# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205397)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2015
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2015 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2015 год и прогнозе на 2016-2017 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111276)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.12.2015 [Закон КР от 30 декабря 2015 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2015 год и прогнозе на 2016-2017 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111276); 11.07.2015 [Закон КР от 11 июля 2015 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2015 год и прогнозе на 2016-2017 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111194)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205397#diff=691589..691590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5163/edition/691588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205397/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (30.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-5

---

1. 2015-2017-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5845240,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен, алар 2014-жылга бекитилген тизмедеги курулуш объекттерин аяктоого багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 574800,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2015-жылы 730000,0 миң сом, 2016-жылы - 250000,0 миң сом, 2017-жылы - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.

(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-6)
