10-берене
Күчүндө · 30.12.2015 редакциясы
1. 2015-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, нефтини, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан жери) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммаларынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
Берененин тексти 30.12.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205397/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>