# 9-берене. Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун эрежелери

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112516)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424#diff=1278730..1278731>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 9-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-9

---

1. Жогорку жана төмөнкү фитосанитардык тобокелдиги бар, карантинге алынуучу, карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык келген өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган атайын жабдылган пункттарда ишке ашырылат.

2. Импортер өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык келүүчү фитосанитардык тастыктамасы бар болгондо, карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга жол берилет.

3. Фитосанитардык карантиндик контроль ишке ашырылгандан кийин гана карантинге алынуучу жүктөргө бажылык документтер таризделет.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жана өзгөчө карантиндик зоналардын чегинен өткөрүлүп жаткан бардык карантинге алынуучу өндүрүм жана объекттер кайсы өлкөдө чыгарылганына карабастан, бирдей шарттамдарда фитосанитардык карантиндик контролдон өтүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй учурларда карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизе алат:

чет мамлекеттин бүткүл аймагында же аймагынын бир бөлүгүндө, чет мамлекеттердин тобунун аймактарында карантиндик объекттердин очогу чыкканы жөнүндө маалымат болсо; карантинге алынуучу өндүрүмдүн партияларында карантиндик объекттер дайыма табылган болсо.

6. Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюу жөнүндө чечим алынып кирүүчү карантиндик өндүрүмгө карата кошумча карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

мындай чектөөнү колдонуу мөөнөтү; тийиштүү чечимдин күчүнө кирүү мөөнөтү.

7. Чечим убактылуу чектөө киргизүүнүн себеби жоюлганга чейин белгисиз мөөнөткө кабыл алынышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-10)
