# 7-берене. Фитосанитардык тобокелдикти талдоо

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112516)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424#diff=1278730..1278731>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 7-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-7

---

Фитосанитардык тобокелдикти талдоо бул тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды колдонуунун объективдүүлүк, ишенимдүүлүк жана натыйжалуулук принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишке ашырылат. Фитосанитардык тобокелдикти талдоонун жыйынтыгы төмөнкүлөргө негиз болот: карантиндик фитосанитардык талаптарды иштеп чыгууга; карантиндик фитосанитардык шарттамды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга; карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюуга жана (же) Кыргыз Республикасына ташып кирүүчү карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик фитосанитардык талаптарды белгилөөгө; Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашырууга; Өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылары менен бекитилүүчү карантиндик объекттердин жана карантиндик фитосанитардык талаптардын тизмегин түзүүгө. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-8)
