# 61-берене. Төлөм уюмдары тарабынан электрондук акча чыгаруунун жана тындыруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=7548..31378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 61-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-61

---

1. Улуттук банктын электрондук акча чыгаруу укугуна кошумча лицензиясы болгондо төлөм уюму электрондук акча чыгарат. Электрондук акча чыгарууга лицензия Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берилет.

2. Төлөм уюму электрондук акчаны төлөм уюму тарабынан эмиссиялануучу электрондук акчанын суммасынан кем эмес суммада төлөм уюму тарабынан коммерциялык банктагы атайын эсебинде акча каражаттары алдын ала депонирленген шартта чыгарат.

3. Төлөм уюму ушул беренеде белгиленген электрондук акча чыгаруу шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана электрондук акча системасындагы эмиссияланган электрондук акчалардын суммасынын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын депонирленген суммасына шайкеш келишине контроль жүргүзөт. Кийин контролдоо функциялары да электрондук акча чыгаруунун эсебинде депонирленген сумманы сактоо жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде электрондук акча системасына онлайн-режимде жетүүнү берүү жолу менен атайын эсеп ачылган банкка берилет, бул келишимдик мамилелердин алкагында жана банктык мыйзамдардын талаптарында белгиленүүгө тийиш.

4. Төлөм уюму маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого жана электрондук акчаны чыгаруунун, жайылтуунун жана тындыруунун бардык этаптарында маалыматты үзгүлтүксүз коргоого тийиш.

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3 глава. Накталай эмес эсептешүүлөр формалары

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-6)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-7)
