20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86
1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш.
2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) төлөм карталарынын эмитенттери тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган.
3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет.
Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Улуттук банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат.
31. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитацияланган) түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык процессинг борборлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Процессинг борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
Процессинг борборлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору менен бириктирүү (интеграциялоо) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептещүүлөр системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык төлөм системалары) пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларынын иштөөсү Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кандай болбосун системасын тандоодо жана кошулууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат.
41. Түрдүү төлөм системаларынын карталары менен жасалган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иш эрежелерине жана Улуттук банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан банктардын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынат.
6. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максаттарында система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин кароого тийиш:
1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү;
2) алдамчылык тобокелдиктерин жана системага санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү төмөндөтүү үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2024-жылдын 10-майындагы № 83, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 мая 2024 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>