# 28-берене. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын жайылып кетүүсүн четтетүү жана аларды контролдоо боюнча ветеринардык-санитардык чараларды каржылоо

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 28-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-28

---

1. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын жайылып кетүүсүнүн четтетүү жана аларды контролдоо боюнча диагностикалык, иммундук алдын алуу жана башка эпизоотияга каршы иш чараларды каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегине киргизилген ылаңдарга каршы диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ветеринардык дары каражаттарды сатып алуу, анын ичинде аларды жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегине кирбеген ылаңдарга каршы жаныбарларды иммундук эмдөө үчүн ветеринардык дары каражаттарын сатып алуу жаныбарлардын ээлеринин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Карантиндик жана башка чектөө чараларын каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-29)
