1-берене
Күчүндө · 12.01.2015 редакциясы
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
статья "жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "озонду бузуучу заттарды калыбына келтирүү - озонду бузуучу заттардын керектөө касиеттерин калыбына келтирүү максатында чыпкалоо, кургатуу, дистилляциялоо, химиялык иштетүү жолу менен рекуперацияланган озонду бузуучу заттарды иштетүү;"; статья "парник газдары" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "озонду бузуучу заттарды керектөө - башка мамлекеттерге экспорттолуучу озонду бузуучу заттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон озонду бузуучу заттардын жалпы саны;"; статья "жаратылышты коргоо мыйзамдары" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "озонду бузуучу заттардын рекуперациясы - аларды техникалык жактан тейлөөнүн жүрүшүндө же аларды пайдалануудан чыгаруу алдында машиналарда жана жабдууларда, алардын курамдык бөлүктөрүндө, контейнерлерде камтылган озонду бузуучу заттарды чыгаруу, топтоо жана сактоо; кайра циркуляциялоо - аларды кайталап пайдалануу максатында озонду бузуучу заттарды иштетүү;"; статья "жаратылышты атайылап пайдалануу" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "озонду бузуучу заттарды жок кылуу - аларды бузулууга же озонду бузуучу заттар болуп саналбаган затка айланууга алып келүүчү озонду бузуучу заттардын бузулуу процесси.".
2. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны бул заттарды рекуперациялоосуз андан ары кайра циркуляциялоо жана жок кылуу үчүн өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу объекттеринде көмүүгө тыюу салынат.".
3. 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Атмосферанын озон катмарын чарбачылык жана башка иштин терс таасиринен коргоо максатында озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет, Кыргыз Республикасында алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жатат. Алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн жол берилген көлөмү, озонду бузуучу заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбачылык жана башка ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү.".
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205431/st-1" title="1-берене - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>