# 10-берене. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөр

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-январындагы № 02 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112516)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424#diff=1278730..1278731>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5176/edition/1278729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205424/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 10-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-10

---

1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөр карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик объектилер жугуп калган белгилери бар же жок экендигин аныктоо максатында карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн изилдөөгө алат.

2. Өсүмдүктөрдүн карантини жагынан лабораториялык изилдөөлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

карантинге алынуучу өндүрүмдүн абалы карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык экендигин аныктоодо; Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүүдө; фитосанитардык тастыктама берүүдө; карантиндик тастыктама берүүдө; карантинге алынуучу объектилерге карантиндик фитосанитардык текшерүүнү жүргүзүүдө; илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө; карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасынын аймагында ташууда же аны карантиндик объектилери жок зоналардан ташып чыгууда.

3. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториялары жүргүзөт.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205424/st-11)
