7-берене. Фитосанитардык тобокелдикти талдоо
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29
Фитосанитардык тобокелдикти талдоо бул тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды колдонуунун объективдүүлүк, ишенимдүүлүк жана натыйжалуулук принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишке ашырылат. Фитосанитардык тобокелдикти талдоонун жыйынтыгы төмөнкүлөргө негиз болот: карантиндик фитосанитардык талаптарды иштеп чыгууга; карантиндик фитосанитардык шарттамды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга; карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюуга жана (же) Кыргыз Республикасына ташып кирүүчү карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик фитосанитардык талаптарды белгилөөгө; Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашырууга; Өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылары менен бекитилүүчү карантиндик объекттердин жана карантиндик фитосанитардык талаптардын тизмегин түзүүгө. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…натыйжалуулук принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишке ашырылат. Фитосанитардык тобокелдикти … карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашырууга;
кошулду: Өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү бекитүүчү кошулду: эл аралык келишимдери жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылары менен бекитилүүчү карантиндик объекттердин жана карантиндик фитосанитардык талаптардын тизмегин түзүүгө.
кошулду: (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205424/st-7" title="7-берене - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>