# 29-берене. Улуттук банктын борбордук банктар жана эл аралык финансылык институттар менен мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=1061963..1061965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 29-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-29

---

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган учурларда, Улуттук банк эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда улуттук төлөм системасына жана эл аралык төлөм системалары менен интеграциялоого тиешелүү маселелерде республиканын кызыкчылыктарын билдирет.

2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фонду жана эл аралык башка финансы-кредиттик уюмдар менен улуттук төлөм системасы жана эл аралык төлөм системалары маселелери боюнча иштерди макулдашууну жана координациялоону жүргүзө алат.

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө турган, улуттук төлөм системаларын, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосундагы интеграциялоо маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүү менен алектенген кандай болбосун уюмдардын иштерине катыша алат.

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-30)
