# 19-берене. Клиринг негизинде чекене төлөмдөр системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2021 [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228); 01.03.2017 [Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111545)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=1061963..1061965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 19-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-19

---

1. Банктар аралык клиринг системасы чекене төлөм системасынын бир түрү болуп саналат жана банктардын жана алардын кардарларынын акыркы эсептөөлөрдүн токтоосуз жүргүзүлүшүн талап кылбаган чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн арналган. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде (көп тараптуу жана эки тараптуу таза көз караштарды эсептөө) жүзөгө ашырылат. Система чекене төлөмдөрдүн саны көбөйгөндө катышуучуларга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылат.

Улуттук банк же Улуттук банкынын чечими боюнча акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банк берген лицензиянын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде аракеттеген юридикалык жак (резидент) банктар аралык клиринг системасынын оператору болуп саналат.

2. Катышуучулардын төлөмдөрдү клиринг системасы аркылуу жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эки тараптуу жана ар тараптуу макулдашууларда жана келишимдерде белгиленет.

3. Банктар аралык клиринг системасында чекене төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система төмөнкүлөрдү аткарууну кошуп алганда, тобокелдиктерди башкаруунун механизмдерин карайт:

1) клирингдик системанын катышуучулары өз операциялары боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелердин ичинен эң ирисин жабуу үчүн жетиштүү болгон өтүмдүү резервдерди өздөрүндө түзүүгө тийиш;

2) клирингдик система кредиттик тобокелдикти жана өтүмдүүлүк тобокелдигин чектөөнүн ачык түзүлгөн жол-жоболоруна, ошондой эле бул тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларына ээ болууга тийиш;

3) Улуттук банк клирингдик системанын катышуучуларына алардын өтүмдүүлүк деңгээлин колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстарды бере алат, бирок алардын берилиши боюнча кепил болуп саналбайт. Катышуучулар мүмкүн болуучу финансылык тобокелдиктерди из алдынча баалоого жана клирингдик системада тобокелчилик операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш;

4) Улуттук банк банктар аралык клиринг системасы аркылуу жүргүзүлүүчү чекене төлөмдөрдүн максималдуу суммасынын өлчөмүн белгилей алат.

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-20)
