# 29-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ветеринария субъекттеринин жоопкерчилиги

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 29-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-29

---

1. Жаныбарлардын ээлери төмөнкүлөр үчүн жарандык, администрациялык, жазык жоопкерчилигин тартат:

1) жаныбарларды күтүү жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы;

2) диагностикалык жана иммундук алдын алуу иш чараларынан баш тарткандыгы;

3) ветеринардык практикага укугу жок жактарга жаныбарларды алдын ала эмдөөгө жана дарылоого бергендиги;

4) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын башка талаптарын бузгандыгы.

2. Жаныбарларды, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар менен чийки заттарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана сатууда ветеринардык-санитардык талаптар бузулгандыгы үчүн жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги каралат.

3. Ветеринардык лабораториялар жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн аныктыгы жана объективдүүлүгү жана корутундуларды бергендиги үчүн жоопкер болот.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-30)
