# 21-берене. Акча которуулар системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.04.2025 [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610); 24.04.2021 [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228); 01.03.2017 [Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111545)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=7548..31378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 21-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-21

---

1. Акча которуулар системасы боюнча өлкө ичиндеги сыяктуу эле мамлекеттик чек арадан өтүү менен да которуулар жүзөгө ашырылат. Система акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир акча которуу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү катышуучуларга камсыз кылууга тийиш.

2. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар (акчалай которуулар) банктар тарабынан системалардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичиндеги сыяктуу эле (локалдык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (эл аралык, трансчекаралык) өтүү менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. (КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Алуучу которулган акчаны банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүү жолу аркылуу алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуу системаларынын операторлору акча которууларды банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүнү камсыз кылат.

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-22)
