4-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсептешүү (учурдагы) эсептерин пайдалануунун тартиби
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57
1. Банктар тиешелүү төлөм инструменттерин пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которууларды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырат.
2. Юридикалык/жеке жактар же жеке ишкерлер банкка кайрылган учурда банк банктык эсептешүү (учурдагы) эсеби келишимин жазуу жүзүндө түзөт жана мындай эсептерди ачуу үчүн банк тарабынан аныкталган шарттарда ага банктык эсептешүү (учурдагы) эсебин ачат.
3. Банк кардардын (эсеп ээсинин) эсептешүү (учурдагы) эсебине Улуттук банктын талаптарына ылайык, анын таандуулугун белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү номер ыйгарат.
4. Эсеп ээси (банктын кардары) өз эсебинде турган акча каражаттарын жеке өзү же болбосо ал ыйгарым укук берген адамдар аркылуу тескөөгө укуктуу.
5. Накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан эсеп ээсинин же ал ыйгарым укук берген адамдын тескемесинин негизинде жүргүзүлөт. Банктык эсеп келишиминде эсептеги акча каражаттарын электрондук байланыш каражаттары жана тескеменин ага ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгенин ырастаган өздүк кол тамгалардын, коддордун, паролдордун жана башка каражаттардын аналогдорун пайдалануу менен башка документтер менен тескөөгө алуу укугун ырастоо каралышы мүмкүн.
6. Кардар-төлөөчүнүн акча каражаттарын которуу боюнча төлөөчү-банкка тескеме жөнөтүү ыкмасы, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү жөнөтүүчү банктын кардары болуп саналбаса, анда тескемени көрсөтүү Улуттук банктын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Банк кардардын төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү жөнүндө төлөм документи келин түшкөн күнү аткарууга кабыл алууга жана банкка тиешелүү төлөм документи келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, же болбосо ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, төлөм документинде көрсөтүлгөн күнү акча каражаттарын кардардын тескемеси боюнча эсептен чегерет.
8. Банк кардардын накталай эмес төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин төмөнкү учурларда аткаруудан баш тартат:
1) эгерде түзүлгөн келишимде эсептешүүнү ошол формада жүргүзүү каралбаса;
2) эгерде келишимде банк тарабынан кардарга насыя берүү каралбаса, эсеп ээсинде каражаттардын жетиштүү суммасы жок болсо;
3) эгерде кардардын төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин аткаруу банктык мыйзам актыларын бузуу болуп саналса же болбосо кардардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камак коюлса;
4) эгерде төлөм документинин формасы жана мазмуну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, же болбосо төлөм документи түп нуска болуп саналбаса;
5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана аны талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл документтерди бербесе;
51) эгерде кардар алар тууралуу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же алар тууралуу Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде болсо;
6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эсеп ээсинин жана банктын ортосундагы келишимде каралса.
Төлөм жана эсептешүү жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, эгерде Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, банк кардардын тескемесин алгандан кийин кийинки банктык күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кардарга кабарлоого милдеттүү.
9. Акча каражаттарын акцептсиз эсептен чыгаруу (эсеп ээсинин макулдугусуз) мындай укук эсеп ээси менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде бекемделген учурда же болбосо соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
10. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр, төлөөчү-кардар жөнөтүүчү-банкка накталай акча каражаттарын салганда алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мындай эсептешүүлөр жеке ишкердикке байланыштуу болууга тийиш эмес.
11. Банкка бул банкта эсеби жок кардардын дарегине акча каражаттары келип түшкөн учурда, кардарды идентификациялоо шартында, акча каражаттары банк тарабынан накталай формада берилет.
12. Банктар эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн операциялар боюнча Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ар бир төлөм жана кардар боюнча эсепке алууну жүргүзөт.
(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>