# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205397)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5163/edition/691588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205397/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө, 6-берене (30.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-6

---

1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2015-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-7)
