15-1-берене. Санарип сомдор менен эсептешүүлөрдүн аякташы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Пайдалануучунун санариптик капчыгынан санарип сомдорду которуу боюнча операция алуучунун санариптик капчыгына санарип сомдор чегерилген учурда аяктайт.
2. Санарип сомдорду пайдалануу менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча милдеттенме алар пайдалануучунун санариптик капчыгынан эсептен чыгарылган жана каражаттарды алуучунун санариптик капчыгына/эсебине чегерилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.
3. Оффлайн-төлөмдөрдүн аякташы эки этапта болот:
1) локалдык аяктоо (алдын ала аяктоо): каражаттар бир оффлайн-санариптик капчыктын эсебинен чыгарылып, башкасына чегерилген учурда транзакция түзүлүштүн деңгээлинде аяктады деп эсептелет. Бул эки түзүлүштүн ортосунда оффлайн-транзакция жүргүзүлгөн учурда болот;
2) финалдык аяктоо: аяктоо санарип сом платформасында транзакция катталгандан кийин анын толук бүткөндүгүн ырастайт.
Транзакция санариптик капчыктын түзүлүшүнүн же башка санариптик алып жүрүүчүнүн эс тутумунда жазылат жана санарип сом платформасынын оператору менен синхрондоштурууну күтөт. (КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-15-1" title="15-1-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>