# КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5187/edition/610700/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205435

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 31-декабры № 183 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205435/st-1)

"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2013-жылдын 30-декабрындагы № 227) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-беренеде:

1-бөлүгүндө "93456123,7" жана "102899212,7" деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша "103325757,4" жана "114794628,1" деген сандарга алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "9443089,0" деген сандар "11468870,7" деген сандарга алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "9443089,0" деген сандар "11468870,7" деген сандарга алмаштырылсын.

2. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене.

1. 2014-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 4483479,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2013-жылга жана мурунку жылдарга тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө жумшалсын.

3. 481521,0 миң сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө жумшалсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 400000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.".

3. 9-берененин 1-бөлүгүндө "174784,2" деген сандар "185298,1" деген сандарга алмаштырылсын.

4. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга 1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6, 7, 8-тиркемелер ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6, 7, 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. 4-2, 4-3, 4-4-тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205435/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
