14-берене. Төлөм документтерин башка электрондук каражаттар аркылуу берүү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 марта 2017 года № 38
1. Анын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө кардардын тескемесин банкка берүү реалдуу убакыт режиминде Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдүү банкинг аркылуу банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимде кардар тарабынан банк эсеби боюнча төмөнкү операцияларды жүргүзүү шарттары аныкталууга тийиш:
1) эсептеги калдыктар/түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды талап кылуу жана алуу;
2) эсеп боюнча акыркы транзакциялар жөнүндө көчүрмө;
3) эсептен эсепке төлөмдөр (бир банктагы эсептер боюнча жана ар түрдүү банктардагы эсептер боюнча);
4) накталай акча каражаттарын топтоо жана берүү боюнча банктын агенттик түйүнү аркылуу (соода, кызмат көрсөтүү ишканалары, банктык эмес уюмдар) эсептен накталай алуу же эсепке накталай төгүмдөр;
5) персоналдык идентификациялык коддордун өзгөрүшү;
6) акча которуулар;
7) ченемдик укуктук актыларга жана системанын иш эрежелерине карама-каршы келбеген операциялардын башка түрлөрү.
2. Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдүү банкинг жана башка электрондук каражаттар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштамасы боюнча банк менен кардардын ортосундагы келишимге карата талаптар төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
1) кардарды банк системасында милдеттүү каттоо жана өз ара байланыштуу маалым даректер боюнча (банктын мобилдүү банкинг системасындагы "кардар - кардардын эсеби - кардардын телефон номери") кардардын идентификацияланышы;
2) мобилдүү телефонду жана башка төлөм инструменттерин пайдалануу менен билдирүүлөрдү алмашуу аркылуу банк менен кардардын өз ара аракеттенүүсүндө кардардын эсебинин номери билдирүүлөр форматында берилишине жол бербөө;
3) кардарга персоналдык идентификациялык кодду ыйгаруу аркылуу көп деңгээлдүү коргоого алууну кошуп алганда, финансылык маалыматтарды берүүнүн коопсуздугун жана купуялуулугун, ар түрдүү маалыматтарды иштен чыгуу боюнча коддорду макулдашууну жана операциялардын түрлөрү боюнча ар бир этап боюнча ырастоолор коддорун камсыз кылуу;
4) башка шарттар.
3. Интернет-банкингин, үй банкингин, мобилдүү банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу банктарда ачылган эсептерди башкаруу үчүн колдонулат. Мобилдүү банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк менен төлөм системасынын оператору жана/же кызмат көрсөтүүчүлөрдү берүүчүлөр менен келишими бар төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Интернет банкингин, үй банкингин, мобилдүү банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздукту, ишенимдүүлүктү жана алдамчылыктын тобокелдигин төмөндөтүүнү камсыз кылуу маселелери төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) жана контролдоо чөйрөсүнө кирет.
(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>