# 13-берене. Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтыгы

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 13-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-13

---

1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күнүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык кызматташтык төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:

чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдары менен карантиндик фитосанитардык коопсуздук жөнүндө зарыл маалыматтарды алмашуу; чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына карантинге алынуучу өндүрүмгө коюлуучу талаптар жана карантинге алынуучу өндүрүмгө карата белгиленген чектөөлөр тууралуу кабарлоо; чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына Кыргыз Республикасына алып келинген карантинге алынуучу өндүрүмдүн Кыргыз Республикасынын карантиндик жана фитосанитардык талаптарына ылайык эместиги жөнүндө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган карантинге алынуучу өндүрүмдүн чет мамлекеттердин карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп бербеген учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө кабарлоо.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-14)
