# 11-берене. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 11-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-11

---

1. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу жөнүндө көрсөтмө берилгенде; эгерде карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик объекттер жугуп калса, карантинге алынуучу өндүрүмдүн менчик ээси карантиндик фитосанитардык чара катары ушул жол-жобону тандап алганда.

2. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууга аны жүргүзүүчү жерде адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу келтирилбегендей ыкмалар менен жүргүзүү үчүн шарттар камсыз кылынганда гана жол берилет.

3. Көрсөтүлгөн зыянсыздандыруу боюнча ишти аткаруунун сапатын камсыз кылуучу карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу усулдарына жана ыкмаларына талаптар, алардын натыйжаларын тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарына ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-12)
