# 5-берене. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык ардык контроль (көзөмөл)

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112516)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424#diff=1278731..1278732>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 5-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-5

---

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) өсүмдүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген кесепеттерин четтетүүгө, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга коргоону камсыз кылууга, карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген залалды четтетүүгө, импортер өлкөлөрдүн карантиндик фитосанитардык талаптарын сактоого багытталган.

2. Карантинге алынуучу өндүрүмдү мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында; карантинге алынуучу объектти - карантинге алынуучу өндүрүмдү сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка жерлерде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) төмөнкүлөрдү камтыган иш-чараларды өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылат:

карантинге алынуучу өндүрүмдүн абалынын карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин аныктоо максатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандап алуу менен транспорт каражатын жана карантинге алынган өндүрүмдү көрүү чыгуу, карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо; карантиндик фитосанитардык чөлкөмдөрдөн чет мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди, ошондой эле унаа каражаттарын карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууну уюштуруу; карантинге алынуучу объекттерде карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү өткөрүү.

4. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) уюштуруу жана жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-6)
