# 15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.04.2025 [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610); 24.04.2021 [Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=7548..31378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 15-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-15

---

1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат.

2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда - аяктаган болуп калат.

3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат.

4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет:

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда;

2) алуучу үчүн - алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине же электрондук капчыгына акча каражаттары чегерилген учурда.

5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет:

1) карта кармоочу үчүн: кайтарылгыс - аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда; акыркы - төлөм картасынын банк-эмитентинде карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда;

2) төлөм картасынын банк-эмитенти үчүн: кайтарылгыс - төлөм картасынын банк-эмитентинин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын чыгарган учурда; акыркы - эквайердин эсебине каражаттар чегерилген учурда;

3) эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган;

4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун банктык эсебине чегерилген учурда - аяктаган.

6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат.

7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат.

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-14)  
Кийинки берене: [15-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-15-1)
