6-берене
Күчүндө · 30.12.2015 редакциясы
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2015-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
Берененин тексти 30.12.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205397/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>