18-берене. Ири төлөмдөр системасы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57
1. Ири төлөмдөр системасы ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору) бүтүмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн арналган.
2. Ири төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик (учурдагы) эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен ар бир жеке төлөм боюнча токтоосуз жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат. Банктар акыркы эсептешүүлөрдү өз убагында жана кепилденген жүргүзүү үчүн Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебинде өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин кармап туруу үчүн жоопкерчилик тартышат.
3. Төлөмдөрдү жөнөтүү жана аны акыркы эсептөөнүн ортосундагы убакыт мезгилин кыскартуу максатында система системанын катышуучулары үчүн эсептешүүлөрдө өтүмдүүлүктү натыйжалуу башкаруунун механизмдерин карайт.
4. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин карайт:
1) төлөм системасынын катышуучусунун Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын кредиттик калдыктарынын чектеринде гана төлөмдөрдү жүргүзүүнү;
2) төлөмдөрдүн аткарылышынын кезектүүлүгү жана системанын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдүн кезектүүлүгүн башкарууну;
3) өтүмдүүлүктү башкарууну;
4) тобокелдиктерди башкаруунун башка механизмдерин.
5, Ири төлөмдөр системасында финансылык тобокелдиктерди башкаруунун тартиби, эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. (КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>