# 8-берене. Жаныбарлардын ээлеринин жана мал чарбачылыгынын азыктарын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн жактардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 8-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-8

---

1. Менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, жаныбарлардын, жаныбарлардан алынган азыктар менен чийки заттардын ээлери болуп саналган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз убагында жана сапаттуу ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;

2) жаныбарлардын жугуштуу илдеттерине каршы диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;

3) ветеринардык врачтардан мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүүнүн, даярдоонун, кайра иштетүүнүн, ташуунун жана сатуунун ветеринардык-санитардык коопсуздугуна байланышкан консультацияларды алууга.

2. Жаныбарлардын ээлери жана мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ветеринардык мыйзамдарда каралган ветеринардык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди аткарууга;

2) жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алууну жана жаныбарлардан алынган продуктулардын жана чийки заттардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуучу чарбалык жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;

3) жаныбарларды багуу, жаныбарлардан алынган продуктуларды, чийки затты кайра иштетүү, сактоо жана сатуу менен байланышкан объекттерди жайлаштырууда, курууда, пайдаланууда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого;

4) жаңы сатып алынган жаныбарлар жөнүндө жана алынган төл тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого;

5) жаныбарлардын кырылышы, союлушу, бала салуусу жөнүндө, бир эле учурда бир нече жаныбардын ылаңдап калуусу тууралуу же алардын демейдегиден башкача кыймыл-аракети тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого жана ветеринардык врач кел-генге чейин аларды бөлүп кармоону камсыз кылууга;

6) жаныбарларды кароону жүргүзүүгө, диагностикалык изилдөөлөр жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жаныбарлардан патологиялык жана башка материалдардын үлгүсүн алууга ветеринардык врачка тоскоолдук кылбоого;

7) жугуштуу ылаңдарга каршы жаныбарларга милдеттүү түрдө эмдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу ветеринардык врачтардын талаптарын аткарууга;

8) ветеринардык-коштоочу документтери болгондо гана жаныбарларды ташууну жана сатууну, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну жана сатууну жүзөгө ашырууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте малды союунун, союлган малдын этин же башка продуктуларын сатуунун технологиялык жана ветеринардык эрежелерин сактоого;

10) үйдө союлган жаныбарлардын этин базарларда жана соода түйүндөрүндө сатууга жол бербөөгө;

11) өзгөчө коркунучтуу ылаңдар менен ооруган жаныбарлардын бүкүлү этин, өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн жана союлган малдын башка продуктуларын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүүгө;

12) жаныбарларды дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн ветеринардык практикага укугу бар адамдарга гана жол берүүгө.

3. Жаныбарлардын ден соолугу, багылышы жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти - алардын ээлери, ал эми мал чарбачылыгынын чийки заттарынын жана продуктуларынын ветеринардык-санитардык жактан коопсуздугу үчүн аларды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан ишкердик кылган адамдар тартат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-9)
