# 7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278750..1278751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 7-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-7

---

1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болуу же табылуу коркунучу учурунда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында карантиндик же башка чектөө чараларын белгилейт же алып салат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн которулган каражаттардын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат жана карантиндик жана башка чектөөчү чараларды жүргүзүүдө уюштуруучулук жана чарбачылык иш үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкактарында ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш-чараларды аткарууну камсыз кылат.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында табылган оорулуу жаныбарларды жок кылууну жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-8)
