# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ветеринария жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 24.05.2017 [Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278753..1278754>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 5-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ветеринария жаатында компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик программаларды бекитүү, ишке ашыруу жана аларды каржылоо;

3) ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;

4) техникалык регламенттерди, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү;

5) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча алдын алуу, диагноз коюу жана жоюу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылуучу жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү;

6) ветеринария жаатында чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу;

7) ветеринардык практиканы жөнгө салуу жаатындагы эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бекитүү.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-6)
