13-берене. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86
1. Төлөм картасы карта кармоочу менен төлөм карталарынын эмитентинин ортосундагы келишимге ылайык төлөм карталарынын банк-эмитентине ачылган банк эсебинде турган акча каражаттарын анын кармоочусу тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине жетүү каражаты болуп саналат.
2. Төлөм картасын пайдалануу менен банк эсебинен накталай акча каражаттарын алуу системаларынын эрежелерине жана карта кармоочу менен төлөм карталарынын банк-эмитентинин ортосундагы келишимге ылайык, карта кармоочулар тарабынан банктын кассасы жана перифериялык жабдуулар аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр карта кармоочу тарабынан төмөнкү чектерде жүргүзүлөт:
1) банк эсебинде турган өздүк акча каражаттарынын калдыгынын же банк менен кардар ортосундагы макулдашылган каражаттардын белгиленген лимитинин (дебеттик карга же төлөө мөөнөтү жылдырылган дебеттик карталар);
2) банк эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинде же жоктугунда (овердрафты менен дебеттик карта) банктык эсеп келишимине ылайык төлөм карталарынын эмитенти сунуштаган кредиттин;
3) кредиттик линиялардын (кредиттик карта).
4. Банктык төлөм карталарын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдалануу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүзөгө ашырылат жана улуттук система боюнча, локалдык жана эл аралык төлөм системалары боюнча Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Төлөм карталарын чыгаруу боюнча (эмиссия) жана/же соода-сервистик ишканалар менен келишимдердин негизинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча перифериялык жабдуулар түйүндөрүнө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө иши (эквайринг) Улуттук банкынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо банктар жүзөгө ашырышы мүмкүн. Эквайрингди Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка уюмдар жүзөгө ашыра алышат.
6. Жеке жана юридикалык жактарга карталарды берүү төлөм карталарынын эмитентинин ички эрежелерине ылайык эсеп ээлери менен келишим же болбосо тейлөөнүн стандарттык шарттарына жараша башка банктык документ түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларды чагылдыруу карта кармоочунун банктык эсеби боюнча жүзөгө ашырылат.
7. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары системалардын эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы келишимдерге ылайык банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө кепилдик беришет.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2024-жылдын 10-майындагы № 83, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 мая 2024 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>