# 311-берене. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 311-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-311

---

1. Кыргыз банкы төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:

1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган;

2) Кыргыз банкынын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген;

3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган;

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган.

2. Улуттук банк тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусу тарабынан алардын пайдалануучуларына көрсөтүүчү кызматтарына таасирин тийгизүүчү бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эскертүү жиберет жана/же чараларды көрөт.

3. (КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Айып салууга байланыштуу келип түшкөн каражаттар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жиберилет.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-31)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-32)
