# 6-берене. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224); 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 24.05.2017 [Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 6-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-6

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларга диагноз коюу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;

3) ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тизмеге ылайык ветеринардык практикага укугу бар жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде берүү;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин аныктоо;

5) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары пайда болгондо карантинди жана башка чектөө чараларын киргизүүнүн, алып салуунун тартибин аныктоо;

6) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын алдын алуу, диагноз коюу жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын аймагын башка мамлекеттерден жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын алып келинишинен жана таркап кетүүсүнөн сактоо;

8) ветеринардык дары каражаттарынын республикалык корун түзүүнүн, пайдалануунун жана эсептен чыгаруунун тартиби менен ченемдерин иштеп чыгуу;

9) эл аралык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын бирдей экендигин таануу;

10) жаныбарлардын ылаңдарынын алып келинишинин жана алардын жайылып кетишинин коркунучу пайда болгон учурда контролдонуучу товарлар менен жүктөрдү ташып келүүгө жана ташып чыгарууга убактылуу чектөөчү чараларды киргизүү;

11) эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, кызыкдар болгон министрликтер менен ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга маалымдоо;

12) аймактарды ветеринардык зоналаштыруу, ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү;

13) ветеринария жаатындагы техникалык регламенттерди, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды иштеп чыгуу;

14) ветеринардык милдеттер үчүн ветеринардык дары каражаттарынын резервдик фондун түзүү, анын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 ) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-7)
