# 30-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын жоопкерчилиги

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224); 24.05.2017 [Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 30-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-30

---

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адамдар жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган, ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузган, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон фактыларды жана алардын пайда болуу жана таркап кетүү коркунучун түзгөн жагдайларды жашырган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө, кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын мыйзамсыз аракеттеринин же аракетсиздигинин кесепетинен келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.

3. Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-31)
