# 23-берене. Төлөм системасынын катышуучулары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2021 [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228); 01.03.2017 [Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111545)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=1061963..1061965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 23-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-23

---

1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү финансы-кредиттик уюмдар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана алардын агенттери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналышат.

2. Катышуучу төлөм системасында оператору тарабынан ыйгарылган катышуучунун кайталангыс идентификациялык кодунун негизинде жана системанын оператору белгилеген эрежелери боюнча төлөм системасына катышуу критерийлерине ылайык келгенде төлөм системасында идентификацияланат.

3. Катышуучу системага катышуу жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгат.

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-24)
