# 15-1-берене. Санарип сомдор менен эсептешүүлөрдүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-15-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 15-1-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-15-1

---

1. Пайдалануучунун санариптик капчыгынан санарип сомдорду которуу боюнча операция алуучунун санариптик капчыгына санарип сомдор чегерилген учурда аяктайт.

2. Санарип сомдорду пайдалануу менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча милдеттенме алар пайдалануучунун санариптик капчыгынан эсептен чыгарылган жана каражаттарды алуучунун санариптик капчыгына/эсебине чегерилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Оффлайн-төлөмдөрдүн аякташы эки этапта болот:

1) локалдык аяктоо (алдын ала аяктоо): каражаттар бир оффлайн-санариптик капчыктын эсебинен чыгарылып, башкасына чегерилген учурда транзакция түзүлүштүн деңгээлинде аяктады деп эсептелет. Бул эки түзүлүштүн ортосунда оффлайн-транзакция жүргүзүлгөн учурда болот;

2) финалдык аяктоо: аяктоо санарип сом платформасында транзакция катталгандан кийин анын толук бүткөндүгүн ырастайт.

Транзакция санариптик капчыктын түзүлүшүнүн же башка санариптик алып жүрүүчүнүн эс тутумунда жазылат жана санарип сом платформасынын оператору менен синхрондоштурууну күтөт. (КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-15)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-16)
