# 131-берене. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (төлөм QR-кодун) пайдалануу менен эсептөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425#diff=7548..31378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205425/edition/1061962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205425/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө, 131-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-131

---

1. Төлөм системасынын катышуучулары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөм QR-кодун пайдалануу менен оператор/өз ара аракеттенүү операторлору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө тийиш.

2. Кандай болбосун туташууларда төлөм QR-кодун жана төлөм шилтемелерин пайдалануу финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин КМС 1348:2019 улуттук стандартынын талаптарына толугу менен шайкеш келүүгө тийиш.

3. Өз ара аракеттенүү операторлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу, ошондой эле төлөм ӨК-кодун пайдалануу менен төлөм жүргүзүү жана акча каражаттары төлөөчүдөн акыркы алуучуга түшүүсү үчүн бири-бири жана өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграцияланууга жана өз ара аракеттенүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-13)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205425/st-14)
