# 3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.04.2025 [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610); 24.04.2021 [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228); 01.03.2017 [Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111545)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=7548..31378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 3-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Банк Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат.

3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөө уюмунун банктык эсебинен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын -товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу, кайтарылгыс банктык кепилдиктерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча башка ыкмаларды камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн;

11) ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу жана тындыруу;

2) банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана банктык мыйзамдарда белгиленген банк операцияларынын башка тизмегин. Мында банк келишимдин чегинде агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

31. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү менен гана алектенүүгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык анын негизги ишин коштоочу же анын негизги иши камсыз кылуу үчүн зарыл башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Банк маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча, ошондой эле лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен төлөм системасынын, ушул процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү операцияларын жүзөгө ашырууга укуктуу.

4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Улуттук банкы аныктайт.

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат. Төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат.

5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 , 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-2)  
Кийинки берене: [3-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-3-1)
