# КР 2015-жылдын 16-январы № 17 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 16-январы № 17 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5184/edition/610069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 16-январы № 17 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205432

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 16-январы № 17 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205432/st-1)

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205432/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 124-ст.);

- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-августундагы № 200 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 664-ст.);

- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 38 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 17-18).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
