# 8-берене. Кагаз төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=1061963..1061965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 8-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-8

---

1. Кагаз төлөм документи формасы ченемдик укуктук актыларда белгиленген бланкта жол-жоболонот жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык маалыматтар жана маалым даректер;

2) кол тамга жана мөөрдүн оттиск үлгүлөрүнө ылайык, эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы жана алардын мөөрүнүн оттиски.

2. Банк төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, эгерде аны көрсөтүү мүмкүнчүлүгү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде түздөн-түз каралган учурда гана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка маалыматтардын төлөм документтеринде көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу.

3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептер боюнча аткарылбаган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кагаз төлөм документтерин кайтарым берүүдө, биринчи нускасынын арткы бетине кайтарып берүү себеби жөнүндө белги жасалат, кайтарып берүү датасы, банктын штампы, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол тамгасы коюлат.

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-9)
