенде.

### [189-берене. Бажылык коштоого жыйым](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-189)

Товарга карата ыйгарым укукка ээ жактын же декларация берүүчүнүн арызы боюнча бажы органы бажылык коштоону, анын ичинде коштоонун электрондук каражатын колдонуу менен коштоону бере алат. Жүк ташыган ар бир транспорт каражатын бажылык коштоодо бажы жыйымы ар бир километр аралык үчүн эсептик көрсөткүчтүн ондон бири өлчөмүндө алынат.

## 39-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү

### [190-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-190)

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Мыйзамдагы 40-главада каралган тартипте бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу шартында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмүн төлөөнүн мөөнөтүн төмөнкүдөй өзгөртө алат:

1) отуз күнгө чейин;

2) ушул Мыйзамдын 191-беренесинде аныкталган негиздер болгон учурда бир жүз сексен күнгө чейин.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүү жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишим менен аныкталуучу шарттарда жана тартипте мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү формасында жүргүзүлөт.

3. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүү бажы төлөмдөрүнүн бир же бир канча түрү боюнча, ошондой эле, төлөөгө жаткан бардык суммага же анын бөлүгүнө карата берилиши мүмкүн.

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 432872 белгисинин алгачкы 249877 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/205436 барагында

Бул жерге толук кирбеген беренелер (Markdown):

- [190-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-190.md)
- [191-берене. Мөөнөттү кийинкиге жылдырууну жана бөлүп жиберүүнү берүү үчүн негиз](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-191.md)
- [192-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүүгө жол бербөөчү жагдайлар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-192.md)
- [193-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү бергендик үчүн пайыздар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-193.md)
- [194-берене. Мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же өткөрүп жиберүүнү бергендик үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-194.md)
- [195-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-195.md)
- [196-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-196.md)
- [197-берене. Мүлктү күрөөгө коюу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-197.md)
- [198-берене. Банк кепилдиги](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-198.md)
- [199-берене. Бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит)](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-199.md)
- [200-берене. Кепилдик алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-200.md)
- [2001-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары камсыздандыруу келишимин колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-2001.md)
- [201-берене. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы эрежелери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-201.md)
- [202-берене. Туум](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-202.md)
- [203-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-203.md)
- [204-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-204.md)
- [205-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-205.md)
- [206-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-206.md)
- [207-берене. Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-207.md)
- [208-берене. Бажы төлөмдөрүн которууга тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-208.md)
- [209-берене. Бажы төлөмдөрү боюнча үмүтсүз карыздарды жоюу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-209.md)
- [210-берене. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган төлөмдөрдү кайра кайтарып берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-210.md)
- [211-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтарып берүүнүн башка учурлары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-211.md)
- [212-берене. Депозитти кайра кайтарып берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-212.md)
- [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-213.md)
- [214-берене. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруу байланышкан бажы операциялары жүргүзүлүүчү тил](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-214.md)
- [215-берене. Товарлар менен жүк жагындагы жана башка операциялар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-215.md)
- [216-берене. Бажылык декларациялоого жатуучу товарлар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-216.md)
- [217-берене. Товарларды декларациялоочу жер](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-217.md)
- [218-берене. Товарларга декларацияны берүүнү жазуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-218.md)
- [219-берене. Товарларга электрондук формада берилген декларацияны күбөлөндүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-219.md)
- [220-берене. Товарларды декларациялоочу жактар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-220.md)
- [221-берене. Товарларга декларацияны берүүнүн мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-221.md)
- [222-берене. Товарларды декларациялоодо документтерди берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-222.md)
- [223-берене. Алдын ала декларациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-223.md)
- [224-берене. Толук эмес бажылык декларациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-224.md)
- [225-берене. Мезгилдүү бажылык декларациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-225.md)
- [226-берене. Убактылуу бажылык декларациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-226.md)
- [227-берене. Ажыратылган же куралбаган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү товарларды белгиленген мезгилдин аралыгында бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-227.md)
- [228-берене. Бир товардык партияда камтылган ар кандай аталыштагы товарларды бир классификациялык кодду көрсөтүү менен декларациялоонун өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-228.md)
- [229-берене. Бажылык өкүлдүн иш-аракети](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-229.md)
- [230-берене. Бажылык өкүлдүн ал өкүлдүк кылган жактан алган маалыматтарга карата мамилеси](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-230.md)
- [231-берене. Бажы операциялары боюнча адис](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-231.md)
- [232-берене. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-232.md)
- [233-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-233.md)
- [234-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-234.md)
- [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-235.md)
- [236-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларын, ачык аянттарын жана башка аймактарын ыӊгайлаштырууга жана жабдууга карата талаптар](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-236.md)
- [237-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жүргүзүүчү эсепке алуу жана отчет берүү системасы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-237.md)
- [238-берене. Товарларды чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-238.md)
- [239-берене. Товарлар чыгарылгандан кийин документтерди берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-239.md)
- [240-берене. Товарларды чыгаруунун мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-240.md)
- [241-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-241.md)
- [242-берене. Шарттуу чыгаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-242.md)
- [243-берене. Товарларды чыгаруудан баш тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-243.md)
- [244-берене. Бажы контролун жүргүзүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-244.md)
- [245-берене. Тобокелдиктерди башкаруу системасы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-245.md)
- [246-берене. Бажы контролунун аймактары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-246.md)
- [247-берене. Бажы контролун ишке ашыруунун мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-247.md)
- [248-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-248.md)
- [249-берене. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-249.md)
- [250-берене. Бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды банктар тарабынан берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-250.md)
- [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-251.md)
- [252-берене. Бажы контролун жүзөгө ашырууда техникалык каражаттарды пайдалануу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-252.md)
- [253-берене. Товарларды жана транспорттук каражаттарды, орун-жайларды жана башка жерлерди идентификациялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-253.md)
- [254-берене. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө, жарандык жана кылмыш-жазалык иштерди кароодо бажы контролунун натыйжаларын пайдалануу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-254.md)
- [255-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө бажылык экспертизалоо. Бажы контролун жүргүзүүдө адистердин жана эксперттердин катышуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-255.md)
- [256-берене. Бажы контролун жүргүзүүнүн формасы жана тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-256.md)
- [257-берене. Товарларды, транспорт каражаттарын кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-257.md)
- [258-берене. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-258.md)
- [259-берене. Бажы контролунда турган товарларды бажы органынын эсепке алуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-259.md)
- [260-берене. Товарларды эсепке алуу жана отчет системасын текшерүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-260.md)
- [261-берене. Бажылык текшерүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-261.md)
- [262-берене. Жерине барып бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн текшерилүүчү жактын объектисине бажы органынын кызмат адамдарынын кирүүсү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-262.md)
- [263-берене. Жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзүүдө товарларга камак салуунун, товарларды жана документтерди алып коюу тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-263.md)
- [264-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын статусу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-264.md)
- [265-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желеги жана эн белгиси](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-265.md)
- [266-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жери](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-266.md)
- [267-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-267.md)
- [268-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин мыйзамдардын талаптарын сактоосу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-268.md)
- [269-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мамлекеттик органдар, уюмдар менен өз ара аракеттешүүсү жана кызматташуусу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-269.md)
- [270-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусунун шарттары](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-270.md)
- [271-берене. Кара күчтү колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-271.md)
- [272-берене. Атайын каражаттарды колдонуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-272.md)
- [273-берене. Ок атма куралды алып жүрүү, сактоо жана пайдалануу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-273.md)
- [274-берене. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-274.md)
- [275-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш-аракетин финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-275.md)
- [276-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш-аракети жөнүндөгү маалыматтарды коргоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-276.md)
- [277-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүдө контролдоп жөнөтүүнүн өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-277.md)
- [278-берене. Контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырууда бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды алып коюу же алмаштыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-278.md)
- [279-берене. Товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-279.md)
- [280-берене. Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды тескөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-280.md)
- [281-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органынын мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды акысыз өткөрүп берүүгө укугу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-281.md)
- [282-берене. Администрациялык укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарларды жана бул товарларга документтерди кармоо](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-282.md)
- [283-берене. Мамлекеттик менчикке айландырылбаган товарларды тескөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-283.md)
- [284-берене. Товарларды сатуудан түшкөн акчалай каражаттарды тескөө](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-284.md)
- [285-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн тескөөнүн өзгөчөлүктөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-285.md)
- [286-берене. Даттанууга карата укук](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-286.md)
- [287-берене. Даттануу берүүнүн тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-287.md)
- [288-берене. Даттануу берүүнүн мөөнөтү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-288.md)
- [289-берене. Даттануу берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-289.md)
- [290-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-290.md)
- [291-берене. Даттануунун натыйжасы](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-291.md)
- [292-берене. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-292.md)
- [293-берене. Даттанууну кайра алуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-293.md)
- [294-берене. Даттанууну кароочу орган](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-294.md)
- [295-берене. Даттанууну кароонун мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-295.md)
- [296-берене. Даттануу боюнча чечим](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-296.md)
- [297-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга жана башка жактарга тийиштүү жагындагы өткөөл жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-297.md)
- [298-берене. Бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүнө тийиштүү жагындагы өткөөл жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-298.md)
- [299-берене. Товарлардын жана бажылык жол-жобосунун статусу жагындагы өткөөл жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-299.md)
- [300-берене. Товарларды эл аралык ташуунун транспорттук каражаттары жагындагы өткөөл жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-300.md)
- [301-берене. Автотранспорттук каражаттар жагындагы өткөөл жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-301.md)
- [302-берене. Жеке колдонуу үчүн автомобилдердин статусу жагындагы өткөөл жоболор](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-302.md)
- [303-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-303.md)
- [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205436/st-304.md)
