# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205397)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2015
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2015 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2015 год и прогнозе на 2016-2017 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111194)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205397#diff=691588..691589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5163/edition/691588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205397/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (30.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1349203,4 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.

4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. (КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205397/st-13)
