# 7-берене. Төлөм инструменттери жана документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 7-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-7

---

1. Төлөм инструменти төлөм жана эсептешүү жасоо үчүн төлөм жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылат жана накталай эмес эсептешүүлөр формасын аныктайт.

2. Кагаз жүзүндө алып жүрүүчүдө документ түрүндө же электрондук төлөм документи түрүндө жол-жоболонгон төлөм документи төмөнкүлөрдү билдирет:

1) төлөөчүнүн (кардардын же банктын) өз эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине чегерүү жөнүндө тескемесин;

2) төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу менен гана, же банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде акча каражаттарын алуучу (өндүрүүчү) көрсөткөн эсепке чегерүү жөнүндө акча каражаттарын алуучунун (өндүрүүчүнүн) тескемесин;

3) накталай акча каражаттарына төгүмдөргө тескемесин (кулактандыруу), же акча каражаттарын берүүгө билдирмени.

3. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда накталай эмес эсептешүүлөрдүн төмөнкү формалары колдонулат:

1) төлөм тапшырмасы;

2) төлөм талабы;

3) аккредитив;

4) тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасы (кайра авторизацияланган);

5) инкассалык тапшырма;

6) эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек;

7) банктык төлөм картасы.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-61)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-8)
