30-берене. Банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57
1. Улуттук банк ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат жана банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат.
2. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн сактоо максатында, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:
1) системага карата жеткиликтүүлүк боюнча программалык каражаттарды камсыз кылууга;
2) коопсуздукка карата талаптарды белгилөөгө (маалыматтык, техникалык);
3) кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөгө;
4) акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр боюнча банктар аралык башка системалар менен өз ара иштөөгө карата талаптарды белгилөөгө;
5) финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында соода-сатык системаларына карата талаптарды белгилөөгө.
(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>