# КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5170/edition/1119962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205406

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЫЙЗАМ 2014-жылдын 31-декабры № 185 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205406/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 224-берененин 5-пункту «материалдык ресурстардын беримдерин жүзөгө ашыруучу,» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле товар алмашуу (бартердик) онерациясын жүргүзүү жолу менен төлөөнү жүзөгө ашыруучу» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 270-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2.- берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2014-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылары белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
