# 3-берене. Ветеринария жаатындагы негизги милдеттер

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 3-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-3

---

Ветеринария жаатындагы негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жаныбарлардын жана адамдардын жалпы илдеттеринен калктын ден соолугун сактоо;

2) жаныбарлардын ден соолугун ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу;

3) Кыргыз Республикасынын аймагын алып келинген жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын таралып кетүүсүнөн сактоо;

4) жаныбардан жана өсүмдүктөн алынган продуктулардын, чийки заттардын, ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугун контролдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрүү;

5) диагностиканын заманбап, илимий жактан негизделген усулдарын иштеп чыгуу жана пайдалануу жана жаныбарлардын ылаңдарына каршы күрөшүү;

6) эпизоотияга каршы иш-чараларды өз убагында жүргүзүү;

7) ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-4)
