# 15-берене. Жарандардын, юридикалык жактардын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы милдеттери

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112516)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424#diff=1278730..1278731>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 15-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-15

---

1. Менчигинде, ээлигинде, пайдалануусунда, ижарага алуусунда карантинге алынуучу объекттер болгон же карантинге алынуучу өндүрүмдү өндүрүүнү (анын ичинде кайра иштетүүнү), ташып кирүүнү, ташып чыгууну, сактоону, ташууну жана сатууну ишке ашырган жарандар, юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

карантиндик фитосанитардык талаптарды аткарууга; карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди жеткирүү жөнүндө өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына кабарлоого; мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга; карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди сактоо үчүн карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайыктуу жайды бөлүп берүүгө; карантинге алынуучу өндүрүм, башка карантинге алынуучу объекттер бар унаа каражаттарын жана контейнерлерди бара жаткан жолунда, ошондой эле ал үчүн арналбаган жерлерде тазалоого жол бербөөгө; өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду жүзөгө ашырганга чейин карантинге алынуучу өндүрүмдүн, карантинге алынуучу объекттердин талаптагыдай сакталышын камсыз кылууга; карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууну, тазалоону, дегазациялоону жүргүзүү үчүн унаа каражаттарын, атайын жабдылган аянттарды, жайларды бөлүп берүүгө; карантинге алынуучу өндүрүмгө, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик объекттердин жугуп калуу белгилери табылгандыгы тууралуу өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте кабарлоого; карантинге алынуучу өндүрүмдү ташууда аны жоготуп коюу мүмкүнчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттерден оору жугуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай чараларды көрүү аркылуу ишке ашырууга; өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жазма буйруктарын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга; карантиндик объекттерди табуу жана аларга каршы күрөшүү максатында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө; карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жана карантинге алынуучу өндүрүмдү кармоо, кайтарып берүү жана жок кылуу боюнча сарптоолорго акы төлөөгө; Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарына, өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу эрежелерине жана ченемдерине ылайык башка милдеттерди аткарууга. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-16)
