# 22-берене. Электрондук акчалар менен эсептешүүлөр системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 22-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-22

---

1. Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ушул Мыйзамда аныкталбаган тартиби эсептешүүлөрдүн ушул формаларынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдеринин шарттарына жана системанын иш эрежелерине ылайык белгиленет.

2. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы электрондук акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу банктык жана башка институттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын түшүндүрөт. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун;

2) системанын катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор түрүндө ченемдик укуктук базанын болушун;

3) системанын катышуучуларынын электрондук акчаларды пайдалануусунун натыйжалуулугун (баасы боюнча жеткиликтүүлүгүн жана пайдалануудагы ыңгайлуулугун);

4) системада тобокелдиктерди минималдаштырууну.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-23)
